Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШ Сириядагы позициясын бекемдейт


Сириянын түндүгүнөн чыгып жаткан америкалык күчтөр, 20-октябрь 2019-жыл.
Сириянын түндүгүнөн чыгып жаткан америкалык күчтөр, 20-октябрь 2019-жыл.

АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик позициясын бекемдейт. Бул тууралуу Пентагон 24-октябрда билдирип, мындай чечимин чөлкөмдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун кайра баш көтөрүшүн жана алардын мунай кендерин басып алышын алдын алуу максаты менен түшүндүрдү.

Кезинде Сириянын түрк чегине жайкын аймактарын америкалык күчтөр менен күрт кошуундары көзөмөлдөп турса, эми бул өрөөндү түрк-орус аскерлери күзөткөнү жатат. Аймакта Орусиянын аскердик техникалары көбөйө түшкөнүн чөлкөмдө тартылган видеолор күбөлөп турат.

Октябрь айынын башында президенти Дональд Трамп бул аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү чечкен. Андан көп өтпөй Түркия өз чегине жакын өрөөндөн күрт кошуундарын сүрүп чыгарууну көздөгөн "Тынчтык булагы" операциясын баштаган.

Эми Пентагон бул чөлкөмдө АКШнын аскердик позициясы кайра бекемделе турганын билдирди. Муну аймакта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун баш көтөрүшүн жана мунай кендерин басып алышын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү.

"Сириянын чыгышындагы мунай кендерине көзөмөлдүн орнотулушу "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө АКШнын жана биздин өнөктөштөрдүн чоң жетишкендиги болгон. Мунай экстремисттик топтун маанилүү киреше булагы эле. АКШ "Сириянын" демократиялык күчтөрү менен бирге ал мунай кендеринин "Ислам мамлекети" тобунун же башка туруксуздукка жол ачкан оюнчулардын колуна өтүп кетишин алдын алуу үчүн Сириянын түндүк-чыгышындагы позициясын бекемдөөгө дилгир", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Эки күн мурда президент Трамп да чөлкөмдөгү мунай кендерин коргоо үчүн 200-300 америкалык аскер Сирияда калганын айткан.

- АКШ күчтөрүнүн абдан чакан тобу чөлкөмдө кала берет. Алар мунай кендерин кайтарып турушат. Келечекте эмне кылуу керек экенин чечебиз, - деп билдирген Трамп.

Пентагондун соңку билдирүүсүндө Сириянын кайсы аймагына канча аскер жайгашары так белгиленген жок. Бирок америкалык басылмалар кеп Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор провинциясы жөнүндө болуп жатышы мүмкүндүгүн жазышты.

«Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы уруштарда Вашингтонго арка-жөлөк болуп келген күрт күчтөрү 2018-жылы экстремисттик топту бул провинциядан сүрүп чыгып, мунай кендерине көзөмөлүн орноткон.

Алар Ак үйдүн Сириянын түндүгүндөгү Түркияга жакын аймактардан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимин кескин сынга алышкан. Ошентсе да күрт жана араб күчтөрүнөн турган "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" өкүлдөрү АКШ менен өнөктөштүк уланарын ишара кылышууда.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" командири Мазлум Абди.
"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" командири Мазлум Абди.

- Орус тарап менен жолугушуулар уланууда. Биздин максат - элибиздин коргоого алынышын камсыз кылуу. АКШ менен мамилеге келсек, жакында президент Трамп телефон чалып, алар узак убакыт кала беришерин, "Сириянын демократиялык күчтөрү" менен өнөктөштүк дагы узакка уланарын ырастады. Азыр биз Сириянын түндүк-чыгышындагы аймактарды кантип кайра алуунун жолдорун талкуулап жатабыз, - деп билдирди "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" командири Мазлум Абди.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын бутага алган «Тынчтык булагы» операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын билдирген.

Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыптап, чөлкөмдөгү туруксуз кырдаал жаралса, экстремисттик топтор баш көтөрүшү мүмкүн экенин эскертишкен.

Сириянын түндүк-чыгышындагы Кобани шаарына бара жаткан орус күчтөрү, 23-октябрь 2019-жыл.
Сириянын түндүк-чыгышындагы Кобани шаарына бара жаткан орус күчтөрү, 23-октябрь 2019-жыл.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. Бул мөөнөт аяктаар алдында Анкара менен Москва жаңы келишим түзүп, ага ылайык, күрт кошуундарына Сириянын түрк чегине жакын жайгашкан, туурасы 32 чакырымдык тилкеден чыгып кетүүгө кийинки жуманын ортосуна чейин убакыт берилген. Келишимде Сириянын бул аймагындагы коопсуз тилкени түрк-орус күчтөрү күзөтөрү жазылган.

Түркиянын Сириядагы аракеттери НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги саммитинин биринчи күнүндө кескин сынга алынды. Германия Сирияда түзүлө турган коопсуз тилкеге эл аралык күчтөрдү жөнөтүүнү сунуштады. Муну күрт кошуундарынын өкүлдөрү колдоп чыгышты.

Бирок сириялык күрттөрдү "террорчулар" деп мүнөздөгөн Түркиянын президенти Режеп Тайып Орусия менен келишим толук ишке ашырыла турганын айтты. Ал 24-октябрдагы сөзүндө Анкара күрт күчтөрүн өз чегине жакын аймактан сүрүп чыгаруу максатынан кайтпай турганын белгиледи.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG