Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Айсултан Назарбаевдин өлүмү талкууга түштү


Айсултан Назарбаев.
Айсултан Назарбаев.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев Лондондо каза болду.

Уулунан айрылганын казак парламентинин мурунку спикери Дарига Назарбаева да тастыктады. Айсултандын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалымат социалдык тармактарга желдей тарап, түрдүү талкууларды жаратууда.

Айсултандын жүрөгү токтоп калганын «Zakon.kz» сайты кабарлады. Бул сайттын жаңылыгын бир катар жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары басып чыгышты.

Жекшембиде «Нурсултан Назарбаев» фондунун «Фейсбуктагы» баракчасында Айсултан дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу билдирүү жарыяланып, фонддун жетекчиси Дарига Назарбаева уулунун өлүмүн тастыктаган.

«Сүйүктүү уулубуз Айсултандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөбүз кайгырып турат. Мындай оор учурда коомчулук биздин орду толгус жоготуубузду түшүнүп урматтайт деп үмүттөнөбүз», деп жазылган анда.


Быйыл жыл башында Айсултандын Улуу Британиядан саясий баш калка сураган видеосу тараган. Кийинки убакта ал өзүнүн үй-бүлөсүнө, жакындарына ар кандай дооматтарды коюп, Казакстандын бийлигин сындап келген болчу.

Айсултан Назарбаев 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону кабарланган. Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Британиялык «Телеграф» басылмасынын маалыматы боюнча Айсултан Англияда коронавируска чалдыгып, ошондон улам Казакстанга кеткен, бирок Лондонго 10 күн мурун кайтып келген.


Айсултандын жүрөгү токтоп, жарыкчылык менен кош айтышканы тууралуу маалымат социалдык тармактарда түрдүү талкууларды жаратууда.

«Твиттерде» Айсултандын замандаштары миңдеген пост жазып, көңүл айтышкан:

Казыбек Иса: - Ооба, жаш, күчтүү, кайраттуу, ишенчээк эле. Эң таасирдүү үй-бүлөнүн чөйрөсүнө туура келбеди. Ал ушул үй-бүлө курган «чепте» камалып калганын сезди.

Анита Гурман: - Мен бул жигиттке боорум ооруп турат. Бирок байлар да ыйлашат. Баарынан мурун мен энесине көңүл айтам. Ал эне эмеспи? Менин ага аябай боорум ооруйт. Бирок майып балдарды «түрү суук» деп айтуу аял энеге жарашпаган нерсе. Айсултандын жаткан жери жайлуу болсун.

Бота Джардемали: - Ушул жылдын башында Айсултан апасы Дарига аны өлтүргүсү келгенин ачык айтып чыккан. Айсултан Нурсултан Назарбаевдин баласы экенин айткан. Казакстанда жийиркеничтүү нерсе болду. Айсултан ошондой эле Тимур Кулибаевдин Путин менен сүйлөшүүлөрүн жазды. Албетте, бул инфаркт же баңгизаттын ашыкча дозасы эмес. Бул - киши өлтүрүү. Ошентип Назарбаевдер Айсултандын оозун түбөлүккө басышты.

Казакстандагы кырдаалды байкаган чет элдик укук коргоочулар жана журналисттер да Айсултандын мезгилсиз өлүмү тууралуу жазышты. Норвегиянын Хелсинки комитетинин мүчөсү Ивар Дали «трагедиялуу жашоонун трагедиялык соңу» деп «Твиттердеги» баракчасына жазды. «France-Presse» агенттигинин Борбор Азиядагы кабарчысы Крис Риклтон Айсултандын өлүмү менен коомчулук «кичинекей, бирок тумандуу терезени» жоготконун жана ал терезе аркылуу эл Казакстандагы «жашыруун күрөшкө» көз чаптырышканын жазды.

Айсултан Назарбаев 26-августта 30 жашка толмок. Ал казак Сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Айсултандын улуу агасы Нурали Алиев 2014-2016-жылдары Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Айсултан Назарбаев Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясын бүткөргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын Футбол федерациясынын вице-президенти болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG