Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

«Айсултандын арбагы Назарбаевдерди тынч уктатпайт»


Нурсултан Назарбаев президент кезинде аялы Сара, небереси Айсултан (оңдо) менен оюн-зоок борборун ачуу маалында.  Алматы, 1997-жыл.​
Нурсултан Назарбаев президент кезинде аялы Сара, небереси Айсултан (оңдо) менен оюн-зоок борборун ачуу маалында.  Алматы, 1997-жыл.​

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевдин капыс өлүмү - өкүмдардын үй-бүлөсүндөгү чылк жабылып-жашырылган кутумдардын соңку барактарынын бири.

Айсултан Назарбаев эки жумадан кийин 30 жашка чыкканын белгилемек. Эч нерседен кемчилиги жок эрезеге жеткен эрке бала, Казакстандын президентинин небереси.

Айсултандын жүрөгү токтоп, 16-августта Лондон шаарында каза болгону кабарланды. Бул жагдай Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсүнүн айланасындагы токтолбой келаткан ордо кутумунун жаңы барагын ачты.

Айсултан өкүмзор президенттин өтүмдүү кызы Дарига Назарбаева менен кесиби боюнча дарыгер Рахат Алиев экөөнүн экинчи уулу болчу. Рахат Алиевдин президенттин күйөө баласы болуп калышы анын кызмат тепкичтеринен ыкчам көтөрүлүшүнө, эсепсиз өлүү дүйнө топтошуна мүмкүндүк берген.

Айсултан, белгилүү болгондой, кийинки жылдары баңгиликке тартылып, өлөрүнө чукул казак саясаты боюнча маалыматтарды, ага кошуп өз үй-бүлөсүнүн кыңыр иштеринин кыйласын жарыкка чыгара баштаган. Анын жарыя кылгандарынын кыйласына ишениш кыйын болгону менен, айрымдары чындай сезилери бышык, анын баары биринчи президент менен алака-катышы бар аткаминерлерди, Н. Назарбаевдин үй-бүлөсүн кыйла осол абалга калтырып, артынан сөз ээрчитип келди.

Таасирдүү үй-бүлө - Айсултан Назарбаевдин өлүмү тууралуу:

Айрымдар Айсултандын капыс ажалдын торуна кабылганына ишенбей, куугунтукта жүргөн атасынын табышмактуу өлүмүнөн беш жыл өтпөй баласынын бул жалганды таштап кетиши күмөндүү экенин айтууга өтүштү.

Кош өлүм

Өзүнүн айтымында, үйлөнүп-жайланып, эки балалуу болуп калган Айсултан 2015-жылдын февралда атасы Рахаттын өлүмүнөн аз мурдараак январда чоң атасы Мухтар Алиевдин каза болгон соң баңгиликке оой башталган.

Айсултандын жашоо-турмушун аңтар-теңтер кылган окуя атасынын өлүмү болгон.

Казакстан прокуратурасы ырастагандай, Айсултандын атасынын таасири өтө бийик болчу, ал Казакстанды кыйла жылдардан бери башкарып келаткан кайнатасын кызматтан алып түшүүнү көздөгөн.

Рахат Алиевди 2002-жылы өлкөдөн алыс жерге жөнөтүшкөн. Айланасында талаш-тартыштары арбый баштаган күйөө баланы европалык өлкөлөргө элчи кылып тынышкан. Арадан үч жыл өткөндөн кийин кайра Казакстанга кайтарылып тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган.

2007-жылы өлкөсүндөгү кезектеги чырдан кийин Алиев дагы чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгон. Ошол эле жылы Дарига менен ажырашып, мамлекеттик кызматтардан четтетилген, Казакстандагы болгон активдеринин баары тартылып алынган. Кийин аны жемкорлукка, арам акчаны адалдоого, кыйноого, адам уурдоого, киши өлтүрүүгө катышы бар деп, анан да мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптап сыртынан соттошкон.

Казак бийлиги Алиевди кайтарып берүүнү бир нече ирет талап кылды, бирок ал жети жыл бою Европада эркиндикте жүрүп президент Назарбаев менен анын айланасындагылардын кыңыр иштерин элге жаюусун токтотподу. Алиев китеп жазып, анда өлкө башчысынын аныгы менен апыртмасы белгисиз бир топ сырларын жарыя кылып, казак бийлигинин ага каршы койгон айыптарынын текши баарын кайнатасына оодарып келди.

2014-жылы Алиев австриялык бийликтин колуна өзү түшүп, Вена түрмөсүнө камакка алынган. Ага коюлган банкирлерди уурдоо жана киши өлтүрүү боюнча кылмыш иштери сотто каралмак. 2015-жылдын февралында камерада анын өлгөнү белгилүү болду. Расмий билдирүү боюнча камерада ал өзүн-өзү өлтүргөн болуп чыгат, башка иликтөөлөр аны муунтуп өлтүрүшкөнүн ырасташкан.

Бөпөлөгөн тарбия

Айсултан — Дарига менен Рахаттын экинчи уулу. Атасы президент кайнатасынын каарына калгандан кийин Айсултан 2009-2010-жылдары Улуу Британиянын Сандхерстеги улук аскер академиясында билим алып, окуусун бүткөндөн кийин Казакстанга кайтып келген. 2012-жылы Казакстандын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгына кызматка алынган. 2017-жылы Казакстан футбол федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган.

Бул кезде Айсултанды баңгилик оп тарта баштаган болчу. 2017-жылдын сентябрында ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына атасы, чоң атасы катарлашып табышмактуу өлүмгө дуушар болгондон кийин аз-аздан баңгиликке тартыла баштаганын жазган.

Академик Мухтар Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Айсултан Назарбаев (оңдон биринчи), Нурали Алиев (солдон экинчи). Алматы, 13-январь, 2015-жыл.
Академик Мухтар Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Айсултан Назарбаев (оңдон биринчи), Нурали Алиев (солдон экинчи). Алматы, 13-январь, 2015-жыл.

Башында Айсултан таятасы Нурсултан Назарбаевдин аракети менен баңгизат чегүүдөн баш тартканын жазган, бирок кийинчерээк ал баңгиликтен чыкпай калганы, жекече көйгөйлөрүнүн айынан кайра күчөп кеткени айкындалган.

2018-жылдын декабрынын ортосунда Айсултандын «Фейсбуктагы» баракчасында «кайрадан боштондукка чыккандыгы үчүн» Орусиянын Башкы прокуратурасына, Тышкы жана Ички иштер министрликтери менен Федералдык коопсуздук кызматына билдирген ыраазычылыгы чыкты.

2019-жылдын январынын аягында ошол эле «Фейсбуктагы» баракчасына анын Казакстандын Миграция кызматы менен ИИМин айыптаган жазуусу чыкты. Анда ушул эки кызматтын айынан «паспорту жок адам» болуп калганы айтылган. Билдирүүдө дагы мындай сөздөр жазылган: «Орусиянын жеке түрмөсүндөгү камактан чыгып, үйгө эч кандай документи жок келдим – баарын уурдап, жок кылып коюшуптур».

Соңунда кыскача эскертүү: «Менин кимге кайрыларым белгилүү - мен президенттин небересимин». Ага улай момундай сөз кошумчаланган: «Биздин мамлекеттик органдардын жасап жатканы тозоктон да жаман».

2019-жылдын 3-июнунда Айсултан Лондондогу мейманкананын сегизинчи кабатынан боюн таштай турганын жазып жанындагыларын коркуткан.

Эки күндөн кийин ал Лондондун борборундагы чоочун бирөөнүн үйүнө кирип, ал жерде буюмдарын жууп, коңшу батирге кирүүгө аракет кылган. Айсултан чакырылган полиция кызматкерлерине моюн бербей, аны кармагысы келген офицердин колун тиштеп алган. Полиция кызматкерлери аны электрошокер менен тынчытып, кармап алып кетишкен.

