Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

АКШда коронавирус жугузгандар азая элек


АКШда коронавирусту аныктоо боюнча тест алып жаткан дарыгер.
АКШда коронавирусту аныктоо боюнча тест алып жаткан дарыгер.

АКШда ушул аптада расмий органдар коронавирус кескин көбөйөрүн эскерткенине карабай Алкыш айтуу күнүнө карата миллиондогон америкалыктар жакындары, достору менен чогулат.

Кошмо Штаттарда күн сайын орточо 178 миңден ашык адамдан вирус табылып, ал эми айдын башынан бери күн сайын 86 миңдей адам ооруканага кайрылууда. Бул кырдаал саламаттык сактоо тармагына күч келтирип жаткан кези.

Коронавирустан каза болгондордун саны бир суткада 1500гө чейин жетип жатат. Буга байланыштуу АКШдагы борбордук жана штаттардагы бийлик органдары жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө.

Быйыл майрам учурунда сапарга чыккандар былтыркыдан аз. Бирок бийликтин эскертүүсүнө карабай Алкыш айтуу күнүндө миллиондогон америкалыктар авиа жана авто каттам аркылуу жолго чыгышууда.

Бул жылы пандемияга байланыштуу Рим католик чиркөөсү Мексикадагы Ыйык Гваделупа чиркөөсүнө зыярат кылууга тыюу салды. Жыл сайын бул айларда ушул чиркөөгө миллиондогон адамдар зыярат кылчу.

Католик чиркөөсү христиандарды ыйык жайга зыярат кылууну ордуна өз үйлөрүндө же жакынкы чиркөөдө сыйынууга чакырды.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун мизи кайтпай жаткан учурда вируска каршы бир нече вакцина ойлоп табылганы үмүт жаратууда.

Ал ортодо Европадагы өлкөлөр ар кыл чектөөлөрдүн эсебинен илдеттин кеңири жайылышын көзөмөлгө алууга аракет кылып жатышат.

Германиянын бийлиги өлкөгө киргизилген чектөөлөрдү 20-декабрга чейин узартуу маселеси талкууланып жатканын билдирди.

Бул өлкөдө ноябрда жарыяланган жарым-жартылай карантин вирустун жайылышын басаңдатканы менен жаңыдан жугузуп алгандардын саны өзгөрө элек.

Ал эми Францияда октябрда жарыяланган карантин коронавирус жугузгандардын жана ооруканага кайрылгандардын азайышына шарт түздү. Өлкөнүн президенти Эммануэл Макрон 24-ноябрда элге кайрылышы күтүлүүдө. Анда француз президенти Рождество алдында чектөөлөрдү жумшартуу боюнча чечимдерин жарыялашы мүмкүн.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон болсо өлкөдөгү төрт жумага созулган карантинди токтотуп, бул өлкөдө аймактык бир нече деңгээлдеги чектөөлөр болушу мүмкүн экенин билдирди.

Чехияда парламенттин ондогон депутаттары коронавирустан улам чакан дүкөндөрдүн ишин токтотуу боюнча өкмөттүн чечимине каршы Конституциялык сотко кайрылышты. Алар мындай чектөөдөн улам чакан дүкөндөр биротоло жабылуу коркунучуна кабылганын билдиришти.

Орусияда болсо вирус жугузгандар, ооруканага кайрылгандар жана каза болгондор дагы эле көп. 23-ноябрда бул өлкөдө 25 миңден ашык адам ооруну жугузганы аныкталып, бул эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Орус өкмөтү мындай кырдаалга карабай карантин киргизүү планы жок экенин билдирди.

Ал эми вирус тездик менен таралып жаткан Болгариянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү мектептерди, ресторандарды жана эс алуу жайларын жабууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG