Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

АКШ "Ачык асман"келишиминен чыкты


АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин "Чоң жыйырманын" Гамбургдагы саммитинде. 7-июль, 2017-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин "Чоң жыйырманын" Гамбургдагы саммитинде. 7-июль, 2017-жыл.

АКШ 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Америка тарап Москванын бул келишимдин шарттарын бузганын жүйө катары келтирүүдө. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги Вашингтондун чечимин айыптап чыкты.

АКШ мүчө мамлекеттерге бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген "Ачык асман" келишиминен расмий түрдө чыкканын 22-ноябрда жарыялады. Мамлекеттик департаменттин расмий маалыматына ылайык, келишимге кол койгон калган 34 мамлекетке быйыл май айында жиберилген алты айлык эскертүүнүн мөөнөтү жекшемби күнү аяктады.

"Алты ай өттү. АКШнын бул келишимден чыгуу чечими 2020-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирди. Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишимине мындан ары мүчө эмес", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

АКШнын президенттик администрациясынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши да бул маалыматты ырастап, "Орусия келишимди одоно бузганын" белгиледи. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да "Твиттердеги" билдирүүсүндө Москваны айыптады.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

"Америка эми дагы коопсузураак болот. Орусия милдеттерин аткарбаган бойдон кала берүүдө", - деп жазды Помпео.

АКШ бул келишимден чыга турганын быйыл 21-майда жарыялап, эреже боюнча макулдашууга кол койгон өлкөлөргө алты айлык эскертүү берген. Москва бул келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө катары келтирген.


«Менимче, биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Бирок Орусия бул келишимдин шарттарын сактабай жатат. Алар шарттарды аткарганга чейин биз чыгабыз. Ошентсе да, жаңы келишим түзүүгө же бул документти калыбына келтирүү үчүн бир нерсе кылууга жакшы мүмкүнчүлүк бар», - деп билдирген эле президент Трамп 21-майда.

Аны улай НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да Орусияны келишимдин шарттарын аткарууда тандалма мамиле жасап жатат деп сындаган эле.

АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн байкоо жүргүзүүчү «Boeing OC-135B» учагы.
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн байкоо жүргүзүүчү «Boeing OC-135B» учагы.

"Ачык асман" келишимине 1992-жылы кол коюлуп, ал он жылдан кийин гана ишке киришкен. Бул документ ага кошулган мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылууну максат кылары белгиленген. Келишимге мүчө мамлекеттер бири-биринин аймагына курал алып жүрбөгөн көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүп, башка өлкөнүн аскердик жайларына жана армиясынын күч-кубатына байкоо сала алышат. Документ күчүнө киргенден бери 1500дөн ашык көзөмөл жүргүзүүчү аба каттамдары ишке ашкан.

Май айында Кошмо Штаттар келишимден чыгаарын жарыялаганда, Кремль расмий Вашингтон өз чечимин акташ үчүн «техникалык маселелерди» шылтоо кылып жатканын билдирген. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү келишимдин шарттарын аткарууга байланыштуу Орусиянын да АКШга дооматы бар экенин айткан.


22-ноябрда Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын бул келишимден чыкканын айыптаган билдирүү таратты.

"Вашингтон өз жүрүшүн кылды. Бул чечим Европанын коопсуздугуна да, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн коопсуздугуна да пайда алып келбейт. Азыр Батыштагы көптөгөн тараптар Орусиянын мамилеси кандай болот деп кызыгып жатышат. Жообу жөнөкөй. Биз бардык мүмкүнчүлүктөргө ачык экенибизди кайталап келебиз", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Келишимди жактагандар байкоо жүргүзүүчү каттамдар кайсы бир өлкөнүн жашыруун түрдө аскердик чабуулдарга камылга көргөнүн же көрбөгөнүн көзөмөлдөп турууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилешет. Бирок АКШда бул документти сындагандар, өзгөчө Республикачыл партиянын мүчөлөрү Москва келишимди бузуп жатканын кайталап айтып келишет.

Орусиянын АН-30 учагы Брюсселдеги аскердик аэропортто.13-август, 2002-жыл.
Орусиянын АН-30 учагы Брюсселдеги аскердик аэропортто.13-август, 2002-жыл.

Маселен, быйыл май айында мамлекеттик катчы Майк Помпео Орусия АКШга Грузиядан де-факто бөлүнгөн Абхазия жана Түштүк Осетия менен чек арасындагы он чакырымдык аймакка жана Балтика боюндагы Орусиянын Калининград эксклавына байкоо жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө бир канча жылдан бери уруксат бербей келе жатканын айткан. Ошондой эле Москва Крым жарым аралына көзөмөл жүргүзүүчү учактарга май куя турган жай ачып койгонун, бул аркылуу алты жыл мурда аймакты Украинадан аннексиялап алганын мыйзамдаштыргысы келерин Вашингтон белгилеген.


Куралдануу жүрүмүн көзөмөлдөө боюнча адистер АКШнын айрым даттануулары негиздүү болгону менен кайсы бири элди адаштырып коюшу мүмкүндүгүн айтышат. Алар эгерде Вашингтон бул келишимден чыкса, анда маанилүү аскердик маалыматты чогулта албай калаарын, НАТОнун башка мүчөлөрү бул макулдашууну колдой турганын белгилешкен.

"Орусия келишимди бузган, АКШ ага жооп кылган. НАТОдогу өнөктөштөр биринчи кезекте Европанын коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн бул келишимди колдошот жана Кошмо Штаттардын ага мүчө бойдон калышын каалашат", - деп АКШнын мурдагы элчиси, куралдануу жараянын көзөмөлдөө боюнча адис Стивен Пайфер билдирген.

АКШ менен мурдагы Советтер союзунун ортосунда байкоо жүргүзүүчү каттамдарды ачуу жөнүндө алгач ирет 1955-жылы Кошмо Штаттардын президенти Дуайт Эйзенхауэр демилге көтөргөн. Бирок анда совет бийлиги мындай сунушту четке каккан. 2002-жылы ишке киришкен бул келишимди түзүү аракети 1989-жылы Жорж Буш (улуусу) президенттик кызматка киришкенде жанданган.

Былтыр АКШ Советтер Биримдиги менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден чыгып кетип, анда да Москваны документтин шарттарын бузду деп кинелеген жүйө келтирген.


Эки өлкөнүн ортосундагы куралдануу жүрүмүн тескеген «New START» аттуу акыркы ири келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февраль айында аяктайт. Москва бул документтин мөөнөтүн дагы беш жылга узартууну сунуш кылган. Президент Трамптын администрациясы бул келишимге Кытайды да кошуу керек деп белгилеп келет.

Вашингтондун "Ачык асман" келишиминен чыкканы тууралуу кабар Кошмо Штаттарда 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талкуу жүрүп жаткан маалга туура келди. Шайлоонун бейрасмий жыйынтыгына ылайык, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден жеңүүчү деп жарыяланган.

Байден өлкө боюнча топтогон добуштар жана шайлоо коллегиясынын алдын ала добуштары боюнча да алдыга чыккан. Бирок президент Дональд Трамп алигиче шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбай келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG