Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

Косанов: Жаңы спикер Токаев менен Назарбаевдин батасын алган


Казакстандык саясатчы Амиржан Косанов.

Казакстанда Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеванын мандаты токтотулса, 4-майда ал кызматты Маулен Ашимбаев ээледи. Коңшу өлкөдө Сенаттын төрагасы мамлекеттеги президенттен кийинки эле жогорку кызмат катары саналат.

Казакстандык саясатчы, 2019-жылы өткөн президенттик шайлоонун талапкери Амиржан Косанов «Азаттыкка» берген маегинде иш жүзүндө «кош бийлик» өкүм сүргөн Ак Ордодогу соңку өзгөрүүлөрдүн төркүнүнө токтолду.

«Азаттык»: Маулен Ашимбаев деген ким? Кыргыз окурмандарын анын расмий өмүр баянына жазылбаган жагы кызыктырат. Саясий салмагы кандай?

Амиржан Косанов: Маулен Ашимбаев далай жыл бийликте жүргөн саясатчы. Белгилүү жазуучу Сагат Ашимбаевдин уулу. Буга чейин «Нур Отан» партиясынын башында, президенттик администрацияда орун басар, ар кандай мамлекеттик мекемелерди башкарды. Мамлекеттик системанын калыптанып калган кадры.

Назарбаев болобу, Токаев болобу жогорку кызматка оппозициядан эч кимди койбойт. Аны биз так билебиз. Азыр Казакстанда жогорку кызматка дайындалып жаткан кишиге «Назарбаевдин адамыбы» же «Токаевдин адамыбы» деген собол салышат.

Казакстанда жогорку кызматка дайындалып жаткан кишиге «Назарбаевдин адамыбы» же «Токаевдин адамыбы» деген собол салышат.


Эң башкы окуя - Дарига Назарбаеванын Сенаттын төрайымдыгынан кеткени. Бир гана жыл отуруп, атасынын көзү тирүүсүндө кызматтан кетти. Казакстанда Сенаттын спикери өлкөдө президенттен кийинки эле экинчи чоң кызмат. Непадам президент бир нерсе болуп кетсе, Сенаттын спикери мамлекеттик бийликти дароо колуна алат.

Убактылуу утуш, макулдашылган чечим

«Азаттык»: Спикер Ашимбаев президент Токаевдин адамыбы же экс-президент Назарбаевдин адамыбы?

Амиржан Косанов: Ашимбаев – компромистик фигура. Бизде шайланган президент Токаев болгону менен анын ары жагында Назарбаев бар. Андыктан Назарбаев эң башкы саясий чечимдерди кабыл алууга аралашып, аларга таасир этери айныксыз. Сенаттын төрагасы сыяктуу жогорку кызматка дайындоо да алардан чыгып отурат. Андыктан жаңы дайындалган спикер макулдашылган чечим. Азыр бизде эч бир саясатчы, эч бир олигарх «мен тек гана Токаевдин же Назарбаевдин кишисимин» деп айта албайт. Анткени булар эки адамга тең ант берип, эки адамдын тең батасын алгандар. Ашимбаев өзү да кимдин адамы экенин айта албайт.

Кандай болгондо да Дариганы кетирип, ордуна башка адамдын келгени Токаевдин убактылуу болсо да жеңиши деп ойлойм. Бирок анын компромистик чечим менен келгенин дагы баса белгилейм.


«Азаттык»: Эмне үчүн Нурсултан Назарбаев өз кызы Дариганы ушул мамлекеттеги экинчи чоң кызматтан алууга макулдугун берди?

Амиржан Косанов: Бул жерде Токаев өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Сөзсүз Нурсултан Назарбаев менен кеңешилген нерсе. Анткени Дарига Назарбаева тууралуу чет элдик басылмаларда, эл ичинде мүлкү, акчасы тууралуу компромат материалдар жарыяланып кетти.

Дариганы кетирип, ордуна башка адамдын келгени Токаевдин убактылуу болсо да жеңиши.


Экинчиден, Токаевдин шайланганына бир жылдан ашты. Ал да өзүнүн күчүн эми сезип жаткан сыяктуу. Ал да өзүнүн келечегин ойлойт. Ал да кийин тарыхта бирөөнүн көлөкөсүндө жүргөн президент эмес, чечкиндүү президент катары калгысы келди. Ошондой жоопкерчиликтүү чечим кабыл алды. Эртең беш жылдан кийин элдин социалдык абалы, экономика, саясат тууралуу суроолор чыгат. Ошонун баарын Назарбаевден эмес, Токаевден сурашат. Ошол себептен ал бийликти колуна алып жаткандай. Мага ошондой сезилди.

«Азаттык»: Демек Касым-Жомарт Токаевдин орду бекемделди, айрым эксперттер айткандай, убактылуу гана президент эмес, ага Казакстанды башкарууга толук мүмкүнчүлүк ачылды десек болобу? Бул бийлик сценарийи ошону көрсөтүп жатабы?

Амиржан Косанов: Убактысы келер. Өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүгүн, жоопкерчилигин сезүү керек. Ал үчүн кадр саясатына тикелей аралашуусу керек, ал үчүн таасирин арттырышы керек. Таасирин арттырбаса аны олигархтар да, саясий элита да тоготпойт. Ошон үчүн бул өзгөрүүнү Токаевдин башкаруучу топтор алдындагы кадыр-баркын көтөрүү аракети катары бааладым.

Эртең дагы бир суперпрезидент пайда болбошу үчүн бизге күчтүү парламент керек.


Кыргыз агайындар деле түшүнсө керек. Мындан 30 жыл мурда Назарбаев да өзүнүн командасын топтой баштаган. Ниети ак, өзүнө берилген адамдарды тегерегине жыйнаган. Ошонун айынан бизде жердешчилик, уруучулук, таанышчылык, трайбализм, авторитардык бийлик күчөп кетти. Далай адамдар кодуланып, соттолуп, атылды. Назарбаевдин мындай системасы дагы кайталанбашы үчүн бизге күчтүү парламенттик система керек. Алдыда келе жаткан парламенттик шайлоого жарандык коом аралашып, дагы бир суперпрезиденттик башкарууга жол бербей турган күч пайда болушу керек деп ойлойм.

Кош бийликтин келечеги

«Азаттык»: Кыргыз журтчулугун кызыктырган суроо: Дарига Назарбаеванын мындан аркы саясий сапары кандай болот?

Амиржан Косанов: Бул эми Назарбаев менен Токаевдин ортосунда чечиле турган иш. Анткени азыр Дариганын болсун, биздин мамлекеттин тагдыры болсун, ортодо чечилип жатат. Ал эртең аткаруучу бийликке барат же башка бир жерден чыга келиши мүмкүн. Балким аны элчиликке же дагы бир чечүүчү кызматка дайындашат. Парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Токаев парламенттин ролун күчөтүүгө белсенүүдө. Ошондой учурда партияны жетектеп калышы да мүмкүн. Али белгисиз. Бирок Дариганын тагдыры Назарбаев менен Токаевдин колунда экени анык.


«Азаттык»: ​Казакстандагы кош бийликтин комбинациясы өзгөрөбү?

Амиржан Косанов: Өзгөрөт. Кандай болбосун Назарбаев казакча айтканда «базардан кайтып калган чагы». Ал быйыл 80 жашка чыгат. Бир кезде аны менен катар жүргөндөр кызматтан да, өмүрдөн да кетип жатышат. Токаев болсо жаңы, экинчи президент. Алдыда төрт-беш жылдык мандаты бар. Иштегиси келет, эл көзүнө илингиси келет. Жашыруун эмес, Токаев тууралуу жагымдуу либералдык ураандар айтылып жатат. Саясий партиялар тууралуу мыйзамдар өзгөрүп жатат.

Дариганын тагдыры Назарбаев менен Токаевдин колунда экени анык.


Албетте, биз анын лидер болушун каалайбыз. Кандайдыр бир алга карай жылыш бар. Муну да айтып кетиш керек. Кандай болгон күндө да кош бийлик акырындап өзгөрөт. Кайсы бир убакыт келгенде аны Назарбаев да, Токаев да түшүнөт. Кандай болгон күндө да Конституция боюнча бизде президенттин өзүнүн милдеттери бар. Акырындап кош бийлик да жоюлат, бийлик өз нугуна түшөт.

Бирок мен дагы бир жолу белгилеп айткым келет. Эртең дагы бир суперпрезидент пайда болбошу үчүн бизге күчтүү парламент керек. Казак коому ошол маселени эмитеден ойлонушу зарыл.

Пандемиядан пайда тапкан бийлик

«Азаттык»: Касым-Жомарт Токаевге Казакстандагы кландык-олигархтык система канчалык мүмкүнчүлүк берет?​

Амиржан Косанов: Албетте, бизде кландар өтө күчтүү. Мурдатан бийлик кландык-олигархтык система орнотуп салган. Алар ачык да, тымызын да саясий чөйрөгө аралашат. Өздөрүнүн талапкерлерин түртөт. Аларды биз шайлоолорду ачык өткөрүү аркылуу гана жеңе алабыз. Толук жеңе албасак да ачык-айкындуулук менен гана кландарды алсыратууга болот.

«Азаттык»: Казакстанда да дүйнөдөгүдөй эле коронавирус коркунучу күчөп турган маал. Мындай ушундай кооптуу кырдаалда эмне үчүн Ак Ордодо күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат?

Амиржан Косанов: Коронавирус, карантин бийликке жакшы жагдай түзүп берди. Себеби эл нааразы болсо көчөгө чыга албайт. Чогула албайт, жыйын өткөрө албайт. Бийлик ушундай учурдан пайдаланып, өзүнө жакын адамдарды кызматка дайындап жатат.

Өзүңүз көрдүңүз бул чечим майрам күнү кабыл алынды. Тилекке каршы, азыр Казакстанда кырдаалга баа бере турган күчтүү оппозициялык партиялар да жок. Кыскасы, азыр бийлик үчүн эң жагымдуу, ыңгайлуу учур деп айтсам жаңылышпайм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG