Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Кош бийлик жана Токаевдин тактикасы


Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева, президент Касым-Жомарт Токаев, туңгуч президент Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2020-жыл.
Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаева, президент Касым-Жомарт Токаев, туңгуч президент Нурсултан Назарбаев. 23-апрель, 2020-жыл.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден бери 2-жолу элине кайрылды.

Саясат таануучулар Казакстанда коронавирус эпидемиясы экономикалык жана мамлекеттик башкаруу системасынын кемчиликтерин гана эмес, мунайга бай өлкөнүн медициналык системасы алсыз, кыйын кырдаалга деп камдаган запасы да жоктугун көрсөттү деген ойдо турушат.

Иш жүзүндө кош бийлик өкүм сүрүп, ошол эле маалда каршылык маанай күчөп бараткан өлкөдө президент Токаев кандай реформа жасай алат? «Азаттык» бул туурасында Казакстандагы саясатчы, 2019-жылы өткөн президенттик шайлоонун талапкери Амиржан Косанов менен аңгемелешти.

- Президент Токаев бийлик башына келгенине бир жарым жылга аяк басты. Ошол маалда ал экинчи жолу элине кайрылды. Бул жолу мамлекет башчы эмне маселе көтөрүп, жаңы эмне айтты?

- Токаев мырза президентикке келгени бир жарым жыл болсо да бийликке эми кирише баштаганы көрүнөт. Ага канчалык оппозиция болсом да эл ичинде, коомдо, социалдык желелерде президент экономика, дүйнөдө болуп жаткан маселелер тууралуу кеп кылды деген талкуу жүрүп жатканын айта кетейин. Элдин көкүрөгүндө турган айрым маселелерди көтөрдү. Аларды кантип ишке ашыруу тууралуу чечимдерин да айтты. Аны көрүп турабыз. Бирок азыр башка бир маанилүү маселе турат – бийликти саясий жактан реформалоо. Бул жолу Токаев «экономикалык, укуктук жактан өзгөрүү болот» деп айтканы менен коомдун күткөнү - саясий реформа.

Амиржан Косанов.
Амиржан Косанов.

Мен талапкер болуп катышкан президенттик шайлоодон кийин коом өзгөрдү. Элдин бийликке койгон талабы артты. Жарандык коом өз күчүн сезе баштады. Бийлик шайлоону кандай өткөрө турганын калк өз көзү менен көрдү. Эми эл өзү саясий реформаны күн тартибине коюп жатат. Тилекке каршы, Токаев мырза элдин көкөйүнө тийип турган маселелерди чечүүнүн жолун камтыган саясий реформа тууралуу сөз кылган жок.

Токаев өз кайрылуусунда көп партиялуулукту гана колдоп, «аны өнүктүрөбүз» деди. Бирок ал кантип ишке ашат, кандай партиялар болот? Азыр «Нур Отанга» жандооч, бийликтин партиясына «карындаш» болуп жүргөн партияларбы же чындап коомдун үнү болуп, оппозицияда жүргөн партияларбы? Ал тууралуу Токаев мырза унчуккан жок.

Коронавирус өлкөнүн өзөгүн көрсөттү

- Казакстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус эпидемиясынан эми баш көтөрүп келатат. Экперттер белгилегендей, бул апаатта Казакстандын экономикалык абалы, мамлекеттик аппараты чабал экени, өлкө мунайга бай болгону менен калкка камдап койгон запасы жоктугу, медициналык системасы араңжан экени көрүндү. Токаев мына ушул орчундуу маселелер турганын моюнга алабы?

- Менин оюмча Токаевдин кайрылуусундагы дагы бир жаңылык – президентке түздөн-түз караган реформа кеңеши куруларын айтты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жаңылык. Анткени өлкөдө реформа бюрократтардын каалоосу менен эмес, коомдун каалоосу менен ишке ашканы оң. Мына ошол жаңы реформа кеңешине жарандык коомдун өкүлдөрү, көз каранды эмес адистер кирсе андан ал кеңештин ишинен бир натыйжа чыгат. Кызыгы, Токаев бул кайрылууга чейин деле аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигине, өкмөткө көп эле сын айтып келди. Ушундан улам президент өзүнө караган бюрократиялык аппаратка ичи чыкпаганы анык сезилет.

Бул кайрылуудан дагы бир байкаганым - Токаев реформа, пандемия жөнүндө кеп кылып, «медицинадагы мүчүлүштүктөр, жөнөкөй медициналык каражаттын жоктугу, билим берүү тармагындагы жетишпегендиктер, үзгүлтүзсүз билим берүүгө платформалардын түзүлбөгөнү бир катар министрликтердин даяр эмес экенин көрсөттү» деп ачык айтып жатат.

Бирок ошол эле учурда Казакстанда орногон кош бийликти да эстен чыгарбайлы. Нурсултан Назарбаев де-юре бийликтен кетсе да, де-факто кеткен жок. Ал азыр Коопсуздук кеңешин башкарып отурат, ал аркылуу аткаруучу бийликке түз таасир этет. «Нур Отан» партиясын башкарып, аны менен парламентке таасир этет.

Мына ушундай кош бийлик шартында Токаев мырза тактикалык жаңылык ачкан сыяктуу. Ал өзүнө башкаруу функцияларын кайтарып жатат, өнүгүүгө кедергисин тийгизип турган олигарх-монополисттерге каршы күрөш ачкан сыяктуу. Монополияга каршы агенттикти өзүнө караштуу кылып жатат. Статистика комитетин ошол кеңештин курамына киргизүүдө. Анткени бурмалоо менен алдоо ошол Статистика комитетинде ишке ашат эмеспи. Статистика комитети өкмөттүн курамында турса кантип объективдүү боло алмак элек? Андыктан буга чейин Токаев мырза мыйзам чыгаруучу, аткаруучу тармактарга таасир тийгизбей келсе, эми ошол функцияларын өзүнө алып жатат.

Кош бийлик - Токаев үчүн чоң сыноо

- Сиз коңшу Кыргызстанда эмне болуп жатканына такай көз салып турасыз. Кыргызстандыктар да казак коомундагы өзгөрүүлөр менен жакшы тааныш. Айрым эксперттер Казакстанда кош бийлик гана эмес, үч бийлик борбору орногонун белгилешет. «Туңгуч президент Назарбаев отурган Китепкана, учурдагы президенттин Акордодогу кеңсеси жана дагы бир борбор - мамлекетик бюрократиялык аппарат» дешет. Токаев ошол бюрократиялык аппаратты 25% чейин азайтарын айтты. Азыркы Казакстандын саясий системасында муну ишке ашыруу мүмкүнбү?

- Менин оюмча мүмкүн эле. Анын эки себеби бар. Биринчиден, Токаев өзүн реформатор катары жарыяласа, кандай болсо да ага жаңы команда керек. Биздин азыркы өкмөт, парламенттин эки палатасы Нурсултан Назарбаевдин түздөн-түз таасири алдында турат. Ошондуктан жаңы команда, жаштар, аны менен катар бийликте тажрыйбасы бар азаматтар келиши керек. Андыктан Токаев мамлекеттик аппаратка өзгөртүү киргизүүгө мажбур.

Экинчиден, маселе каржыга келип такалат. Казакстандын азыркы жагдайы баарыбызга белгилүү. Улуттук экономика мунай менен газга гана байланып, диверсификация жасалган эмес. Эми анын үстүнө пандемия туруп калды. Чакан, орто ишкерлик сыяктуу экономиканын бир топ тармактары токтоп турат. Каржы тартыштыгы да кандай болгон күндө да бюрократиялык аппаратты кыскартууга түртөт. Токаев кааласа да, каалабаса да аны жүзөгө ашырууга мажбур.

- Президент Токаев коррупция маселесине да токтолду. Бул Кыргызстанда да көкөй кескен мүшкүл. Биз билгендей, Казакстанда олигархтар, элиталар, кландар ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп турат. Президент ушул маселени көтөрүү менен ошол көмүскө системаны башкарып же жок дегенде сес көрсөтө алабы?

- Муну азыр Токаев 100% аткарат деп айта албайм. Анткени бизде Коопсуздук кеңеши бар. Анын башында туңгуч президент Нурсултан Назарбаев турат. Жемкорлукка каршы күрөштө Токаев эч кимге көз каранды эмес, өзү гана чечкен саясат жүргүзө алат деп айта албайм. Коррупция тууралуу айткан сөздөрүнүн көбү имитация. Анткени ал кайсы бир мыйзамдын кайсы бир беренесине тиешелүү гана маселелер.

Жемкорлук менен күрөшүүнүн үч принциби бар. Биринчиси- ачык коом жана сөз эркиндиги. Айылдык же райондук деңгээлде болсун, облустук же республикалык масштабдабы жемкорлук фактыларын журналисттер ачык, коркпой айтышы керек. Бизде Казакстанда соңку мыйзамдар боюнча белгилүү бир аткаминердин чет элдеги банк эсеби тууралуу жазыш үчүн журналист дал ошол аткаминерден кагаз жүзүндө уруксат алышы керек. Бул күлкү келтирчү жагдай. Бул барып турган трагикомедия, фарс.

Экинчиси - сын айтылбаган адам болбошу керек. Коомдо президенттен баштап айыл өкмөт башчысына чейин сын айта алгыдай шарт болушу абзел. Өкүнүчтүүсү - бизде бийликти сындагандан жарандар коркушат. Анын үстүнө бийлик өкүлдөрүн полиция, прокуратура, сот коргоп, сын айткандарды камап жатат.

Үчүнчүсү - бийликтин үч бутагы, сот, өкмөт жана парламент көз каранды эмес болуш керек. Бизде парламентте да «Нур Отан» партиясы отурат, өкмөт мүчөлөрү да 100% ушул эле партиядан, соттор болсо аткаруу бийлигинин айтканынан чыга албайт. Парламенттин курамында оппозициянын болушу зарыл. Алар өкмөткө обьективдүү, сынчыл баа берип турушу керек. Ушул үч нерсе аткарылганда гана коррупцияны жеңүүгө болот. Калганынын баары имитация.

Казак коому ойгонду

- Амиржан мырза, сөз башында өзүңүз айткандай, казак калкы ойгонуп, казак коомунда каяшачыл маанай күчөй баштады. Президент Токаев эки оттун ортосунда калган жокпу? Сиз айткан олигархиялык-кландык, же «Нур Отан» башкарган система бир жагынан жана экинчи жагы каршылык маанай күчөп бараткан казак калкы. Ушундай жагдайда мамлекет башчы Токаевдин жолун, ролун кандай көрөсүз?

Менимче, Токаев өзү саясатчы катары, мамлекеттик ишмер катары өз жолун тандаганга милдеттүү.

- Эми мен Токаевдин адвокаты эмесмин. Бирок айтарым, ал бийликке келгени, шайлоо алдында, шайлоодон кийин бир аз позитивдүү, реформа багытындагы сөздөрдү айтып келет. Аны моюнга алыш керек. Аны менен көп жагдайда келишем. Бирок «Эски, бюрократиялык аппарат менен калктын ортосунда калдыбы?» деп сурап жатпайсызбы. Менимче, Токаев өзү саясатчы катары, мамлекеттик ишмер катары өз жолун тандаганга милдеттүү. Бул айткандарынын баары кумга сиңген суудай жок болуп кетеби же чындыгында реформаларды ишке ашырып, калктын көкөйүндөгү сөздөрдү айтып элдин көңүлүнө жагабы? Мунун баары Токаевдин өзүнө гана байланыштуу.

Эгерде ал бюрократиялык аппараттын таасиринен чыга албаса, анда анын тагдыры башкача болуп калышы мүмкүн. Ал эми коомдо болуп жаткан жаңычылдыкты, калтын койгон талаптарын эске алуу менен саясат жүргүзө алса, анда ал сөзсүз тарыхта калат. Бул өзүнүн тандоосу. Саясий жоопкерчилик бир гана Токаевде болот. Себеби Назарбаев де-юре бийликтен кеткен, де-юре Коопсуздук кеңешинин гана төрагасы. Ошондуктан өлкөдөгү ийгиликке, жакшы-жаман окуялардын бардыгына Токаев гана жооп берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG