Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

АКШ «Талибан» менен сүйлөшүүнү токтотту


АКШнын өкүлү Залмай Халилзад Катардагы сүйлөшүүлөрдө. 8-июль, 2019-жыл.
АКШнын өкүлү Залмай Халилзад Катардагы сүйлөшүүлөрдө. 8-июль, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн атайын чабарманын чакыртып алды. Анын алдында президент Дональд Трамп «Талибандын» лидерлери менен жашыруун сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 8-сентябрда «Fox News» телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып азырынча тынчтык сүйлөшүүлөрү токтотуларын жарыялады:

«Биз элчи Залмай Халилзадды Вашингтонго чакыртып алдык. Бир нече айдан бери маселенин үстүнөн иштеп келдик, президент Ашраф Гани баштаган улуттук биримдик өкмөтү, «Талибан» менен да олуттуу прогресске жетишкенбиз».

Помпео талибдер бейшемби күнкү жардыруусу менен аша чабышкандан кийин Трамп ушундай чечим кабыл алганын белгиледи.

5-сентябрда Кабулдун элчиликтер, өкмөттүк мекемелер, НАТОнун жергиликтүү өкүлчүлүгү жайгашкан районунда дүрмөттөлгөн машине жарылып, анын айынан 12 киши каза тапкан. Америкалык бир жоокер окко учкан. Кан төгүү үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы моюнга алган.

Өткөн ишембиде америкалык президент 11-сентябрь теракттарынын жылдыгы алдында Кэмп Дэвидде эки тарап менен сүйлөшүү пландалганын «Твиттерге» жазган.

АКШнын мурдагы коргоо министри Жэймс Мэттис Ак үйдүн талибдердин лидерлерин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырышы ал үчүн таң калыштуу жаңылык болгонун CBS каналына берген интервьюда айтты:

«Бирок ар бир согуш акыр-аягында соңуна чыгат. Урушка чекит коюу аракеттерин кубаттайм. Талибдерге Жорж Буш бийликте турган кезден бери «Аль-Каида» менен мамилелерди үзүү тууралуу талап коюп келатабыз. Алар көнбөй коюшкан. 2001-жылдын 11-сентябрында 91 өлкөнүн 3 миң бейкүнөө жаранын өлтүрүшкөн. Биз талибдер ошол террорчуларга башпаанек бергенин, байланыштарды үзүүдөн ушул күнгө чейин баш тартып келатышканын эч качан унутпашыбыз керек».

Трамптын тынчтык сүйлөшүүлөрдү токтотуу тууралуу чечиминен кийин жасаган билдирүүсүндө «Талибан» бул кадамдын арты АКШ үчүн олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертти.

Ооган президентинин кеңсеси талибдер зордук-зомбулуктан баш тартканда, Кабул өкмөтү менен тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө гана тынчтык орнотуу мүмкүн экенин айтып келет.

Залмай Халилзад баштаган америкалык делегация бир жылдан бери «Талибандын» өкүлдөрү менен Катардын борбору Дохада сүйлөшүү жүргүзүп келди. Бир нече күн мурда 8-айлампа аяктап, макулдашууга жалпы жонунан жетишилгени кабарланган.

2-сентябрда Вашингтондун чабарманы «Толо ТV» телеканалындагы интервьюда Кошмо Штаттар 5 миңдей жоокерин ооган жергесинен чыгарып кетерин, 135 күндүн ичинде беш базасын жабарын билдирди.

Бул үчүн согушкер топ «алардын көзөмөлүндөгү бир да аймак келечекте Кошмо Штаттарга же анын өнөктөштөрүнө чабуул коюуну көздөгөн терс күчтөр, согушкерлер баш калкалаган жайга айланбайт» деген шартка макул болуп, жоопкерчилик алары айтылган.

Бирок ооган өкмөтү келишим бир топ суроолорду жаратарын билдирген. Талибдер Кабул бийлигин «Батыштын кол баласы» деп алар менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG