Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. Өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүк, кошуналык мамиле уланат деген ишенимин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев бүгүн ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи Казакстандын парламентинде өттү. Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялаган. 79 жаштагы Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында турду. (BTo)

XS
SM
MD
LG