Октябрда Лондон соту Айсултанга акчалай айып салып, аны коомдук иштерге тартуу жөнүндө чечим чыгарган, уруксатсыз кирген үйгө келтирген зыянын төлөп берүүгө, баңгиликтен арылыш үчүн дарылоо курсунан өтүүгө милдеттендирген.

2020-жылдын январында Айсултан Лондондун «Priory Hospital Hayes Grove» бейтапканасында жатып уккан адамды таң калтырчу укмуш сөздөрдү бир маегинде билдирген. Ага караганда, Нурсултан Назарбаев анын таятасы эмес, атасы, ал эми апасы Дарига анын өлүмүн эле тилеп отурат, 2019-жылдын мартында Назарбаевдин президенттиктен кетишине кызы Дарига себепкер болгон - апасы кетүүгө мажбур кылган. Айсултан ошону менен бирге Казакстандын коопсуздук кызматы адамдарды жашыруун кызматка тартыш үчүн «сыйкыр» колдонорун билдирген.

Нурсултан Назарбаев Казакстан президенти, улуу кызы Дарига Назарбаева вице-премьер-министр кези. Алматы, 1-май, 2016-жыл.
Нурсултан Назарбаев Казакстан президенти, улуу кызы Дарига Назарбаева вице-премьер-министр кези. Алматы, 1-май, 2016-жыл.

«Фейсбуктагы» баракчасындагы «Aisultan Jesus Rakhat» деген ат менен калтырылган посттордон дагы эле Орусия менен Казакстанды туташ каптаган мамлекеттик жемкорлук тууралуу, анын «миллиарддаган долларлык» оор жүгү Казакстандын элине тийип жатканын окууга болот.

Мындай посттордон улам Жараткан өзү Айсултанга адамдар менен таятасына жең ичинен тымызын жасалып жаткан кутумду билдирүүгө жөнөткөндөй таасир калтырат, таятасына каршы жасалып жаткан иштерден этият болууга чакырат. 16-17-июлдагы соңку билдирүүлөр Владимир Кимге арналган, айтылуу миллиардер, кирешелүү жез кенин казчу «Казахмыс» компаниясынын ээси тууралуу жазып Айсултан: «эми баарын жоготот» анын «тозогу [Кимдин] ушул жерден, Жер үстүнөн башталат!» деп жазган.

Айсултан кыска өмүрүндө көп эле жаңылып-жазган, кийинки убакта ал туңгуюкка кабылып, эмне кыларын билбей калган болуш керек.

«Фейсбуктагы» баракчасында жазган кишилери, маектеринде белгилеген адамдардын баары Казакстандагы таасирдүү инсандар. Алардын ичинде апасы да бар. Ким эле үй-бүлөсү, жакындары тууралуу сыртка чыгарбай турган нерселерин апачык жайып жаткан жакын адамын жакшы көрсүн?

Айсултандын капыс өлүмү боюнча расмий билдирүүлөргө ишенбей, анын бул дүйнөдөн эрте кетишине кимдир-бирөөлөр жардам кылып жиберишкен жокпу деген суроо да чыкпай койбойт. Андай суроо берчүлөрдүн арасында Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн аянбас душманы, оппозициянын четте жүргөн лидери Мухтар Аблязов да бар.

Башкалар социалдык тармакта Айсултан өзү эскертип жүргөндөй «өлтүрүп эле коюшту» деп жазышты.

Кийинки жылдары Айсултан таятасы Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кадыр-баркына коркунуч келтирчү, иш-аракети калаты жигит болуп калган. Эми атасы Рахаттын артынан анын арбагы Назарбаевдердин үй-бүлөсүнүн мурасын дагы кыйлага куугунтуктайт болуш керек.

Кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду. Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

Макалада айтылган көз караш «Азаттык» редакциясынын пикирин билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG