Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Дарига Назарбаеванын яхтадагы бийи талкууга түштү


Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева бир топ адамдар менен бирге “Жеңиш күнү” деп ырдап-бийлеп жатканы тууралуу видео Интернетке тарады.

Видео казак Интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууну жаратты.

Тасма Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өткөрүлүп жаткан парадда тартылган эмес. Белгисиз жерде, белгисиз яхтада тартылган. Анын качан тартылганы да белгисиз. Бир жарым мүнөткө жетпеген кыска видео учурда казак коомчулугунда бүйүр кызыткан талкууга жем таштап отурат.

Анда Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, Казакстандын сенатынын мурунку төрайымы Дарига Назарбаева өзүнүн он чакты жакын санаалаштары менен бирге жабык кечеде “Жеңиш күнү” деп ырдап-бийлеп жүргөнү даана көрүнөт.

Казакстандык Интернет колдонуучулар видео каармандары шаттанып бийлеп аткан ырдын маанисине көңүл буруп жатышат. Жеңиштин гимнине айланган ыр бий үчүн эмес, курман болгондорду эскерүү үчүн жаралганын эске салгандар да чыкты. Хельчам Абдуллаева аттуу колдонуучу мындай билдирүү жазды.

"Жеңишти көз жаш менен күттүк деген саптары бар улуу ырга кантип бийлейт? Бул деген эскерүү эмеспи?".

Айрымдар Дарига Назарбаева менен бирге “Жеңиш күнү” деп ырдап, шаттуу бийлеп жүргөндөрдү тааныганга да аракет кылып көрүшкөн. Мисалы, Шолпан Али аттуу колдонуучу видео каармандарынын ким экенине кызыккан.

"Адамдар бири-бирине ушунчалык да окшош болобу? Булардын арасында парламенттин мурунку депутаттарынын бири Гүлжан Карагусова, Казак парламентинин VI чакырылышынын депутаты Загипа Балиева, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашевдин аялы Лейла дегендерди силер тааныган жоксуңарбы?".

“Жеңиш күнү” деп ырдап жаткандарына караганда, Назарбаева катышкан чакан чөйрөнүн жабык кечеси 9-майда же ошол күнгө утурлай өткөн болушу мүмкүн. Ошондон улам казакстандык Интернет колдонуучулар бул видеону көрүп, карантиндин "буларга тиешеси жокпу" деп суроо салып жатышат. Жабык кечеде көңүл ачып жаткандардын бири да беткап тагынган эмес.

"Алар беткап тагынбаса да, аралыкты сактабаса да жазалабайсыңарбы? Бизде майрамдарга тыюу салынган эмес беле?", - деди Турсынбек Бакберович деген жаран.

Ал эми Манат Сабыржанов "Олигархтар карантин жарыялап, элдин баарын камап коюп, өздөрү тойлоп жүрөт!", -деген нааразылыгын жазган.

Бул видеону бир эле "YouTube" видеохостингинен эки күндө 400 миңден ашык адам көрүп, 4,5 миңге жакын адам пикир калтырган. Кыскасы, мурунку президенттин кызынын соңку видеосу Казакстандагы маанилүү окуяларга кайрадан элдин көңүлүн бурду. Өлкөдөгү коррупция, бир ууч башкаруучу үй-бүлөнүн байышы, мунайга бай өлкөнүн кедейлиги сыяктуу терс көрүнүштөрдү эл кайрадан эстеп, талкуулоого киришти.

Социалдык тармактын Эркин Рашев деген колдонуучусу Дарига Назарбаеванын “Жеңиш күнү” деп ырдап атканын анын Лондон сотундагы утушу менен байланыштырды.

"100 миллион доллар турган үйүн Лондондун полициясы камакка алган эле. Бирок Дарига ал үйдү “маңдай тери менен” тапкан акчасына сатып алганын далилдеп, сотто жеңип чыкты. Жеңиш күн! Дарига кубанычын яхтада ырдап белгилеп атат!".

Чынында эле бул видеонун чыгышы Назарбаевдердин Лондондогу кымбат баалуу үч үйүнүн соту аяктаган учурга туш келип отурат. 17-июнда Дарига Назарбаева, уулу Нурали Алиев Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөш агенттиги менен соттошуп, Лондондогу үйлөрүн коргоп калышкан.

2019-жылдын башында британ полициясы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нуралиге таандык деген үйлөр кайсы акчага сатылып алынганын түшүндүрүп берүүнү талап кылып, сотко даттанган. Жараян акыркы чуулгандуу видео элге тарагандан алты күн мурун аяктаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG