Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Байден АКШда бийликтин алмашуусун эч нерсе токтото албай турганын айтты


АКШнын шайланган президенти Жо Байден.
АКШнын шайланган президенти Жо Байден.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден «биз жумушка киришебиз» деп убада берип, шайлоодогу жеңишинен кийин бийликтин алмашуусун эч нерсе токтото албай турганын билдирди.

10-ноябрда Байден Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында сүйлөп жатып президент Дональд Трамп анын жеңишин моюнга албай жатканы «улуттук коопсуздукка доо кетириши мүмкүн» деген кооптонусун айтты.

Трамптын шайлоо штабы добуш берүү мыйзам бузуу жана бурмалоо менен өткөнүн билдирүүдө. АКШнын башкы прокурору Уильм Барр шейшембиде президенттик шайлоодо добуш берүүдөгү жана саноодогу мыйзам бузуу боюнча текшерүүнү федералдык прокурорлорго тапшырган.

Трамп 10-ноябрда «Твиттерге» «добуштарды саноодо массалык түрдө мыйзам бузулган» деп жазып, акыры жеңишке жетерин божомолдоду.

АКШнын жакын союздаштарынын лидерлери Байденге телефон чалып, биргелешип иштөөгө убада беришти. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Байденди куттуктап телефон чалышты.

Байденди куттуктай элек бир нече мамлекеттердин катарында Орусия, Кытай, Мексика жана Бразилия да бар.

XS
SM
MD
LG