Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

Токаевдин бийликтеги бир жылы


Касым-Жомарт Токаевдин президенттикке киришүү аземи. 12-июнь, 2019-жыл.

Бир жыл илгери Касым-Жомарт Токаев президенттик антын берген. Анын бир жылдык өлкө башкаруусу кандай өттү?

«Назарбаевдин бийлик менен коштошуусунун узактыгы»

2019-жылы 12-июнда Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо 71% добушка ээ болуп жеңишке жетишти, эл аралык байкоочулар өтө көп мыйзам бузуу катталганын белгилешти. Бирок ага карабай, шайлоодон үч күн өтүп-өтпөй президенттик антын берип, эгемен Казакстандын экинчи президенти болуп калды. Андан берки бир жылда анын президенттиги бир топ буркан-шаркан окуялар менен коштолду.

Казакстандын биринчи жана жападан-жалгыз президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жылдын 19-мартында кызматтан кетерин жарыя кылганда анын ыгынан чыкпаган Токаев өлкөдөгү эң жогорку кызматка шайланары эч кимде күдүк жараткан эмес.

Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаев менен, 20-март 2019-жыл — президенттик ыйгарым укуктар Токаевге берилгенден кийин.
Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаев менен, 20-март 2019-жыл — президенттик ыйгарым укуктар Токаевге берилгенден кийин.

Бийликтегилерге коомчулуктун жаңылыкты жактырбаганы таң калычтуу окуя болду окшойт, мурда баарына кайдыгер карап тынч жүрчү калктын бир бөлүгү ачык каршылык көрсөтүп, нааразылыгын айтып чыгышты.

Калктын жаалын күчөткөн окуя Назарбаевдин тун кызы Дариганы Токаевдин ордун басчу орунга - сенаттын спикерлигине отургузуп, башкалаа Астананы апыл-тапыл Нур-Султан атына көчүрүү чечими болду. Мунун баары калк алдында алдын-ала жарыя кылынбай шашылыш жасалды.

Люка Анчески, Глазго университетинин борборазиялык изилдөөлөрүнүн профессору, жакында эле жарык көргөн «Analysing Kazakhstan's Foreign Policy: Regime neo-Eurasianism in the Nazarbaev era» - “Казакстандын тышкы саясаты: жаңы евразиячыл Назарбаевдин заманы” китебинин автору Токаевдин демилгеси менен башкалаанын атын апыл-тапыл өзгөртүүнү бийликтин бир колдон экинчисине өтүүсүнүн “маанилүү учуру” катары мүнөздөп, мунун өзү «Казакстанда авторитардык бийликтин дагы эле улантылышынын, ошондой эле бийликтен кеткиси келбей отуруп алган Назарбаевдин аракетине нааразы калктын жаңылануу жөнүндөгү талаптарын укпаган бийликтин элди укпастыгын символдоштуруп турарын” белгиледи.

Нааразылыктар 2016-жылдын апрель, май айларында жерди чет элдиктерге ижарага берүү жана сатуу сунуштарына каршы чыккандардай болуп кеңири жайылып кете албады. Ал кезде эң мыкты айыл чарба жерлери кытайларга сатылып кетет деген коркунуч көптөрдү чочулаткан. Анткен менен Назарбаев бийликтен кеткенден кийин нааразы болуп чыккандар арбыды, бул болсо казак коомунун бир тарабы бийликтин экинчи колго өтүшү бекем көзөмөл алдында жүрүшүн каалабастыгын көрсөттү.

Казакстан калктарынын биримдиги күнүндөгү Алматыдагы каршылык акциялары, 1-май 2019-жыл.
Казакстан калктарынын биримдиги күнүндөгү Алматыдагы каршылык акциялары, 1-май 2019-жыл.


Көпчүлүк олуттуу өзгөрүүлөрдү каалаган, Назарбаевдин 30 жылдык башкаруусунан соң бийликке келип жаткан жаңы президенттен кандайдыр бир жаңыланууларды талап кылуунун кези келди деп ойлошкон. Андай илгери үмүттөргө эч кандай негиз жоктугу Токаевдин биринчи сөзүнөн кийин эле билинип калды, жаңы президент Назарбаев тарабынан аныкталган багытты гана карманарын билдирди.

Дагы бир жагдай, экс-президент өмүрү өткөнчө Коопсуздук кеңешинин төрагалык кызматын ээлери, анын ыйгарым укуктары 2018-жылкы Конституцияга киргизилген кошумчалар аркылуу кыйла кеңейтилгени иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөстүгүн белгилүү кылып койгон.

Токаев 2019-жылдын 9-июнундагы президенттик шайлоодо күтүлбөгөн жеңишке жетишти. Аны менен шайлоого алты талапкер чогуу аттанышкан, алардын баары тек кожокөрсүнгө гана кошулган талапкерлер болчу. Амиржан Косанов гана «оппозиция арасынан чыккан реалдуу талапкер» катары сыпатталган.

2019-жылдын 9-июнундагы президенттик шайлоо учурунда Нур-Султандагы каршылык акциясы.
2019-жылдын 9-июнундагы президенттик шайлоо учурунда Нур-Султандагы каршылык акциясы.

Токаевдин жеңиши Казакстандагы мурдагы президенттик шайлоолордун асман чапчыган көрсөткүчтөрүнүн чен-өлчөмүнөн алганда кыйла эле жупуну болчу (добуштардын 70,96 пайызы), Назарбаев эң аз дегенде добуштардын 81 пайызын алчу (1999-жыл). Адатта анын көрсөткүчтөрү 90 пайыздан төмөн түшчү эмес (1991, 2005, 2011 жана 2015-жылдар). Антсе да шайлоодо экинчи орунга чыккан Косановго үмүт артып, кандайдыр бир өзгөрүүлөр болоруна ишенип алгандар үчүн Токаевдин 70,96% добуш алышы күтүүсүз болду. Буга чейин Назарбаевге “атаандаш болуп” чыккан талапкерлердин баарын чогултуп келгендегиден көп добушту Косанов гана алды.

Айрымдар айласыз жеңишке жетишкен Токаев катаал мамлекеттик башкаруунун тизгинин бошоңдотушу ыктымал деген үмүткө ишенип отурушту.

Бирок жалгыз саясий оппозициянын жанданышынан эле эмес, жыл өзү Токаев үчүн чынында эле оор болду.

«​Кош бийлик»

Токаевдин бийлигинин алгачкы жарым жылынын кыйласын айрымдар анын Назарбаевдин тактекеси катары кабылдашты, биринчи президент “элбашы” катары опсуз бийлигин, ага кошуп Коопсуздук кеңешинин төрагасы деген кызматын сактап калды. Ал мурдагыдай эле аткаминерлерди кабыл алып, банктардын башчыларын чакырып, өлкөгө расмий иш сапары менен келген мамлекет башчылары, жынжырлуу коноктор менен кадимкидей жолугушуп турду. 2019-жылдын ноябрында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин каадалуу жыйынына Токаев эмес, Назарбаев өзү барды. Декабрь айында Евразия Экономикалык Биримдигинин бейформал жолугушуусуна Казакстандын атынан катышты.

21-октябрда болсо ай башында 9-октябрда кол коюлган президенттик жарлыкты жарыя кылышты. Ага ылайык Токаев көпчүлүк министрлерди (коргоо, ички жана тышкы иштер министрлеринен сырткары), президенттик администрация мүчөлөрүн, башкы прокурорду, Улуттук банк төрагасын, Улуттук гвардия колбашчысын, коррупцияга каршы мекеме жетекчилерин, облус, шаар акимдерин, дагы башка жооптуу кызмат жетекчилерин дайындоо алдында Назарбаевдин макулдугун алышы керек.

Назарбаевдин кызматтан кетиши дегендин өзүн түшүнүү кыйын. Токаевге такай кош бийлик тууралуу суроолорго жооп берүүгө туура келди, андайда ал Назарбаев “элбашы” катары Казакстандагы эң кадырдуу адам экенин, саясатта бийик орду бар кадырлуу аксакал экенин кайталоодон тажабайт. Анткен менен мурунку-кийинки президенттердин кимиси өлкө башчысы экенин түшүнүү кыйын болчу.

Каршылыктар толкуну

Токаевдин президенттик кызматка кириш аземи бир нече күнгө созулган жаалданган каршылыктар менен коштолду. Нааразылык жыйындар ал ант бергенге чейин эле башталган, толкуган көпчүлүк «Чындыктан кутула албайсың», «Токаев — менин президентим эмес, Нур-Султан — менин башкалаам эмес, Дарига — менин сенатымдын төрайымы эмес» деген жазууларды көтөрүп турушту. Арасынан ушу кезге чейин дагы бир чакырык кайталанып келатат: «Шал, кет!» («Чал, кет!»).

Назарбаевдин убакытты созуп кызматын бергиси келбегенине, дагы эле башкарып отурушка куштарлыгына нааразы болгондор саясатка мамилесин ушинтип билдирүүдө.

12-июндагы кармоо. Күбөлөр менен күч түзүмдөрүнүн пикири


«Oyan, Qazaqstan» кыймылы негизинен Назарбаев бийликте турган убакта төрөлүп, эрезеге жеткен жаштардан куралган. Жаштар тобу тынч жүрүштөрдү Токаев президенттикке кирише электе башташкан, Казакстанда башкаруунун парламенттик формасын киргизүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү талабын алдыга жайышкан.

Ага улай "Qaharman" укук коргоо уюму, «Көше партиясы» кыймылы, анан да журналист Жанболат Мамай демилгелеген Демократиялык партия чыкты.

Орусиянын өтүнүчү менен Францияда үч жылдай абакта жатып 2016-жылы боштондук алган, чет жердеги качкын, Назарбаевдин арыбаган-талыбаган атаандашы Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” (КДТ) кыймылы активдүү иш-аракетке өттү.

2018-жылы казак соту КДТ кыймылын «экстремисттик уюм» деп тааныган, бул жагдай башкаларга караганда анын тарапташтарын нааразылык жыйындарына катышуусун бир топ татаалдаштырат.

9 – 11-июндагы нааразылык акцияларына катышкан миңдеген адамдарды Алматы менен Нур-Султанда кармашкан.12-июнда БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча офиси Казакстан бийлигин жарандардын «тынч жыйындарга катышуу, маанилүү саясий иштерге аралашып, анда пикирин билдирүү укугун сыйлоо жана коргоо боюнча алган милдеттерин аткарууга» чакырды.

Кийинчерээк ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 9 – 13-июнда төрт миңге жакын киши кармалганын ырастады.

14-июнда Алматыда «Токаев менин президентим эмес» көрнөгүн илип коюшту.

Ушул эле күнү "Euronews" телеканалына берген маегинде Токаев нааразылык билдирүүлөрдүн негизги себеби “жакырчылык” деп ырастады.

Токаев нааразылык билдирип чыккандардын үнүн уккусу келбегени сезилип турду.

Нааразылык билдирүүлөрдүн жаңы толкуну 6-июлдан тартып дагы башталды — бул ирет Назарбаевдин туулган күнүнө туташ келген Башкалаа күнү белгиленет. Нааразылык акциялары, кээде жалгыз-жарымдан пикетке чыгуулар жыл бою токтолбой улантылып келатат. Ири нааразылык жыйындары өлкөнүн бир топ шаарларында 16-декабрда – Казакстандын көз карандысыздык күнү өттү. Аларда саясий туткундагыларды боштондукка чыгаруу чакырыктары арбын айтылды.

Быйыл 24-февралда тергөө абагында активист Дулат Агадил набыт болгондон кийин андай талаптар мурдагысынан да күчтүү жаңыра баштады.

Ошондон эки жума өткөндөн кийин нааразылык жыйындарында аты көп аталган саясий туткундардын бири Мухтар Жакишевди боштондукка чыгаруу чечиминин кабыл алынышына Агадилдин табышмактуу өлүмү кайсы бир деңгээлде себепкер болду окшойт. «Казатомөнөржайынын» мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев 2010-жылы мына ушул улуттук компаниянын каражаттарын уурдады деген айып менен түрмөгө отургузулган, бирок көпчүлүк анын себебин 2009-жылы өлкөдөн чыгып кеткен Аблязов менен байланыштары үчүн деп эсептешет. Ошол эле 2019-жылдын июлунда анын ден соолугуна байланыштуу абактан эртерээк бошотуу өтүнүчүн казак соту четке каккан.

Бийликтегилер нааразылыктарды уюштуруунун ыңгайлуу механизмдери катары чыккан веб-сайттарды, өзгөчө соцтармактарды иштетпөөнүн аракетине киришти. Анын натыйжасында "Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму Казакстанды интернет-эркиндигин жок кылып жаткан өлкөлөр катарына кошту.

Өтө турган нааразылык жыйындарына чейин эле аны уюштуруучулар менен жетекчилерин казак бийлиги эртелеп камакка алуу иштерине өтүштү. Өлкөдө көпчүлүк катышкан нааразылык жыйындар башка себептерден улам деле болуп жатты.

Башкалаадагы көп балалуу энелердин нааразылык акциясы, 4-сентябрь 2019-жыл.
Башкалаадагы көп балалуу энелердин нааразылык акциясы, 4-сентябрь 2019-жыл.


