Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Трамп Пентагондогу жетекчилерди алмаштырды


Пентагондогу соңку өзгөрүүлөрдөн улам демократтар менен айрым аскер адамдары өлкөнүн улуттук коопсуздугу боюнча тынчсыздануу билдирип жатат. 
Пентагондогу соңку өзгөрүүлөрдөн улам демократтар менен айрым аскер адамдары өлкөнүн улуттук коопсуздугу боюнча тынчсыздануу билдирип жатат. 

АКШнын Коргоо министрлиги 10-ноябрда Пентагондун айрым башчылары алмашканын билдирди. Ага ылайык, президент Дональд Трамптын бир катар тарапкерлери маанилүү кызматтарга дайындалды.

Мунун алдында Дональд Трамп коргоо министри Марк Эсперди күтүүсүз кызматтан алган. Мындай өзгөрүүлөрдөн улам демократтар менен айрым аскер адамдары өлкөнүн улуттук коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатат.

Дональд Трамп коргоо министри Марк Эсперди кызматтан алганын 9-ноябрда «Твиттердеги» баракчасына жазган жана ага эмне себеп болгонун тактаган эмес. Анын ордуна ушул кезге чейин Контртеррордук борборду жетектеп келген Кристофер Миллерди көрсөткөн.

Эспер кызматтан алынгандан кийинки күнү эле Пентагондун башкы саясий кеңешчиси Жеймс Андерсон дагы отставкага кетти. Бул кызматка армиянын отставкадагы генералы Энтони Тата келди. Ал убагында экс-президент Барак Обаманы «террорчулардын лидери» деп атаганы менен белгилүү болгон.

Сенатта ушул жылдын август айында Татаны коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары кызматына бекитүү маселеси каралбай калган.

Пентагондогу соңку өзгөрүүлөргө ылайык, коргоо министринин чалгын иштери боюнча орун басары Жозеф Кернан да иштен кетип, анын ордуна Эзра Коэн-Уотник келди. Ал Иранга каршы катаал чараларды көрүүнү жактаган көз карашы менен таанымал.

Коэн-Уотник Трамптын администрациясында улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Майкл Флинндин жардамчысы болуп иштеген жана Пентагондогу атайын опрецияларга жооптуу аткаминер болгон.

Пентагон буга чейин Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинде террорчулук менен күрөш боюнча башкы кеңешчи болуп иштеп келген Каш Патель жаңы дайындалган коргоо министри Кристофер Миллердин аппаратын башкарарын айтты. Патель Өкүлдөр палатасы Трамптын Орусия менен байланышын иликтеп жатканда Конгресстеги республикачылар менен тыгыз иштешкен.

Пентагондогу мындай өзгөрүүлөр Трамптын Байдендин администрациясына бийликти өткөрүп бербөө ниети менен мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу кооптонууну күчөттү.

Өкүлдөр палатасындагы демократ конгрессмен, Куралдуу күчтөр боюнча комитеттин башчысы Адам Смит өткөөл мезгилде Пентагондогу мындай өзгөрүүлөр «кооптуу» болорун эскертти:

«Коргоо министри кызматтан алынгандан кийинки күнү эле жогорку даражалуу адистердин отставкасы Коргоо министрлигин бүлүндүрүү жараяны башталганынан кабар бериши мүмкүн жана бул америкалыктардын баарында тынчсыздануу жаратышы керек. Башаламандык Пентагонго да жеткендей. Жеймс Андерсондун иштен кеткени, анын ордуна убагында Сенаттын тандоосунан өтпөй калган Энтони Татанын дайындалганы жатканы чоң тынчсызданууну негиз болот. Президент улуттук коопсуздук боюнча адистерди кызматтан алып, алардын ордуна өзүнө ийкемдүү адамдарды дайындап жатканы алдыдагы 70 күн эң эле жакшысы ишенимдүү болбойт, болбосо толук опурталдуу болот дегенден кабар берет», - деп жазды Смит.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шайлоодон чыккан талаш-тартыштар боюнча үн катты. Ал «мыйзамдуу добуштардын» баары саналгандан кийин Трамптын жеңгени, экинчи кызматтык мөөнөткө калганы анык болот деп билдирди:

«Трамптын администрациясы экинчи мөөнөткө өз ыргагы менен өтөт, туурабы? Биз ага даярбыз. Дүйнө бул жакта эмне болуп жатканын карап турат. Биз бардык добуштарды санаганы жатабыз».

Дональд Трамптын кызматтык мөөнөтүнүн соңуна чыгышына 70тей күн калды жана ал эмгиче Жо Байдендин жеңишин тааный элек.

Пентагондогу соңку өзгөрүүлөрдөн улам демократтар менен айрым аскер адамдары улуттук коопсуздук саясаты, Коргоо министрлигинин саясатташтырылышы боюнча кооптонуп жатышат.

Соңку дайындоолор Трампка буга чейин Эспер жана башкалар каршы чыгып келген саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Маселен Эспер каршылык акцияларды басууга армияны тартуу тууралуу демилгени колдогон эмес. Ошондой эле Трамп жагдайдан пайдаланып Ооганстандан америкалык жоокерлердин баарын чыгарып кетиши ыктымал.

«The New York Times» басылмасы Коргоо министрлигинин расмий өкүлдөрү Жо Байдендин президенттик мөөнөтү башталганга чейин Трамп Иранга каршы тымызын, же болбсо ачык операция баштап жибериши ыктымал деп кооптонуп турушканын жазды.

Байден бийликке келгенде эки өлкөнүн ортосунда соңку учурда бир катар себептерден улам курчуп кеткен чыңалууну басаңдатары болжолдонуп жаткан.

XS
SM
MD
LG