Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Трамп бийликти өткөрүп берүүгө макул болду


Жо Байден менен Дональд Трамп.
Жо Байден менен Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы дүйшөмбүдө өлкөнүн шайланган президенти Жо Байдендин командасына бийликти өткөрүп алуу жараянын расмий баштоого уруксат берди.

Трамп мындай чечимге өзү макул болгонун жарыялады, бирок шайлоодо жеңилгенин дагы эле моюнга ала элек.

Мунун алдында бийликти өткөрүп алуу жараянына жооптуу Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) башчысы Эмили Мерфи Жо Байденге кат жазып, бийликти өткөрүп алуу иштерин баштай берсе болорун билдирген.

Дональд Трамп шайланган президент Жо Байдендин администрациясына бийликти өткөрүп алуу жараянын баштоого уруксат бергенин «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жарыялады.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Мен биздин өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн Эмили менен анын командасына бекитилген протоколго ылайык болгон нерселерди жасоону сунуш кылам. Ошондой эле менин командама да ушуну сунуш кылдым», деп жазды Трамп.

Бирок шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттошом деген ниетинен кайтпай турганын белгилеп, «биз чыныгы күрөштү улантабыз жана жеңерибизге ишенем» деп билдирди.

Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) уруксатынан кийин Байдендин командасы эми бардык федералдык агенттиктерге тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алат. Алар ант берүү аземине чейин бардык агенттиктердеги, министрликтердеги жетекчилер менен жолугуп, болочок иштерди талкуулай баштайт. Ошондой эле атайын кызмат жаңы администрацияга алынчу кадрларды текшерет. Андан сырткары Байдендин тобу Вашингтондогу федералдык имараттардагы кеңселерге жайгаша баштайт, керектүү буюм-тайым, жабдуу менен камсыз болот жана бийликти өткөрүп алуудагы чыгашалар үчүн 7,3 миллион доллар каражат алат.

Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) уруксатынан кийин Байдендин командасы эми бардык федералдык агенттиктерге тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алат.
Жалпы кызматтар башкармалыгынын (GSA) уруксатынан кийин Байдендин командасы эми бардык федералдык агенттиктерге тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алат.

Эмили Мерфинин соңку чечими демократтар менен бир катар республикачылар Трамптын администрациясына кысым-басымды күчөтө баштагандан кийин кабыл алынды. Алар бийликти өткөрүп алуу жараяны кечиге турган болсо өлкөдөгү улуттук коопсуздукка, коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө кесепети тиерин эскертип жатышкан.

Байдендин командасы бийликти өткөрүп алуу жараяны башталганын кубаттады. Шайланган президент тараткан билдирүүдө «Жалпы кызматтар башкармалыгынын администрациясы шайланган президент Жо Байден менен шайланган вице-президент Камала Харрис шайлоодо жеңип чыгышканын аныктады. Жаңы администрацияга бийликти тынч өткөрүп алууга керек болгон ресурсту берди жана колдоду» деп жазылат.

Буга чейин Эмили Мерфи бийликти өткөрүп алуу жараянын кечиктиргени үчүн сынга кабылган. Ал мындай чечиминин саясий өңүтү жок деп ишендиргенге аракет кылган.

АКШда бир катар таасирлүү жалпыга маалымдоо каражаттары президенттик шайлоодо Байден утканын жазышкан. Байден да өлкө тарыхында эң көп добуш алганын айтып чыккан.

«Эл өз оюн билдирди. Алар бизге чыныгы жеңиш алып келди. Ишенимдүү жеңиш. Бул - «биз элбиз» деген жеңиш. Биз өлкө тарыхындагы президенттик шайлоодо мурда-кийин болуп көрбөгөндөй эң көп - 74 миллион добуш менен уттук», - деген Жо Байден.

Бирок добуш берүү аяктаган үч аптадан бери Трамп шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн колунан келишинче аракет кылып жатат. Анын юристтери добуш берүү олуттуу мыйзам бузуу, көз боёмочулук менен коштолгонун айтып, бир катар штаттарда сотко толгон-токой арыз жазышкан, бирок дээрлик көбү канааттандырылган эмес.

Мунун алдында Мичиганда шайлоонун жыйынтыгы расмий бекитилди. Ага ылайык, Байден Трампка караганда 150 миңден ашык добуш көп алып, утуп чыкты.

XS
SM
MD
LG