Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Байдендин планы жана Трамптын каяшасы


Жо Байден менен Дональд Трамп.
Жо Байден менен Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы күрөш боюнча кеңешчилерден турган жумушчу топ түзөрүн жарыялады. Ал пандемияны ооздуктоого болгон күчүн жумшарын айтты. Ал арада Дональд Трамп Байдендин жеңишин тааный элек жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттошорун айтты.

Жо Байден 7-ноябрда шайлоодо жеңгенин жарыялаган кайрылуусунда коронавирус пандемиясына каршы күрөш анын башкы максаттарынын бири болорун айтты. Кошмо Штаттардын шайланган президенти буга байланыштуу планын токтоосуз аткарууга киришерин билдирди:

«Биздин ишибиз COVID-19ду көзөмөлгө алуудан башталат. Биз бул вирусту көзөмөлдөбөстөн экономикабызды жана жашообуздун нугун калыбына келтире албайбыз. Неберелерибизди кучактап, туулган күн, үйлөнүү үлпөтү, бүтүрүү кечеси сыяктуу өмүрүбүздөгү эң баалуу учурлардан рахат ала албайбыз. Дүйшөмбү күнү мен алдыңкы илимпоздордон, окумуштуулардан турган кеңешчилер тобун түзөм. Алар 2021-жылдын 21-январынан тартып коронавирус боюнча Байден-Харрис планын ишке ашырууга көмөктөшөт. Бул план илимге эле эмес, мээримге, камкордукка жана кайрымдуулукка негизделет. Мен пандемияны ооздукташ үчүн күчүмдү аябайм».

Шайлоо күнү, 3-ноябрдагы сурамжылоолор Дональд Трамптын администрациясынын коронавируска байланыштуу иш-аракеттери көптөгөн шайлоочулардын үмүтүн актабаганын көрсөттү.

Шайлоо өнөктүгү маалында Байден Трамптын пандемияны ооздуктоо боюнча саясатын сындап келди. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда илдет жуккандар 10 миллион адамга чукулдап калды.

Байдендин өткөөл маалда түзгөн сайтында ал коронавирустан сырткары экономиканы калыбына келтирүүгө, расалык теңчиликке жана климаттын өзгөрүшүнө басым жасай турганы көрсөтүлгөн.

Келерки жылы 20-январдагы президенттин ант берүү аземине 10 аптадан азырак гана убакыт калды. Анын алдында, декабрда шайлоочулар коллегиясы чогулуп, Байдендин жеңгенин расмий жарыяламакчы.

Байден инаугурациядан кийин эле Конгресстин макулдугу талап кылынбаган бир катар буйруктарды чыгарышы болжолдонуп жатат. Алардын арасында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш тууралуу Париж келишимине кайра кошулуу, куралдуу кагылыш, согуштан качып келген качкындарды жайгаштыруу сыяктуу маселелер бар. Ал ошондой эле негизинен мусулман өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга келишин чектеген Трамптын буйругун да жокко чыгармакчы.

Ал арада Трампты Байдендин жеңишин таанууга түрткөн, бийликти тынч өткөрүп берүүгө мажбурлаган басым күчөдү. Бирок Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек.

Трамп эч кандай далилдерди келтирбестен, добуш берүүдө көз боёмочулук болгонун айтууда. Бир катар шайлоо аймактарынын өкүлдөрү добуштардын кайра саналышы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этпей турганын жана Трамптын юристтеринин доо арыздарын канааттандырууга негиз боло албай турганын белгилеп жатышат.

Трамп 8-ноябрда «Твиттердеги» баракчасына «добуштар уурдалганы» тууралуу бир канча билдирүү жазды. Ал ошол күнү Вашингтондон анча алыс эмес жердеги өз клубуна гольф ойногону барды. Анын адвокаттары сотко арыздар дүйшөмбүдөн тартып берилерин айтышкан.

АКШнын мурдагы президенти, республикачы Жорж Буш Байден менен вице-президент болуп шайланган Камала Харриске телефон чалып, шайлоонун жыйынтыгы «так көрүнүп турганын» айтып, аларды жеңиши менен куттуктады. Буш өз билдирүүсүндө «өлкө элдин жана анын келечеги үчүн биригиши керек» экенин белгиледи.

Бир катар республикачылар Трамптын шайлоодогу көз боёмочулук тууралуу билдирүүлөрүн колдогон жок. Сенатор Митт Ромни Трамп добуштардын кайра саналышын талап кыла аларын, бирок ал шайлоо жыйынтыгына таасир эте албай турганын белгиледи:

Митт Ромни.
Митт Ромни.

«Мен сүйлөгөндө, сөздөрдү тандаганда этиятташ керек деп ойлойм. Менимче, «шайлоодогу коррупция, добуштар уурдалды, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды» деген сөздөрдү, тилекке каршы, дүйнө жүзүндөгү авторитардык режимдер шак илип алып жатат. Бул өз кезегинде бизде болуп жаткан демократиялык жараяндарга болгон ишенимге шек келтирет жана авторитаризм менен эркиндиктин талашын жаратат».

Ромни ушул жылдын башында Сенатта Дональд Трампка импичмент жарыялоону колдоп добуш берген жалгыз республикачы сенатор болгон.

Шайлоого байланыштуу башка республикачы сенаторлор да пикирин билдирип жатат. Түштүк Каролинадан чыккан сенатор Линдси Грэм «Fox News» телеканалына комментарий берип, Трамп добуштар кайра саналмайынча Байдендин жеңишин тааныбашы керек экенин билдирди. Техастан шайланган Тед Круздун пикиринде, добуш берүүгө байланыштуу соттук териштирүүгө убакыт берилиши керек.

XS
SM
MD
LG