Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Казакстанда Касым-Жомарт Токаев президент катары ант берди


Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстанда Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи Казакстандын парламентинде өттү.

Касым-Жомарт Токаев ант берген соң ага өлкөнүн Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттин эң белгилерин тапшырып, президент катары жарыялады.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

Ант берүү аземин Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин алып барды.

19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат жетиде Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, бийликтеги ыйгарым укуктарын токтоторун жарыялады. Назарбаев «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин айтты.

79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанда 1990-жылдан бери мамлекеттик бийликтин башында турду.

Баш мыйзамдагы «Улут көсөмү» тууралуу беренеге ылайык, Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG