Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Казакстан карантинде «шаар күнүн» белгиледи


Ак Ордодогу фейерверк. 6-июль, 2018-жыл.
Ак Ордодогу фейерверк. 6-июль, 2018-жыл.

Казакстанда демократиялык партия түптөө боюнча демилге көтөргөн топтун башчысы, жарандык активист Жанболат Мамай Алматыда жалгыз пикетке чыкты.

Активист нааразылык акциясына мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө жана казак баш калаасы Нур-Султан шаарынын күнүнө туштап, 6-июлда чыкты. Жалгыз активисттин пикетин Алматы шаардык акимиятынын бир топ кызматкерлери көзөмөлдөп турушту.

Жарандык активист Жанболат Мамай өзүнүн жалгыз пикетин өткөрүш үчүн Алматы шаарынын борбордук аянтына саат 11:00дө келди. Мамайдын пикетин көзөмөлдөш үчүн алдын-ала даярданып турган Алматы шаардык акимиятынын кызматкери Айдар Эсенбеков ага дароо эскертүү берди:

«Сиздерден өтүнүч, алдын-ала белгиленген темадан чыкпаңыздар. Мында келген жарандар, бири-бириңиздер менен социалдык аралыкты сактаңыздар. Белгиленген убакыттан жана белгилүү темадан чыкпаңыздар».

Мамай «Насыялар кечирилсин», «Чет элдиктерге жер сатылбасын», «Марс Бокаевге боштондук» деген үч талап жазылган плакатын ачып, пикетти Эгемендик монументинин жанынан баштады. Активист кагазга жазган талаптарынан сырткары бийликтин коронавируска каршы күрөшүн да сынга алды:

Жанболат Мамай.
Жанболат Мамай.

«Бийлик эмне үчүн эки ай ичинде даярданган жок? Неге бийлик дары-дармекти камдап койгон жок? Дарыканалардагы кезекти көрсөңүз шумдук. Ушундай учурда Назарбаевдин эстелигин ачып атышат. Бул эмне деген маскаралык? Кайдагы эстелик, кайдагы той? Калктын абалы оор».

Активист коронавируска каршы күрөшкө бөлүнгөн каражаттар кандай жумшалып атканын ачыкка чыгарууну талап кылды. Ал бийликти карантин учурунда ар бир үй-бүлөгө 200 миң теңгеден төлөп берүүгө чакырды.

Активисттин жарым сааттык жалгыз пикетин жергиликтүү бийлик өкулдөрү жана бетин бекиткен белгисиз кишилер толук көзөмөлдөп турушту. Мамайдын пикети учурунда үн күчөткүчтөр менен жабдылган машине шаарда карантиндик абал өкүм сүрүп атканы тууралуу кулак тундура кыйкырып турду.

6-июлда казакстандыктар баш калаанын күнүн жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдыгын белгилешти. Казакстанда коронавирустка байланыштуу майрамдык иш-чаралар чектелгени менен кечке жуук салтанаттуу салют атылды. Калаа бийлигинин мындай шаңы казакстандык Интернет колдонуучулардын кыжырын келтирди. Алар коронавирустан күндө ондогон адамдар көз жуумп жатканда мындай кадамды орунсуз деп эсептешет.

Казакстанда коронавирустун 49 миңге жакын учуру катталган. Саламаттык сактоо министри Алексей Цой вирус жугузгандардын саны расмий көрсөткүчтөрдөн алда канча көп болушу мүмкүн экенин шейшембиде айчык айткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG