Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:37

Орусия Сирияга кошумча аскердик полиция жөнөтөт


Сириядагы орус аскерлери.

Бир аптадан кийин Сирияга кошумча 276 орусиялык аскердик полиция жана 33 техника жөнөтүлөт. Бул тууралуу «РИА Новости» Орусиянын Коргоо министрлигиндеги булагына таянуу менен 24-октябрда билдирди. Маалыматка караганда, Сириядагы орусиялык контингент «жаңы тапшырмаларга» байланыштуу көбөйөт. Сөз сирия-түрк чек арасын кайтаруу жөнүндө болуп жатышы ыктымал экендиги божомолдонууда.

Ушул жумада Орусия менен Түркиянын президенттери Сочиде жолугуп, өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, 23-октябрдан тартып чек арадагы 32 чакырымды түзгөн тилкеге же буфердик аймакка орусиялык аскердик полиция жана Сирия өкмөтүнүн чек арачылары киргизилди. Күрд куралдуу кошуундары бул жерден 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек экендиги айтылган.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG