Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Байдендин саясаттагы 50 жылы


Жо Байден, 7-ноябрь, 2020-жыл.
Жо Байден, 7-ноябрь, 2020-жыл.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды.

Демократиялык партиянын талапкери шайлоочулар коллегиясынын 279 добушун алып, Дональд Трамптан озуп чыкканын америкалык медиа каражаттары жазышты.

Демократ Жо Байден 7-ноябрда шайлоону жеңгени маалым болгондон кийин жасаган билдирүүсүндө аны максаты мамлекетти бириктирүү экенин баса белгиледи. Делавэр штатындагы өз үйүнөн алыс эмес жерде тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Байден буларды айтты:

«Бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасады. Алар бизге таза жана ишенимдүү жеңиш тартуулашты. Биз Американын тарыхында эң көп - 74 миллион добуш менен уттук! Мен бөлүүгө эмес, бириктирүүгө умтулган, кызыл жана көк штаттарды эмес, жалпы Кошмо Штаттарды көргөн президент болууга ант беремин».

Дал ушул штаттан ал 1972-жылы 30 жашында сенатор болуп шайланып, чоң саясатка кадам таштаган.

Байдендин тарапташтары анын жеңишин майрамдашууда.
Байдендин тарапташтары анын жеңишин майрамдашууда.

Тарапташтары коронавирус пандемиясынан улам машинелеринен чыкпай, Байденди колдоп турушту. Демократтардын лидери «сынчыл риториканы токтотууга» чакырды.

«Дональд Трампка добуш бергендердин ызасын түшүнүп турам. Мен өзүм да бир-эки жолу утулгам. Келгиле, бири-бирибизге мүмкүнчүлүк берели. Сынчыл риториканы токтотуп, чыңалууну басаңдатып, кайрадан бири-бириңерди угууга жана көрүүгө убакыт келди. Прогресске жетүү үчүн биз атаандаштарыбызга душмандай мамиле жасаганды токтотушубуз керек. Алар биздин душман эмес, алар – америкалыктар».

Байден ишин COVID-19 пандемиясын көзөмөлгө алуудан баштай турганын билдирди. Ал «бул пандемияны жок кылуу үчүн болгон аракетин жумшарын» кошумчалады.

78 жаштагы Жо Байден менен бирге 56 жаштагы Камала Харрис вице-президент болуп шайланды. Ал АКШнын тарыхындагы алгачкы аял, ынды кара жана азия тектүү вице-президент болуп калат. Харрис «шайлоочулар Америка үчүн жаңы баракты ачышканын» айтты.

«Мен бул кеңседеги биринчи аялмын, бирок акыркы аял эмесмин. Америкалык бардык секелек кыздар мамлекет аларга кандай мүмкүнчүлүк бере аларын билишсин. Кыялыңар бийик болсун, максатыңарга жеткиле».

Камала Харрис
Камала Харрис

Байден «Твиттердеги» баракчасына шайлоочуларга ыраазычылык билдирип, «жалпы америкалыктардын президенти болорун» жазды.

Ал эми азыркы президент Дональд Трамп утулганын мойнуна алуудан баш тартууда. Ал өз билдирүүсүндө «Шайлоо азырынча аяктай элек» деп жазган. Ал айрым штаттарда добуштарды кайра саноо болорун кошумчалады. Анткен менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айтымында, добуштар кайра саналса деле шайлоонун жыйынтыгын өзгөртпөйт. Трамп 7-ноябрда эле «Твиттерге» «жеңишке жеттим» деп жазып ийген.

Трамптын юристтери Пенсильвания, Мичиган, Жоржия сыяктуу эки талапкердин ортосундагы добуштардын айырмачылыгы аз болгон штаттарда добуштарды кайра санап чыгуу боюнча сотко кайрыларын билдиришкен.

7-ноябрда шайлоодо Жо Байден жеңгени тууралуу кабар тараган маалда президент Дональд Трамп Виржинияда гольф ойноп жүргөн.
7-ноябрда шайлоодо Жо Байден жеңгени тууралуу кабар тараган маалда президент Дональд Трамп Виржинияда гольф ойноп жүргөн.

Пандемия шартында Дональд Трамп менен айыгышкан атаандаштыкта өткөн шайлоо кампаниясынан кийинки жеңиш Жо Байдендин 30 жылдан берки кыялы болчу.

Байден 20-ноябрда 78 жашка чыгат. Ал АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент болмокчу. Демократтардын лидери бардык америкалыктардын башын кошуп, коронавирустун жайылышын басаңдатуу, НАТОдогу өнөктөштөр менен мамилени жакшыртып, АКШнын кадыр-баркын калыбына келтирүүнү убада кылып келген. Ал буга чейин «Трамптын ар бир кадамы Американын кадыр-баркын түшүрүп, таасирин жокко чыгарып жатканын» билдирген болчу.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. 10 миллиондогон киши почта, факс, электрондук почта аркылуу эрте добуш беришти. АКШда президент штаттын калкына жараша бөлүнгөн шайлоочулар коллегиясы аркылуу тандалат. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болот.

Президенттикке карай узак жол

Жо Байден Вашингтондо жарым кылымга жакын эмгектенди. Анын ичинде 35 жыл сенатор катары иштесе, сегиз жыл Барак Обаманын президенттиги учурунда 2009-2017-жылдары АКШнын вице-президенттигин аркалады. Байден 35 жыл бою сенаторлук үчүн ат салышканда бир да жолу жеңилбегени менен саясий карьерасында көп эле ийгилик жылмайбаган учурлар да болгон.

Вице-президент Жо Байден менен президент Барак Обама
Вице-президент Жо Байден менен президент Барак Обама

Байден биринчи жолу президенттик кызмат үчүн 1986-жылы 46 жашында Демократиялык партиядан ат салышкан. Бирок праймеризде талапкерлигин алып салган. Буга кайрылууларын башка саясатчылардын билдирүүлөрүнөн көчүрүп алганы жана университетте окуп жүргөндө кайсы бир илимий ишти өзүнүкү катары колдонгону тууралуу журналисттик иликтөөнүн жарыяланышы себеп болгон. Мындан соң Байден университетте бир сабактан кайрадан сынак тапшырууга аргасыз болгону белгилүү.

2007-жылы Байден президенттикке ат салышууну көздөп, бирок Демократиялык партиянын ичинде жетиштүү колдоого ээ боло алган эмес. 2008-жылы Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама Жо Байденге вице-президенттик кызматты сунуштаган.

Обама 2012-жылдагы шайлоодо да Байденди вице-президенттикке көрсөткөн. Саясий эксперттер өлкөдөгү экинчи жетекчиликке сунуштоодо АКШнын 44-президенти Обама Жо Байдендин эл аралык тармактагы тажрыйбасын эске алганын белгилешкен. Себеби Байден үч жолу Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетин жетектеген, көп жолу соода-сатык, өзөктүк куралданууга каршы сүйлөшүүлөргө катышкан. Ошондой эле 1979-жылы Советтер Союзунун жетекчилери менен жолугуп, СССР тараган соң НАТОнун таасирин кеңейтүү идеясын колдоп чыккан.

Байден - Трамптын башкы атаандашы

2020-жылдагы президенттик шайлоого Жо Байдендин Демократиялык партиядан талапкер катары катышары башында бир топ күмөн жараткан. Биринчи праймериз жана дебаттарда саясатчы алдыга дароо суурулуп чыга алган эмес. Бирок акыр-аягы президенттикке экинин бири катары ат салышты.

Байден талапкерлигин коёрун алгач 2019-жылдын башында жарыялаган. Ал учурда Ак Үйдөгү башкы кызмат үчүн ондогон саясатчы ат салышарын жарыялаган эле. Алардын арасында жаштар, либералдар, солчул позицияны колдогондор да бар болчу. Алардын фонунда Байден АКШда туруктуулукту камсыз кылчу адам катары көрүнүп калды. Саясатчы өзү белгилегендей, Трамп башкарган жылдары АКШ расалык, социалдык жана башка толгон-токой маселелер боюнча «пикир келишпестиктердин майданына» айланган.

Байден президенттик үчүн ат салышарын жарыялаганда «Биз улутубуздун жан дүйнөсү үчүн күрөшөбүз» деп айткан. Ал эгер Трамп дагы бир мөөнөт өлкөнү башкарса, «түбөлүк жана фундаменталдуу түрдө улуттун мүнөзүн өзгөртүп салат» деп ачык сындаган. Ошондуктан «четте кайдыгер гана карап турбаш үчүн жарышка түшүүнү чечкенин» саясатчы бир нече жолу белгилеген жайы бар.

Аналитиктер Байден басып өткөн жолуна, тажрыйбасына таянып, шайлоочулар менен түз сүйлөшүп, алардын ишенимине ээ болгон үчүн саясатта узак убакыт кармалып жүргөнүн айтышат. Ал башында шайлоо кампаниясын анча алгылыктуу жүргүзө албаса да, бара-бара америкалыктардын ишенимине ээ болуп, Демократиялык партиядагы башкы атаандаштары Берни Сандерс жана Элизабет Уоррен сыяктуу солчул саясатчылардын тарапкерлерин өзүнө тарта алды.

«Washington Post» басылмасынын баяндамачысы Макс Бут "демократтардын праймеризиндеги жеңишинин артында «Жо абанын» көпчүлүктүн көңүлүн таба билген өзгөчөлүгү деген жөнөкөй гана факт турат" деп жазган. Бул кийин Трамп менен дебатка чыккан учурунда абдан байкалды. Анда Байден токтоо, астейдил гана мүнөзү менен атаандашынын кемчиликтерин ашкере кылып жатты.

Жо Байден президенттик шайлоо өнөктүгүндө АКШда 200 миң адамдын өмүрүн алган коронавирус пандемиясы учурундагы Дональд Трамптын саясатын сындап, ушуга өзгөчө басым жасады. Ошондой эле америкалыктардын биримдигин чыңдай турганын байма-бай айтып жатты.

Байдендин уулу аралашкан чыр

Президенттик жарыштын жүрүшүндө Трамп Байденди «өз көмөчүнө күл тарткан» коррупциялашкан саясатчы катары эл алдында катуу сындады. Бул жаатта Жо Байдендин вице-президент кезинде Орусия Донбассты аннексиялап алган соң Украинага барган учурдагы ишмердигине көңүл бурулду.

Байден Украина боюнча иштей баштагандан бир ай өтпөй анын уулу Хантер украиналык «Burisma» аттуу газ өндүргөн компаниянын директорлор кеңешине мүчө болуп кирген.

Жо Байден уулу Хантер менен, 2010-жыл
Жо Байден уулу Хантер менен, 2010-жыл

Трамптын командасы дал ушул учурда Жо Байден өз таасирин салып «Burisma» компаниясынын ишин текшерүүгө алган Украинанын башкы прокурору Виктор Шокинди кызматтан алган деп айыптап чыккан. Бирок Байден бул айыпты четке какканы менен бул маселе Сенатта көтөрүлүп, бир топ жаңжалга кириптер болду.

Жо Байден 2021-жылдын 20-январында расмий президенттик кызматка киришет. Анын алдында жумушсуздук, миграциялык саясат, расалык дискриминацияга байланыштуу бир катар милдеттер турат. Буга кошумча коронавируска каршы эффективдүү жаңы стратегияны иштеп чыгып, жыйынтык көрсөтүшү керек.

Тышкы саясатта болсо Германия, Франция баштаган бир нече өлкөлөр менен мамилени оңдоп, Орусия, Кытай сыяктуу державалар менен алакадагы маселелерди чечүү зарыл.

Үй-бүлөсүнүн таржымалы

Жозеф Робинетт Байден Пенсильвания штатындагы Скрэнтон шаарында 1942-жылы туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Анын ата-энеси өз турмушуна тың, бардар адамдар болгон. Бирок Жо 13 жашка чыкканда үй-бүлө финансылык кыйынчылыкка кабылган. Мындан соң алар Пенсильваниядан Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарына көчүп барышкан. Ал жакта келечектеги саясатчынын атасы унаа сатып, үй-бүлөсүн баккан.

Байден католик мектебинде окуган. Бала кезинде орто окуганы менен коомдук иштерге активдүү катышып, мектептин президенти болгон.

Мектепти аяктаган соң Делавэр штатындагы университетке тапшырып, юрист кесибине ээ болгон. Кийин Сиракуз университетинде билимин өркүндөткөн.

1966-жылы 24 жашында Жо Байден Сиракуз университетинин студенти Нейлия Хантерге үйлөнгөн. Кийин Делавэрге кайтып барып, юридикалык ишмердик менен алектенген.

Жо Байден эки уулун көтөрүп турат, 1972-жыл.
Жо Байден эки уулун көтөрүп турат, 1972-жыл.

1972-жылы Нейлия жана бир жаштагы кызы Наоми жол кырсыгында каза тапкан. Кырсыктан Байдендин уулдары Хантер жана Бо да жаракат алган. Ал кезде 29 жаштагы Байден АКШнын Конгрессине жаңы гана шайланып, өлкө тарыхындагы эң жаш сенатор болчу.

Карьерасы өр тартып турган учурда жубайынан ажыраган Жо Байден алгач балдарына кам көрүү үчүн Сенаттагы кызматынан баш тартарын жарыялаган. Бирок кесиптештери менен үзөңгүлөштөрү каршы чыгып, саясаттагы ишмердигин уланткан.

Энесинен айрылган балдарын жалгыз калтырбаш үчүн сенатор Байден бир нече жыл Делавэрден Вашингтонго күн сайын поезд менен барып-келип иштеген. Бул үчүн кесиптештеринин арасында «Amtrak Joe» деген ылакап атка конгон. «Amtrak» – АКШдагы улуттук темир жол ишканасы.

АКШнын жаңы шайланган лидеринин туңгуч баласы Бо Байден атасынын жолун жолдоп саясатка аралашып, Делавэрде прокурорлук кызматты аркалаган. Бирок 2015-жылы мээ рагынан 45 жашында каза болгон.

Жо Байден Иракта кызмат өтөгөн америкалык аскерлердин катарындагы уулу Бо менен, 2009-жыл.
Жо Байден Иракта кызмат өтөгөн америкалык аскерлердин катарындагы уулу Бо менен, 2009-жыл.

Ал эми экинчи уулу, 50 жаштагы Хантер Байден узак убакыт бою аракечтиктен жана баңгизаттан арылуу үчүн клиникада дарыланганын медиа каражаттары жазган эле. Ал бир нече компаниянын директорлор кеңешинде мүчө болуп, чуулуу иштерге аралашкан. Хантер Байдендин Украинадагы «Burisma» компаниясы менен кызматташуусу боюнча иликтөө жүрүп, аны атаандаштары Жо Байденге каршы колдонушкан.

XS
SM
MD
LG