Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Каратегин: “Жерге-Тал кабарлары” гезитинин 86 жылдык тарыхы бар


Журналисттер Абос Курбанов, Мирзохалим Каримов, Абдил-Ахат Курбанов, Акбар Ризвонов, Махмадили Шеров Абдулхай Самадов жана Низом Абдужалилов (ортодо отурган) "Ленин жолу" гезитинин санын талдоодо. Совет доору. Жерге-Тал, Тажикстан.
Журналисттер Абос Курбанов, Мирзохалим Каримов, Абдил-Ахат Курбанов, Акбар Ризвонов, Махмадили Шеров Абдулхай Самадов жана Низом Абдужалилов (ортодо отурган) "Ленин жолу" гезитинин санын талдоодо. Совет доору. Жерге-Тал, Тажикстан.

Азыркы тапта Сары Өзөн Чүйдө байырлап жаткан жерге-талдык журналист Абдил-Ахат Курбанов менен жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримовдун баарлашуусу Тажикстандагы Жерге-Тал өрөөнүнүн кыргыздарынын сүймөнчүктүү мезгилдик басылмасы тууралуу жүрдү.

Доор алмашып, саясат өзгөрсө да, өз милдетин токтотпой, тажик жергесин кадим замандардан бери мекендеген кыргыздарга эне тилин тынымсыз эстерине салып, улутунун канаттуу сөздөрүн барактарынан окутуп келаткан райондук гезиттин 86-жылдагы өмүрү уланууда. Жерге-Тал (азыр ал район “Лакшы” деп аталып калган) районундагы кыргыздардын кыргыз тилинде жарык көрүп келаткан “Жерге-Тал кабарлары” ("Паёми Жиргатол") деп аталган гезитинин тарыхы, милдеттери, муктаждыктары ж.б. өзгөчөлүктөрү кимди кызыктырбайт?

Абдил-Ахат Курбанов Чоң-Кеминдеги Калмак-Ашуу кыштагынын жанында. 2020-жылдын 1-октябры.
Абдил-Ахат Курбанов Чоң-Кеминдеги Калмак-Ашуу кыштагынын жанында. 2020-жылдын 1-октябры.

Дал ушу басылмада көп жылдар бою эмгектенген, азыркы тарта Кыргызстанда жашап жаткан таанымал журналист, эл аралык бир нече сыйлыктардын ээси Абдил-Ахат Курбан уулу менен маектешкен элек. Ошол маектен бир шиңгил сунуштайбыз.

Абдил-Ахат мырза, кыргыз коомчулугу Тажикстандын Жерге-Тал районунда бир ууч кыргыз кадим замандардан бери жашай турганын жакшы билет. Бирок, ошол улутташтардын эне тилинде чыгып келаткан гезити бар экенин, анын тарыхы тууралуу элдин бардыгы эле билбесе керек деп ойлойм. Ошол тумардай болгон басылманын 85 жылдан берки тарыхы, жүргүзүп келаткан ишмердүүлүгү, чет өлкөдөгү саясий, маданий жана улуттук мааниси тууралуу айта турган ой-пикирлериӊиз болсо керек?

– Жерге-Тал районундагы элдин басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөндүктөн, мындан 86 жыл илгери “Ленин жолу” деп аталган кыргыз тилиндеги гезит чыгарыла баштаган. 1990-жылы гезиттин аты өзгөрүлүп, “Коммунист” деген аталышта кыргыз жана тажик тилдеринде чыгып келген.

Кийинчерээк түрдүү себептерден улам гезит “Кара-Тегин” деп аталып, ушул тапта “Паёми Жиргатол" ("Жерге-Тал кабарлары”) деген аталышта жарык көрүп келет.

Мен көп жылдар бою ушул гезитте адегенде корректор-котормочу, бөлүм башчы, кийин редактордун орун басары кызматтарында иштедим. Кыргыздардын көзгө сүртөр гезитинин ысыгына күйүп, суугуна тоӊдум деп айтсам болот.

Бул гезит алгач чыга баштаганда жана андан кийинки жылдары сабаттуу кызматкерлерге муктаждык болгон экен. Кийинчерээк Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан билим алып келген филологдор иштей баштаган соӊ, гезиттин тили да, материалдардын мазмуну да акырындап жакшырган.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунан барып бир нече жыл үзүрлүү иштеп кеткен Иген Асаналиев гезиттин сабаттуу чыгышына өтө чоӊ салым кошкон деп айтып жүрүшөт.

– Туура айтасыз, ал кишинин эмгеги баа жеткис. Гезиттин тилин да, мазмунун да ошол киши бир кыйла жакшырткан. Көптөгөн кызматкерлер тил жагынан ошол кишиден сабак алышкан. Биз бул инсандын көп жылдык эмгегине таазим кылып, чын дилибизден рахмат айтып жүрөбүз.

Гезитте иштеп калууӊузга эмне себеп болду?

– Райондук гезитти чыдамсыздык менен күтүп, кызыгып окучумун. Мектепте окуп жүрүп, биринчи макалам чыкканда дүйнөгө батпай сүйүнгөн элем. Бул мен үчүн чоӊ кубаныч, унутулгус окуя болгон. Кийин 1977-жылдан баштап ошол гезитте иштеп калдым. Ал кезде кыргыз-тажик тилдерин мыкты билген жогорку билимдүү калемгер Махмашо Абдусатторов деген киши редактор эле, КМУнун филология факультетин бүтүрүп келген Ахком Шамуратов кыргыз бөлүмү боюнча редактордун орун басары болчу.

Мына ушундай таланттуу инсандар менен чогуу иштеп, алардан чыгармачылык таалим алдым. Гезитте бир нече жыл иштегенден кийин КМУнун журналистика бөлүмүндө сырттан окудум. Андан соӊ сиз менен да төрт жыл чогуу иштеп калдым.

Журналисттер Ахком Шамуратов, Абос Курбанов, Зайдулла Абосов, райкомдун 3-катчысы, идеология иштерине жооптуу, Абдил-Ахат Курбанов, Низом Абдужалилов; экинчи катарда: Милхожидин Мамуров, Мирзохалим Каримов, Абрахман Давлатов, Акбар Ризвонов. Райондук гезиттин 50 жылдыгын белгилеген учур. 1984-ж.
Журналисттер Ахком Шамуратов, Абос Курбанов, Зайдулла Абосов, райкомдун 3-катчысы, идеология иштерине жооптуу, Абдил-Ахат Курбанов, Низом Абдужалилов; экинчи катарда: Милхожидин Мамуров, Мирзохалим Каримов, Абрахман Давлатов, Акбар Ризвонов. Райондук гезиттин 50 жылдыгын белгилеген учур. 1984-ж.

Союз тараганга чейин жогоруда айткан устаттар жана сиз менен чогуу иштеген жылдарды мен гезиттин ренессанс маалы же өркүндөгөн доору деп айтар элем. Тил жагынан болобу, жанр жагынан болобу, айтор гезиттин сапаты, таасирдүүлүгү ошол мезгилде абдан жогорулаган. Окурмандардын кызыгуусу артып, гезиттин нускасы 6500гө чейин жеткен. Ар бир кыргыз үй-бүлөгө бирден гезит баш багып турган дегенди билдирет бул.

Советтер Биримдиги тарагандан кийин гезит кандай өзгөрүүгө же тагдырга туш болду?

– СССР ыдырай электе гезиттин материалдык-техникалык муктаждыктары оӊой эле чечилчү. Кыргыз ариптерин ж.б. нерселерди Кыргызстандан алып келип турчубуз.

Тилекке каршы, Советтер Биримдиги тарагандан кийин абдан көп кыйынчылыктар пайда болду. Кыргызстандан бир эле күндө жеткирилип турган гезит-журналдар келбей эле калды. Мурдагыдай басма сөзгө жазылуу деген биротоло токтоду.

Өчөшкөндөй республикада саясий абал да курчуп, Кыргызстан менен байланыш биротоло үзүлдү. Райондогу 50гө жакын кыргыз мектептери кыргыз тилиндеги окуу куралдары менен камсыздалбай, окуучулар тытылган бирин-серин китептерди көзгө сүртүп калышты. Китеп маселеси азыр деле ошол абалда турат десек болот.

Солдон оңго (отургандар): айдоочу Ёрмухамед, журналисттер: Абдил-Ахат Курбанов, Милхожидин Мамуров, Ашур Мажитов, Исираил Каримов; артта турган – Ниматулло Хабибуллаев. Жерге-Тал, 1978-ж.
Солдон оңго (отургандар): айдоочу Ёрмухамед, журналисттер: Абдил-Ахат Курбанов, Милхожидин Мамуров, Ашур Мажитов, Исираил Каримов; артта турган – Ниматулло Хабибуллаев. Жерге-Тал, 1978-ж.

Башка өлкөдө чыккан кыргыз тилиндеги гезиттин азыркы абалы кандай?

– Чет жерде жашаган ким болбосун өз тилиндеги гезитти, китептерди окуп турбаса, радио укпаса, бара-бара эне тилин унутуп коёру толук ыктымал. Өз тилиндеги гезит үйүнө үзгүлтүксүз келип турганы абдан маанилүү нерсе. Ушундай шарт түзүлүшү үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан да, тарыхый мекени тарабынан да гезитке көӊүл бурулушу зарыл.

Азыркы учурда жерге-талдык кыргыздардын гезитинин редакциясында кыргызча жазган журналисттер жетишпейт. Кыргыз тилин, маданиятын, адабиятын, тарыхын жакшы билген журналисттер иштебегени үчүн гезиттин сапаты төмөндөп кеткенин сезип турам.

Турмуш шартка, өлкөдөгү саясий-экономикалык абалга байланыштуу мурдагы адис кадрлардын дээрлик бардыгы башка мамлекеттерге кетип калышканы, ардактуу эс алууга чыгышканы, айрымдарынын кайтыш болгону буга себепкер болгон.

Кыскасы, гезиттин кыргыз бөлүмүнүн абалы абдан начарлап калган азыр. Кыргыз тилиндеги беттер кандайдыр кысымдан эмес, кадрлардын жетишсиздигинен улам чектелип да баратат. Эгер бул гезит сабаттуу чыгып турса, ошол жердеги кыргыздардын айрыкча тилинин тазалыгына, маданияты менен салт-санаасынын сакталышына, табитине сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Тилекке каршы, гезиттин деӊгээли андай болбой калды. Мунун аягы улуттук чоӊ жоготууга кириптер кылышы мүмкүн деген ойдомун.

Мирзохалим Каримов. 2012-жылдын 25-декабры.
Мирзохалим Каримов. 2012-жылдын 25-декабры.

Жергиликтүү бийликтин бул гезитке мамилеси жакшыбы?

– Мамилеси жаман эмес. Гезит чыга баштагандан тартып эле жылуу мамиле болуп келатканына далилдер бар. Тажикстанда башка тилдеги гезиттер өгөйлөнбөйт. Ошонун шарапаты менен кыргыздардын гезити 86 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келатат.

Кыргызстан тараптан деле бул гезитке көӊүл бурулуп, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана башка мекемелер, коомдук уюмдар адис кадрлар ж.б. муктаждыктар жаатында бул басылмага көмөк көрсөтүп турса, абдан жакшы болор эле деп ойлоп калам.

Мирзохалим Каримов,

жазуучу, журналист, котормочу.

XS
SM
MD
LG