Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

АКШдагы шайлоо: Байдендин жеңиши Жоржия штатында да биротоло тастыкталды


Жо Байден АКШнын Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында чыгып сүйлөөдө. 2020-жылдын 19-ноябры.
Жо Байден АКШнын Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарында чыгып сүйлөөдө. 2020-жылдын 19-ноябры.

АКШда президенттикке шайланган Жо Байдендин жеңиши өлкөнүн Жоржия штатында добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында тастыкталганы маалымдалды. Түштүк-чыгыштагы Жоржия штатынын мамлекеттик катчысы, республикачы Брэд Раффенспергер «эми 20-ноябрда бул штат Байдендин жеңишин расмий тастыктай тургандыгында эч шек жок» деп бейшембиде билдирди.

3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Жо Байден жеңгендиги тууралуу өлкөдө 7-ноябрда эле жарыяланган. Эми Жоржия штатындагы жеңиштен соң, Байден жалпысынан 306 шайлоочунун добушуна ээ болду, ал эми Трамп үчүн берилген шайлоочулардын добушу 232 болуп калды. Шайлоодо жеңиш үчүн талапкер 270тен көбүрөөк шайлоочунун добушун алууга тийиш.

1992-жылы Билл Клинтон Жоржия штатында жеңгенден бери республикачылар ырааттуу түрдө ээлеп келген бул штатта демократтардын өкүлү жеңишке жете элек болчу. Бул ийгилик демократтардын Сенат үчүн күрөшүнө да огожо болору айтылууда.

Ал эми Дональд Трамптын жана республикачылар партиясындагы анын жактоочуларынын шайлоо натыйжасы бурмалангандыгы тууралуу эч нерсе менен далилденбеген доолору шайлоонун жүрүшүнө жана демократияга карата коркунуч туудурууда деген пикирлер айтыла баштады. Эми Трамп жана анын жактоочулары Мичиган жана Пенсилвания штаттарын көбүрөөк назарга тутуп, шайлоо жыйынтыгы тууралуу күбөлөндүрмөнү кечеңдетүү тактикасына өтүштү.

19-ноябрдагы басма сөз жыйынында Жо Байден Трамптын соңку тактикасын сынга алып, аны «АКШнын тарыхындагы өзгөчө жоопкерчиликсиз президенттердин» бири катары сынга алды.

XS
SM
MD
LG