Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

"Аэрофлоттун" Лондондогу өкүлү чыккынчылыкка айыпталууда


Орусиянын "Аэрофлот" компаниясынын учагын тейлеген кызматкерлер. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Орусиянын "Аэрофлот" компаниясынын учагын тейлеген кызматкерлер. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) тергөөчүлөрү "Аэрофлот" компаниясынын Лондондогу өкүлү Дмитрий Федоткинди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап жатат. Бул тууралуу "ТАСС" агенттиги маалымдады. Азырынча ФСБнын Интернет сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат чыга элек.

Эгерде Федоткинге тагылган айып аныктала турган болсо, ал 12 жылдан 20 жылга чейин абакка кесилип, жарым миллион рубль айыпка жыгылышы ыктымал.

Дмитрий Федоткин Улуу Британиянын чалгын кызматына "Орусиядагы коомдук-саясий кырдаал жаатындагы жашыруун маалыматтарды берген" деп шектелүүдө.

"ТАСС" агенттиги Федоткин мындай кызматта туруп мамлекеттик сырга ээ боло алмак эмес деп жазды.

Федоткин Москва шаарынын Лефортово райондук сотунун токтому менен быйыл 11-ноябрда кармалган жана 2021-жылдын 10-январына чейин камакка алынган.

XS
SM
MD
LG