Казакстандагы көп балалуу энелердин нааразылык акциялары Назарбаев президент кезинде эле күч алган, анын натыйжасы “элбашы” бийлигин тапшырарга бир ай калганда бүтүндөй өкмөт курамынын кызматтан алынышына алып келген.

Көп балалуу энелер, жалгыз бой апалар, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери мамлекет тарабынан убада кылынган жардам аябай эле аз экенин, ал жардам кээде келип, көбүнесе жетпей деле калганын айтышып нааразылык жыйындарын токтотпой келишти.

Казакстандын батышында мунайчылар эмгек шартын жакшыртууну талап кылышып иш таштоосун улантышты.

«Кытай» маселеси

Өлкөдө “Кытай экспансиясына” каршы деген нааразылык акциялары да көп жүрдү, алардын эң ириси 2019-жылдын 3-сентябрдагы Жаңы-Өзөндөгү ири нааразылык жыйыны болду, ага катышкандар Казакстанда кытайлардын курулушун токтотуу талабын коюшту. Андай нааразылыктар Алматы, Нур-Султан жана Шымкент шаарларында да өттү.

«Экспансияга каршы». Өткөн жылдагы Кытайга каршы акциялар


2016-жылдын апрель айында өткөн нааразылык жыйындары кайталанып кетпесин деп Токаев 2019-жылдын июлунда чет элдиктерге жер сатылбасын билдирди, ага улай Казакстан “Кытайга каршы глобалдык фронт” болбосун да эскертти.

Токаевдин өкмөтүнө Кытайдын Шиңжандагы саясатынан улам пайда болгон проблемалар менен иштөөгө туура келди, ал жерден алынган кабарларга караганда, миллиондон ашуун кытайлык мусулмандар, анын ичинде этникалык казактар да “саясий жагынан кайра тарбиялоо лагерлерине” жайгаштырылган.

Токаевдин кызматка кирүү жөрөлгөсү башталарга саналуу күндөр калганда Казакстанда бир жылга жакын жашаган этникалык казак Сайрагүл Саутбай кетүүгө мажбур болду. Ал “кайра тарбиялоочу” лагерлердин биринде иштеген, 2018-жылдын башында чек арадан мыйзамсыз өтүп, Казакстанда турган үй-бүлөсүнө келип кошулган. Бээжин аны кайтарып берүүнү талап кылган, андай талаптар Сайрагүлдүн эл аралык медиа каражаттарына лагердеги азап-тозоктор, казактардын куугунтукка алышы тууралуу маалыматтары көбөйгөн сайын күчөгөн.

Бийликтегилерге да коомчулук этникалык казактардын Кытайга кайтарылышына каршы экени айкын болду окшойт. Токаев кызматына расмий киришкенден кийин этникалык казактардын чек арадан мыйзамсыз өтүүлөрү күчөдү.

Мурагер Алимулы менен Кастер Мусахаулы Казакстанга 2019-жылдын октябрында келишкен. Бийликтер аларды Кытайга кайтарып жиберерин айта башташкан, бирок да ушул жылдын 21-январында алардын чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү сотто карала баштаганда Жайсандагы сот алдында нааразылык акциялары башталды. Сот экөөн тең айыптуу деп таап, кыска мөөнөткө абакка камашты, бул жагдай алардын азырынча Кытайга кайтарылбашынын кепилдиги болуп турат, утурумдук гана.

Ушундай эле жагдайда Шиңжандан келген бир нече казактар арасат турушат. Алардын баары Казакстандан баш паанек сурашкан.

Кырсык артынан кырсык

Токаевдин президенттигинин биринчи жылы болорун эч ким болжол кыла албас кырсыктарга туш келди. 2019-жылдын 24-июнунда Түркстан облусунун Арыс шаарынын жанындагы аскердик жарак-жабдык сакталчу кампадан өрт чыгып снаряддар жарыла баштады. Кырсыктан төрт киши набыт болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алышты, шаардын кыйла жери талкаланды, 40 миңге жакын кишини тынч жерге көчүрүүгө мажбур болушту.

Август айында Алматыны суу менен камсыз кылып турчу Каргалы сайында сел жүрдү. Ири калааны суу менен камсыз кылган аймакты сакташ үчүн бийликтегилер кескин чараларды көрүштү.

27-декабрда Алматыдан учуп жаткан "Bek Air" авиакомпаниясынын учагы кулап түштү. Учактын ичиндеги 98 адамдын 13ү набыт болду.

2020-жылдын февралында Жамбыл облусунун Кордай районунда этникалык жаңжал чыкты, казактар менен дунгандардын урушу башталды. 11 адам курман болуп, 20 миңдей дунган коңшулаш Кыргызстанга качып өттү.

Марттын башында мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн кара май казып алууну азайтуу тууралуу Венадагы жолугушуусу майнапсыз аяктады. Анын натыйжасында Сауд Арабиясы карамай казып алууну көбөйтүп, мунайдын дүйнөлүк баасын түшүрдү, мунай - Казакстандын сыртка чыгарчу негизги экспорту.

Марттын аягында Казакстанда таажы вирусунун жайылышы расмий катталды. Июндун ортосуна чейин жугуштуу ооруну жуктуруп алгандар саны 13,5 миң адамга жетти, 67 адам кайтыш болду. Көптөр бул санды азайтылган деп эсептешет.

Бир карын майды...

Казакстанда COVID-19 апаатынын күчөп кетиши Токаев өкмөтүн оорунун жайылып кетишине жол бербөө үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө түрттү. Башка өлкөлөрдөй эле Казакстан да биртоп шаарларын карантинге жапты. Бул болсо ансыз да мунай баасынын арзандашынан абалы куруп турган экономиканын дагы төмөндөшүнө алып келди.

2020-жылы Казакстан ИДП өсүшүн болжол менен 3,8% жетет деген үмүттө болчу, ал көрсөткүчкө жетишке эми эч кандай мүмкүнчүлүк жок.

Карантин чаралары Казакстанда күчөп бараткан нааразылыктарды токтотту, Токаев өкмөтү аз да болсо тыным алып, мындан ары эмне кыларын ойлонушка убакыт берди, бирок 6-июндан тартып Алматы баш болгон айрым шаарларда кайрадан каршылык акциялары чыга баштады.

Анан да жугуштуу оору июлда 80 жашка толчу Назарбаевди коомдук талаадан четтеп турууга мажбур кылды. COVID-19 апааты жайыла баштаган чактан бери ал коңулга кирип, дарек-дайынын билгизбей дымып калды.

Ошондон, кыязы, Токаев мамлекетти башкаруу кызматында жалгыз калды окшойт, апаатка каршы күрөштү өзү жетектеп, аймактардагы аткаминерлер менен жекеме-жеке жолугушуп, видеобайланыш аркылуу башка өлкөлөрдүн башчылары менен пикир алышып, ортодо түзүлүп калган жагдайды болушунча пайдасына иштетип калуунун аракетинде.

Анын көптөрдү таңдандырып майдын башында Дарига Назарбаеваны сенат спикерлигинен алып коюшу Казакстанды жаамы дүйнө алдында осол кепке калтырган жаманаттыдан кутулуунун бир жолу болуп калды.

Дарига менен тун уулу Нурали Алиевдин опсуз дүйнө-мүлкү тууралуу маалыматтар, кичүү баласы Айсултандын айланасындагы талаштар, анын баңгиликке аралашкан Лондондогу калаты жүрүм-туруму өлкөдөгү биринчи үй-бүлөнүн баш оорусу болчу. Буга кошумча Назарбаевдин иниси Болаттын кымбат баа жашоосу менен өлүү дүйнөгө чөмүлгөн жорук-жосундары саламаттык сактоо менен экономика жаатында масштабдуу кризиске кабылган тармакты кантип жайына коюунун жагдайын билбей жаткан жаңы президенттин көңүлүн алагды кылууга жарабады.

«Миллиондук зайып». Болат Назарбаевдин “эркесинин” саркечи


Ошол эле мезгилде Токаевдин тынч жыйындар жана партиялар тууралуу жаңы мыйзам убадасы үмүттү актаган жок.

Казакстанда тынч жыйындар тууралуу мыйзам кабыл алынган, анын эмнеси жакпайт?

Анческинин айтуусунда, «Токаевдин президенттигинин биринчи жылы, апыртпай айтканда деле кыйла татаал болду. Бир топ кыйынчылыктарды режим өзүнө-өзү жасап алган… Калганы сырткы мүнөзгө ээ, аларга деле ички деңгээлден берилген жооп алсыз болду».

Лиллис Токаевдин биринчи жылын мындайча сыпаттады: «Ал өзүнө аткарылбас милдетти алып алды – ырааттуулукту камсыз кылуучу өзгөрүүлөр жок кезде реформаларды жасаш мүмкүн эмес. Бул жыл Токаев үчүн өтө эле оор болду, эми алдыда мындан да оор кыйынчылыктар турат».

Макаланы кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду. Орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG