Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Дарига Назарбаева өлкөдөгү экинчи адамга айланды


Президент Касым-Жомарт Токаев жана Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева.
Президент Касым-Жомарт Токаев жана Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева.

20-мартта Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Анын ордуна Сенаттын спикери болуп Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева шайланды. Бул - Дарига Назарбаева кызматы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланды дегенди билдирет.

Бир күн мурда Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, президенттик ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялаган.

Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткаруу парламент спикери – Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн.

Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи 20-мартта Казакстандын парламентинде өттү. Ал 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калды.

Токаев ант бергенден кийинки жарым саатка созулган сөзүндө негизинен Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин “мамлекет үчүн сиңирген эмгеги” тууралуу айтып, борбор шаар Астананы – Нурсултан шаары деп өзгөртүүнү сунуш кылды, аны парламент ушул эле күнү дароо колдоду.

"Жаңы эл ордобуздун бой көтөрүүсүндө туңгуч президентибиздин ролу айрыкча зор. Астананын курулушу эл башыбыздын эрдиги болуп саналат. Баш калаабыз эгемен элибиздин чыныгы жүзүнө жана калкыбыздын мактанычына айланды".

Парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун депутаттар дээрлик бир добуштан - Мажилистин 103 депутаты жана Сенаттын 43 мүчөсү жактырган.

Нурсултан Назарбаев борборду Алматыдан Акмолого көчүрүү чечимине 1997-жылдын 10-декабрында кол койгон. Жарым жылдан кийин ал борбор шаар катары кызмат өтөй баштаган жана Астана деген ат берилген.

Нурсултан (Астана) шаары.
Нурсултан (Астана) шаары.

​Казакстандын жаңы президенти облустардагы башкы көчөлөрдүн атын да Нурсултан Назарбаев деп өзгөртүүнү сунуштап, мамлекеттик мекемелерде туңгуч президенттин сүрөттөрү жана портреттери алынбай турганын белгиледи.

Ал мамлекет башчысы катары биринчи жарлыгы менен Назарбаевге "Халык каарманы" наамын берди.

"Элбашы Казакстандын тарыхында жаңы мамлекеттик институттарды түптөдү. Алардын катарында президенттик институт, кош палаталуу парламент, мамлекеттик кызмат, куралдуу күчтөр, дипломатиялык кызмат, жарандык коом институттары бар".

Нурсултан Назарбаев менен Жоомарт Токаев парламентте. 20-март, 2019-жыл
Нурсултан Назарбаев менен Жоомарт Токаев парламентте. 20-март, 2019-жыл

Нурсултан Назарбаев 19-мартта мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, президенттик кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялаган. Бирок ал мамлекет башчылыктан кетүү себебин так айткан жок.

"Мен Казакстандын президенти катары кызматтык ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул оңой чечим эмес. Быйыл элибиздеги эң жогорку кызматты аткарып келе жатканыма 30 жыл толот. Элим мага эгемен Казакстандын туңгуч президенти болуу мүмкүндүгүн берди. Өзүңүздөр билгендей, мыйзамга ылайык, мен туңгуч президент - Элбашы мартабасына ээ болдум. Коопсуздук кеңешинин төрагасы катарында кызмат кыла берем. «Нур Отан» партиясынын төрагасымын, Конституциялык кеңештин мүчөсүмүн. Башкача айтканда, сиздер менен бирге болом".

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат. Анын чечимдерин президент да аткарат.

Казакстандын Конституциясына ылайык, президент ыйгарым укуктарынан баш тарткан кезде анын милдетин парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасы аткарат.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев дасыккан саясатчы жана тажрыйбалуу дипломат катары белгилүү. Ал СССРдин Тышкы иштер министрлигинде жана чет өлкөдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрдө, анын ичинде Кытайдагы жана Сингапурдагы элчиликтерде ар кандай кызматтарда иштеген.

Дипломат Казакстан эгемендик алгандан кийин тышкы иштер министринин орун басары, тышкы иштер министри, премьер-министрдин орун басары, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарын аркалаган.

Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал 2013-жылы кайрадан Сенаттын төрагасы болуп шайланган.

Алматы шаарында туулган дипломат, Назарбаевдин сөзүнө караганда, чет тилдерден кытай, англис тилдерин мыкты билет жана илимдин доктору.

Назарбаева - өлкөдөгү экинчи адам

20-мартта Токаевдин ордуна Сенаттын төрайымы болуп Дарига Назарбаева шайланды. 55 жаштагы Дарига - Нурсултан Назарбаевдин тун кызы. Мыйзамга ылайык, анын талапкерлигин президент Токаев сунуш кылды. Бул - Дарига Назарбаева кызматы боюнча өлкөдөгү экинчи адамга айланды дегенди билдирет.

"Элибиздин саясий жана коомдук турмушунда, өзгөчө азыркы тарыхый учурда парламенттин аткара турган ролун түшүнөм. Элбашыбыз коомду өнүктүрүү, турмушу начар адамдарды социалдык жактан колдоону күчөтүү жаатында чоң милдеттерди жүктөдү", - деди Дарига Назарбаева.

Дарига Назарбаева атасы менен.
Дарига Назарбаева атасы менен.

Эми казакстандыктарды жана чет элдик талдоочуларды “Үчүнчү президент ким болот?" деген суроолор кызыктырууда. Президенттик шайлоо бир жылдан кийин өтөт.

79 жаштагы Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери дээрлик 30 жыл мамлекеттин башында турду.

1991-жылдан бери ал беш жолу президенттик шайлоодо утуп чыккан. Аларда негизинен 90 пайыз добуш менен шайланган, бирок оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп сындаган. Назарбаев бир канча жолу референдум да өткөрүп, ыйгарым укуктарын узарткан.

Ал 2010-жылы улут лидери – "Элбашы" деген расмий макамга ээ болгон. Муну менен ага кеңири кол тийбестик ыйгарылып, мүлкү, банк эсептери коргоого алынган жана кызматтагы кезинде жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Укук коргоочулар, бийликтин сынчылары жана эл аралык уюмдар Назарбаев оппозицияны жана сөз эркиндигин күч менен басып, демократиялык эмес шайлоо аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келе жатканын айтып келишкен. Алар Назарбаев Казакстанда авторитардык бийлик системасын түздү деп сындашкан.

Нурсултан Назарбаев бийликте турган жылдары Казакстанда ондогон саясатчылар, журналисттер жана укук коргоочулар камалып, айрымдары чет өлкөгө качууга аргасыз болсо, кээ бири ар кандай жагдайда мерт болду.

Назарбаев кетти. Эмне өзгөрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:25 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG