Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

АКШ Ооганстандагы вазийпасын улантат


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Кабул. 20-октябрь, 2019-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Кабул. 20-октябрь, 2019-жыл.

Пентагондун башчысы АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болоруна ишендирди. Марк Эспер мындай билдирүүнү америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып, ооган жергесиндеги контингент да чегинбейби деген тынчсыздануу күчөп турган кезде жасады.

АКШ Коргоо министрлигинин башына ушул жайда келген Эспер 21-октябрда Кабулда жайгашкан НАТО күчтөрүнүн миссиясынын баш кеңсесинде болду.

Министр Ооганстандагы “Ал-Каидадан” башталган коркунучту бүгүн Кошмо Штаттарга “Талибан” жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмдары жаратып жатканын белгиледи.

- Жеринен көргөндөрүм, эки өлкөнүн күчтөрү ортосундагы кызматташтык шыкак берди. Биз миссиябызды, Ооганстанды АКШ жана анын өнөктөштөрүнө кол салууну ниет кылган террорчулардан тазалоо вазиайпабызды аткара беребиз, - деди Марк Эспер.

"Ассошиэйтед Пресстин" кабарлаганына караганда, мындан бир күн мурда Эспер Вашингтон антитеррордук аракеттерге залакасын тийгизбестен Ооганстанда 8 миң 600 аскерин калтыра алат деп айткан.

Үстүбүздөгү айдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын түндүк-чыгышындагы миңдей жоокерин чыгарып кетүү буйругун берген.

Анын артынан Түркия кошуна өлкөгө кирип барып, чек ара аймагындагы күрд кошуундарына каршы аскердик операция баштаган. Ал кошуундар буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы урушта Вашингтонго арка-жөлөк болуп, ар тараптан колдоп келген.

АКШнын Түндүк Сириядагы аскерлери чегинүүдө. Ирак. 21-октябрь, 2019-жыл.
АКШнын Түндүк Сириядагы аскерлери чегинүүдө. Ирак. 21-октябрь, 2019-жыл.

Трамптын аскерлерди чыгаруу чечимин АКШнын өзүндөгү көптөгөн саясатчылар да сындап, Ак үй Ооганстандагы контингентти да алып кетиши ыктымал деген кооптонуусун пайда кылды.

Ошол эле маалда Эспер Сириядагы америкалык айрым аскер күчтөрү мунай кендерине жакын жерлерде кала турганын дүйшөмбү күнү Кабулдагы пресс-конференцияда билдирди:

- Аскерлерди чыгаруу процесси бир нече күнгө эмес, жумаларга созулат. Бул аралыкта мунай кендерине жакын жердеги бөлүктөрүбүз кала берет. “Сирия демократиялык күчтөрү” менен иштешкен ал аскерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун же башка террорчулардын ошол мунайдан киреше табышына жол бербей, алдын алууну көздөшөт.

Пентагондун башчысы президент Ашраф Ганиге жолугуп, 14 миңдей америкалык аскерден кабар алды. АКШнын контингенти баштаган коалициялык күчтөр Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода уюмунун эгиз мунараларына жана бир нече объектилерине террордук сокку урулган 2001-жылдын 11-сентябрь теракттарынан кийин Ооганстанга киргизилген.

Эспердин артынан Кабулга күтүлбөгөн визит менен Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси баштаган Конгресстин жогорку өкүлдөрү да барып, өлкө жетекчилери менен кездешти.

Нэнси Пелоси баштаган делегация Ашраф Гани менен жолугушууда. Кабул. 21-октябрь, 2019-жыл.
Нэнси Пелоси баштаган делегация Ашраф Гани менен жолугушууда. Кабул. 21-октябрь, 2019-жыл.

Өткөн айда Трамп “Талибан” менен бир нече айлык тынчтык сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотуп, Вашингтондун Ооганстандагы чабарманын артка чакыртып алган.

Президент бул кадамын америкалык жоокердин талибдердин колунан каза табышы менен түшүндүргөн. Тынчтык процесси үзгүлтүккө учурагандан бери жоочулардын теракттары ого бетер күчөдү.

Америкалык делегациялардын сапары алдында, жума намазы маалындагы жардырууда курман болгондордун сөөгү жерге берилди. 18-октябрдагы кол салууда ооганстандык 69 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган.

“Талибан” кыймылы Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен бетме-бет отуруп тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG