Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Сот Трамптын Пенсилваниядагы добуштар боюнча арызын четке какты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү тобунун Пенсилвания штатындагы почта аркылуу берилген миллиондогон добуштарды тастыктоого каршы жазган арызы федерациялык сот тарабынан четке кагылды.

2020-жылдын 21-ноябрында АКШнын Пенсилвания штатындагы райондук соту Мэттю Брэнн Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлдөрү "негизсиз эле көбүртүлгөн укуктук жүйөөлөрдү жана далилге таянбаган жоромолдук доолорду колдонушту" деп жазды.

"Кошмо Штаттарда- бул өлкөнүн саны жагынан алтынчы орунда турган штатынын бардык шайлоочуларын айтпаганда да, мындай нерсе жалгыз гана шайлоочунун да шайлоо укугунан ажыратылышын эч актай албайт. Элибиз, мыйзамдарыбыз, мекемелерибиз мындан да чоң нерселерди талап кылып күтүшөт", - деп айтылат соттун бүтүмүндө.

Эми Пенсилвания штатынын бийлиги бул аймакта демократ Жо Байден 80 миңден ашуун добушту көбүрөөк жеңип алган жыйынтыкты расмий күбөлөндүрө алат. Жалпысынан, 3-ноябрдагы шайлоодо жеңишке жетүүгө тийиш болгон талапкер бери дегенде 270 шайлоочунун добушуна жетүүгө тийиш болсо, Пенсилвания штатынын добуштарын кошуп эсептегенде, Жо Байден 306 шайлоочунун добушун топтой алды. Трамп болсо 232 гана шайлоочунун добушуна жетишкен.

Пенсилвания боюнча сот чечими президент Трамптын сотко арыздануу жана башка амалдар аркылуу шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга багытталган далалаттары чет-четинен майнапсыз аяктап жаткандыгынын дагы бир көрүнүшү болуп калды.

XS
SM
MD
LG