Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Ооганстан менен Иракта америкалык аскерлер азаят


АКШ келерки жылдын башына карата Ооганстандан эки миң, ал эми Ирактан 500 жоокерин чыгарып кетет.
АКШ келерки жылдын башына карата Ооганстандан эки миң, ал эми Ирактан 500 жоокерин чыгарып кетет.

Кошмо Штаттары 15-январга чейин Ооганстан менен Ирактагы аскерлеринин санын кескин кыскартканы жатат.

Пентагондун мындай планы Дональд Трамп кызматын тапшырар алдында ишке ашмакчы жана бул өлкөнүн жаңы шайланган президенти Жо Байденге айрым бир тоскоолдуктарды жаратышы ыктымал.

Четтеги америкалык аскерлерди азайтуу планын республикачылар дагы, демократтар дагы сындап чыкты.

Пентагондун планына ылайык, АКШ келерки жылдын башына карата Ооганстандан эки миң, ал эми Ирактан 500 жоокерин чыгарып кетет.

Кристофер Миллер АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада дайындалган.
Кристофер Миллер АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада дайындалган.

Кошмо Штаттарынын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер мындай чечим президент Дональд Трамптын бул эки өлкөдөгү согушту ийгиликтүү жыйынтыктоо жана аскерлерди мекенине кайтаруу саясатына төп келерин айтты:

"2021-жылдын 15-январына чейин Ооганстанда биздин 2,5 миң жоокерибиз калат. Бул датага карата Иракта дагы 2,5 миң аскерибиз болот. Бул Америка эли колдогон пландарыбыз менен стратегиялык максаттарыбызга төп келет жана АКШнын максаты менен саясатына каршы болбойт".

Өлкөнүн шайланган президенти Жо Байдендин өкүлдөрү бул билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек. Бирок буга чейин Байден бийликти өткөрүп алуу жараяны кечеңдеп, анын өткөөл администрациясы Вашингтондон улуттук коопсуздук боюнча ыкчам маалыматтарды ала албай жатканына тынчсызданган.

Пентагондун соңку чечими Ооганстанда чабуул, кол салуу токтобой жаткан маалга туш келди. Ирактын армиясы шейшембиде баш калаа Багдаддын «Жашыл зонасы» ракета менен аткыланганын кабарлады. Бул райондо өкмөттүк имараттар менен чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү жайгашкан.


Кристофер Миллер АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп өткөн аптада дайындалган. Ал Пентагондун соңку планын НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг жана ооган президенти Ашраф Гани менен талкуулаганын билдирди. Миллер Вашингтон Кабулду колдой бере турганын айтып, эгер Ооганстан менен Иракта абал начарлай баштаса "АКШ чукул чараларды көрөт" деп ишендирди.

Бирок Столтенберг Ооганстандан америкалык жоокерлердин чукул жана макулдашпай чыгарылышынын кесепети оор болорун эскертти. Конгресстеги Трамптын айрым партиялаштары дагы аскерлердин күтүүсүз кыскарып жатканын сындап чыкты.

Ал арада Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен президент кызматка отургандан берки убадасын аткарат деп ишендирди.

"Президент Трамп май айына чейин алардын баары үйүнө аман-эсен кайтып келет деп үмүттөнөт", - деди кеңешчи.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнел 17-ноябрда жакынкы убакта коргоо жана тышкы саясатта кескин чараларды кабыл албай турууга чакырды.

Ал Пентагондун соңку планынын айынан Талибан кайрадан үстөмдүгүн орнотуп, "Ислам мамлекети" жана "Ал-Каида" террордук уюмдары күчтөнөт деген кооптонуусун айтты:

"Менимче биз жакынкы айларда коргонуу жана тышкы саясатыбызда кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөргө жол бербегенибиз өтө маанилүү болот. Мен Ооганстандагы же Ирактагы аскерлерибиздин санын кескин кыскартканыбыз катачылык".


АКШ менен "Талибан" ушул жылдын башында дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча келишимге кол койгон. Документте талибдер "Ал-Каида" баштаган эл аралык террорчу топтор менен алака-катышын биротоло үзгөндөн кийин америкалык аскерлер 2021-жылдын май айына карата чыгарылып кетери жазылган. Бирок келишим бир катар себептерден улам толук ишке ашпай жатат. Маселен Катарда сентябрь айында башталган ооган бийлиги менен "Талибандын" өз ара сүйлөшүүлөрү азырынча илгерилей элек.

Америкалык аскерлердин чыгарылышын жактагандар өлкө Ирак менен Ооганстанда көп жоготууга учураганын белгилешет жана Кошмо Штаттарынын өзүндө маселе толтура экенин айтышат.

АКШда бир катар таасирлүү Жалпыга маалымдоо каражаттары президенттик шайлоодо Жо Байден утканын жазышкан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай жатат. Ал добуш берүүдө көз боемочулук болгону тууралуу дооматтарды айтканы менен кандайдыр бир ынанымдуу далилдерди келтире элек. Трамптын юристтери шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко толгон-токой арыздарды жөнөткөн, бир катар штаттарда арыздар четке кагылган.

XS
SM
MD
LG