Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Сирияда Орусия менен Түркиянын таасири артты


Сириянын Кобани шаарына келген орус аскерлери.
Сириянын Кобани шаарына келген орус аскерлери.

АКШнын президенти Дональд Трамп түрк армиясы сириялык күрддөргө чабуул койгонуна байланыштуу Түркияга киргизилген санкцияларды алып салды.

Ал муну Анкара аскердик аракеттерин токтотуп, атышпоо боюнча шарт туруктуу сактала турганына убада бергени менен түшүндүрдү. Ал арада буга чейин АКШ аскерлери жана күрддөр көзөмөлдөп турган Сириянын түндүк аймагындагы жерлерди Түркия менен Орусиянын аскерлери кайтара башташты. Трамптын атаандаштары аны «АКШ Сириянын түндүгүндөгү таасирин Орусияга алдырып жиберди» деп сындап жатышат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Анкарага каршы киргизилген санкцияларды алып салууга Сириянын түндүгүндө атышпоо жөнүндө макулдашуу сакталып жатканын жүйө келтирди.

Ал аймактагы ок атуу маселеси Кошмо Штаттардын аракеттеринин натыйжасында жөнгө салынганын баса белгиледи. Трамп «чоң секирик» деп атаган, 17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен жетишилген келишимге чейинки Түркиянын аскердик чабуулу Анкарага Сириянын түндүгүнө кирип барышына жол ачкан.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Бүгүн эртең менен Түркиянын өкмөтү менин администрацияма аскердик аракеттерин, мындан аркы чабуулдарын токтото турганын жана атышпоо боюнча шарт туруктуу сактала турганын кабарлады, - деди ал. - Чындыгында эле туруктуу. Ошондуктан мен бүгүн финансы министрине Түркиянын Сириянын түндүк-чыгышындагы күрддөргө чабуул койгонуна жооп катары 14-октябрда киргизилген бардык санкцияларды жокко чыгарууну тапшырдым.

Дональд Трамп ««Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы америкалык аскерлер менен чогуу күрөшкөн сириялык күрддөрдүн ишенимин актаган жок» деген дооматтарды четке кагып, күрддөр ыраазы экенин айтты. Ал күрддөрдүн командири Мазлум Абди менен сүйлөшкөнүн жана ал «абдан ыраазычылык» билдиргенин кошумчалады.

Трамп Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечими туура болгонун дагы бир жолу кайталап, эми бул аймак үчүн башка өлкөлөр жоопкерчилик алса болорун билдирди.

Ошол эле маалда ал Сирия менен Түркиянын чек арасындагы аймактын бир бөлүгүн Анкаранын көзөмөлүнө, калганын Москва менен Дамасктын көзөмөлүнө өткөрүүгө мүмкүндүк берген орус-түрк макулдашуусу тууралуу сөз кылбады. Бирок бул жагдайды Трампты сындагандар көз жаздымда калтырган жок. Сенатор-демократ Крис Ван Холлен «Путин менен Эрдогандын келишимине байланыштуу Трамптын кубанганы Ак үйдүн азыркы администрациясынын толук капитуляциясын көрсөтөт» деди.

Орусия-Түркия макулдашуусуна Трамптын башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент, кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан Жо Байден да токтолду. Ал «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө Вашингтонго колдоо көрсөткөн күрддөрдү жалгыз калтырып, Сириянын түндүгүнөн аскерлерди алып кетүү менен Американын беделине сокку урду деген оюн айтты:

Жо Байден.
Жо Байден.

- Мен күрддөрдүн жеринде болгом. Мен Түркияда көп убакыт болуп, жетиштүү убактымды Иракта жана Сириянын азыркы болуп жаткан аймагында өткөргөм. Азыр болсо биз эмне кылдык? Биз «Америка - ишенимдүү өнөктөш» деген аброюн бузуп жатканыбызга өкүнбөгөн бир да аскерди таба албайсыңар.

Президент Дональд Трамп ушул айдын башында Сириянын түндүгүндөгү миңдей жоокерин чыгарып кетүүнү чечкен. Анкара күрттөргө каршы операциясын ушундан кийин баштаган. Президенттин аскерлерди чыгарып кетүү чечими АКШнын өзүндө да, сыртында да сынга кабылган болчу.

Ал эми түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешүүсүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, Орусиянын аскерлери Сириянын Түркиянын чек арасына жакын Манжиб жана Кобани шаарына 23-октябрда келип, Сирия менен Түркиянын чек арасын чогуу кайтара баштады. Акыркы окуялар Москванын Жакынкы Чыгыштагы таасирин арттырганы белгиленип жатат.

Эки президент кабыл алган документке ылайык, сириялык күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектеш, туурасы 32 чакырымды түзгөн тилкесинен же буфердик аймактан толугу менен чыгып кетиши керек.

Бул мөөнөт 23-октябрда түшкү саат 12де башталды. Ошол эле сааттан тартып Анкаранын «Тынчтык булагы» аскердик операциясы камтыбаган аймактарга Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек арачылары киргизилди. Бул деген президент Башар Асаддын өкмөттүк күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен бул аймагына көп жылдан бери биринчи жолу келди дегенди түшүндүрөт.


Орус-түрк меморандумунда алар күрд кошуундарынын буфердик аймактан чыгып кетишине көмөктөшөрү айтылган.

Күрддөрдүн куралдуу топтору Москва менен Анкаранын макулдашуусу тууралуу билдирүү тарата элек.

Ал эми 23-октябрда Сириянын Камышлы шаарында митингге чыккан күрддөр акыркы жагдайларга нааразылыгын билдиришти.

- Түрктөрдүн максаты - көп кишини өлтүрүү. Дүйнө билип коюшу керек, анын максаты көп адамды өлтүрүү жана бул аймакта демографиялык өзгөрүүгө жетишүү. Бул макулдашуу адамдардын эмес, мамлекеттердин гана кызыкчылыгын эске алууда, - деди нааразылык акциясына чыккан Талаат Юнус аттуу адам.

Ал арада НАТО 24-октябрда Брюсселде Сириянын түндүгүндөгү кырдаалды, андагы карапайым элди коргоо боюнча гуманитардык чараларды жана «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштү талкуулап жатат.

Эрдогандын орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушкан учурдагы негизги темалардын бири дал ушул Сирия кризиси болору күтүлүүдө.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик жортуулун 9-октябрда баштаган. Расмий Анкара чек арасынан ары карай 32 чакырым аралыкта коопсуздук тилкесин түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын айтып келген.

Түркиянын аскердик жортуулу Сириядагы жаңы гуманитардык кризиске алып келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG