Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 23:18

Уулум менен сырдашуу

Уулум менен сырдашуу же

Изгиликти сагынуу

Жаңыл Жусупжан тарткан «Каратегинден кат» тасмасы кошуна Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздардын турмушун чагылдырат, алардын үмүт-тилегин жана санааларын баяндайт.

Боордоштор жөнүндөгү кинобаян автордун өз уулуна жазган каттары менен коштолот. Ак карлуу зоокаларга, ашуусу бийик тоолорго суктана карап баратып, кошуна республикадагы тоолуктар менен баарлашып отуруп, Жаңыл өзүнүн бала чагын, ата-энесин, туугандарын эстейт, жердештеринин жашоо-тиричилиги кандай өзгөргөнүн, өзү алгач ирет шаарга кантип барып калганын эскерет…

…Бирде агыны катуу сууну бойлоп, бирде кыялай өрдөгөн жол менен жүргөн сапардын соңунда жаш балдарын жетелеген келин сагына күткөн апасы менен кучакташа көрүштү. Кемпир неберелерин да өөп-жыттап, кубанычы койнуна батпайт…

Бөбөктөрдүн таенеси сылтып басат – бир буту тизеден ылдый жасалма. Жыйырма жылдай мурун жүк машинеге чыгып, жердештери менен бирге кошуна айылга аза расмисине баратканда, аскердик учак аткылап, жүргүнчүлөр канга бөлөнгөн. Биринин колу, биринин буту жулунуп, дагы биринин башы денесинен бөлүнүп… Курман болгондордун арасында наристелер да бар эле… (Бул окуя ушул айылдагы азыр чоң эне болуп калган аялдын көкүрөгүндө өчпөс так калтырган. Ошондо эки баласы бирдей көз алдында каза болгон…)

Айтмакчы, бул айылдын өткөнү менен азыркысын өз демилгеси, өжөрдүгү менен музей ачкан 80 жаштагы тарыхчы агай Хамит Бороновчолук эч ким толук билбейт. Мурунку доорлордо керектелген узун моюн жез кумгандар, карапа, жыгач идиштер, саймалуу кийимдер, илгеркилерден калган комуз, ооз комуз ж.б. таберик буюмдар… Ким, качан кайсы таберикти музейге тапшыргандыгы атайын калың дептерге катталган. Пенсияга келип калган курагында айылдан айылды кыдырып, үймө-үй эшиктерди каккылап жүрүп эскиден калган ажайып нерселерди ушул музейге сурап чогулткан. Хамит агай бул аймактан чыккан алгачкы мугалимдер, врачтар, республиканын парламентине шайланган эл өкүлдөрү сыяктуу белгилүү инсандар жөнүндөгү маалыматтарды да чогултуп, иреттеп келет.

Хамид агай.
Хамид агай.

Мына ал эски муундагы ырчы Ахматбектин ашыктык, достук, мусапыр жердеги жалгыздык жөнүндө ырларын, 50-жылдары өкмөттүн өкүмзордугу менен республиканын чөлдүү районуна дың жерлерди өздөштүрөсүңөр деп көчүрүлгөн элдин муң-зарын ырга кошконун муңая угуп отурат. Тоонун салкын, таза абасынан чөлдүн куйкалаган аптабына барганда тегиз ооруп, бөбөктөрү чарчап, туулган жердин топурагына зар болгон эл…

… Хамит агай өзүнөн он жаштай улуу досу Найман аксакал менен өткөн-кеткенди эскерип отурушат. Токсондогу бул киши балдары ажылык сапарга жиберебиз деп чогулткан долларды Кашка-Суу жайлоосуна он километрлик машине жол салдырганга жумшап, элди бир таң калтырып, көпчүлүктүн батасын алган. Мына азыр ал улакка чабылуучу атын минип, дарбазадан бастырып чыкты. Көчөнүн башына жеткенде, кайра бери карай ат тизгинин коё берип, шатырата чаап келди өзүн-өзү сүрөй! (Атаганат, ал киши да өтүп кете берди бул дүйнөдөн…).

Мына, улуу дайрадан салчылар берки жээкте токтогон жүк машинедеги унга алмаштыруу үчүн картошкө ташып өтүүдө. Жаңыл кызыгып, салга түшөйүн деп суранса, тигилер болбой коюшту – бууракандап жаткан толкундар аласалдырып ийсе, четтен келген журналист сууга чөгүп кетсе, балээге калбайлы дешсе керек.

Айтмакчы, бул Кызыл-Суу Кыргызстандан башталат, Жерге-Талды, бүтүндөй Каратегинди аралап өтүп, далай өзөн сууларын да кошуп алып, тажикче Сурхоб (мунун мааниси да «кызыл суу») деген аталыш менен барат да, Рогун ГЭСине эбегейсиз зор кубат берет. Буга кошулган дагы бир үлкөн дайра бар, Мөк-Суу, анын төр жагында, Коммунизм (азыр – Сомони) чокусунун түбүндө жазуучу Аким Кожоевдин туугандары жашайт. Аким бул фильмдин көп эпизоддоруна катышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашуу жагынан режиссерго жардам берди.

Каратегин демекчи, Чоң-Алайдан ары карай башталып, Тажикстандын борбору Душанбеге жакындай созулуп барган чоң өрөөндүн тарыхый аталышы ушундай. «Манаста» байыркы доордо капыстан душман кол салганда, казак кайың саап, кыргыз Ысар көчкөн деп айтылат эмеспи. Азыркы Душанбеге жакын Гисар өрөөнүнөн конуш таап, ал жерден улам бери сүрүлүп отуруп, акыры Чоң-Алайга чектеш тоолорду мекендеп калган экен биздин бабалар…

… Баягы кемпир Кыргызстанга көчүп кеткен балдарын, неберелерин дайым сагынам дейт, бирок киндик каны тамган жерди таштап кеткенге да чыдабайт…

… Аким жазуучунун там салам деп тегерете дубал менен тоскон жеринде тиккен алмалары мөмө байлап калыптыр. Туулган жерине келгендеги кубанычы көкүрөктөгү капалыгы менен кошул-ташыл – ал бир-эки күндө кайра Бишкекке жол тартат, шаарда аны үй-бүлөсү күтүп жатат…

Жергеталдык балдар.
Жергеталдык балдар.

Тасманын соңунда жайлоонун толукшуп турган кези тартылган. Жаштык демине мас болгондой жаркылдаган кыз журналистке ыймандай сырын айтат. Жигити кош улуттуу үй-бүлөдөн, кыргызча, тажикче, орусча, англисче сүйлөйт. «Ал баары жокту билет!» - деп сыймыктанат бул кыз. (Жерге-Талда эки элден куда-сөөк болгондор көп кездешет).

Жаңыл Жусупжан менен продюсер-оператор Крис Ленон тарткан бул фильм жанры боюнча документалдуу, бирок ишке ашырылышы жагынан көркөм эссе болуптур. Демейки эле тиричиликтин агымына назик лирикалуу маанай коштолуп, каармандардын кеп-сөзүнө, ой-санаасына режиссердун кадр артындагы өздүк баяны айкалышат; түздөн-түз сүрөттөлгөн көп маанилүү жагдайдын фонунда цивилизациялык контекст даана байкалып турат.

Карапайым тоолуктардын кубаныч-капасын көрүүчү өзүнүкүндөй кабылдайт. Мында бир дагы эпизод атайылап ойнотулбаган – баары табигый, көнүмүш нукта, бирок толугу менен чын ыкластуу маанай менен берилген. Эң кызыктуу учурлар, жандуу, таасирдүү жагдайлар ушунчалык туура тандалып, чулу композицияга бириктирилгендиктен, ар бир көз ирмем көркөм чыгарманын ажыратып алгыс бөлүгүндөй сезилет. Көрүүчү ойго батат… Окуу китептери жок мектеп… Ташкын суу көпүрөсүн кыйратып кеткен айылдын тургундары сырт дүйнө менен байланыша албай калууда… Балдарын, неберелерин сагынып, бирок туулган жеринен кеткиси келбеген кемпир… Ажайып жайлоолор, ырдап, бийлеп жаткан элеттик окуучулар…

Жергеталдык кыргыздар жөнүндөгү кинобаян автордун өз уулуна аялдык тагдыры, басып өткөн жолу, кең дүйнөгө кеткен сапары, качандыр бир убакта болуп өтсө да көкүрөктө күнү бүгүнкүдөй сакталган окуялар тууралуу жазган каттары (кадр артындагы эскерүүлөрү) менен коштолгондугу бекеринен эмес. Аппак чокулуу зоокаларга, ашуусу бийик тоолорго суктанганда, тоолуктар менен кадыресе шартта баарлашканда, Жаңылдын кадр артындагы «каттарында» өзүнүн жердештеринин турмушу кандай өзгөргөндүгүн, өзү шаарга алгач ирет кандайча барып калгандыгы… эскерилет. Эгер окуусун улантпаса, Европага журналист болуп кетпесе, балпайган байбиче болуп, жыл сайын Россияга жумуш издеп жөнөгөн балдарын узатып, аман келсе экен деп тилей күтүп жашайт беле?.. Тоолорду сагынат, жердештерин, жакындарын дайым эстейт…

Бул жашоодо баары дайым эле байкала бербес ичке жиптер менен эриш-аркак байланышкан… Биз өзүбүзчө да, дүйнө менен бирге да жашайбыз… Эл менен да, жалгыз да…

Бул тасмага "Ак илбирс" киносыйлыгы 14-апрелде "Манас" кинотеатрында тапшырылат, кируу акысыз.

Жолдош Турдубаев, публицист, адабиятчы

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG