Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Кабулдун тынчтык келишимине кабатырлыгы


АКШнын чабарманы Залмай Халилзад жана Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла. Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.
АКШнын чабарманы Залмай Халилзад жана Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла. Кабул, 2-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын расмий жетекчилери тынчтык орнотуу жараянындагы жылышты колдоо менен катар, АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү жетишкен келишимдин долбооруна камтама болушту.

Президент Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Седик Седикки макулдашунун долбоору менен ооган лидерлери таанышканын, бирок анын мазмунуна жана аткарылышына байланышкан бир топ суроолор ачык кала бергенин «Твиттерге» жазды.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки. 3-июль, 2019-жыл.
Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки. 3-июль, 2019-жыл.

«Ооган өкмөтү Ооганстандагы согушту токтотууну, бейпилдик орнотууну көздөгөн тынчтык процессиндеги ар бир жылышты колдойт. Бирок АКШ менен «Талибан» түзгөн келишимдин тынчсыздандырган жерлери да бар. Кесепеттер менен коркунучтардын алдын алуу жагы кандай болот?»

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад дээрлик бир жылдан бери Катарда «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. 2-сентябрда чабарман «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна тараптар келишим боюнча «жалпы жонунан» мунаса табышканын айткан:

«Биз «Талибан» менен келишим Ооганстандагы саясий күчтөрдүн диалогуна жол ачат деп үмүттөнөбүз. 40 жылдан бери тынчыбай келаткан урушту токтотуш үчүн андай сүйлөшүү тарыхый жана өтө баалуу мүмкүнчүлүк болмокчу».

Ал эми жергиликтүү «Толо ТV» телеканалындагы интервьюда Халилзад Кошмо Штаттар 5 миңдей жоокерин ооган жергесинен алып кетерин, 135 күндүн ичинде 5 базасын жабарын билдирди.

Жооп кадам катары, документтин долбооруна талибдер «Ооганстанда алардын көзөмөлүндөгү бир да аймак келечекте Кошмо Штаттарга же анын өнөктөштөрүнө чабуул коюуну көздөгөн терс күчтөр, согушкерлер баш калкалаган жайга айланбайт» деген шартка макул болуп, жоопкерчилигин алууда.

Мунаса табылганы белгилүү болгондон кийин 3-сентябрда, америкалык мурдагы тогуз элчи да үн катты. Алардын пикиринде, Кабул өкмөтүнүн катышуусундагы «чыныгы» келишим түзүлгөнгө чейин эле АКШ өз аскерлерин алып кетчү болсо, Ооганстан «жарандык согуштун сазына» батып кетиши ыктымал.

Президент Ганинин басма сөз катчысы Седикки дагы буга үндөш пикирин жазды:

«Ооган өкмөтү да ушундай сезимди бөлүшөт. Ошондон улам залакалардын жана коркунучтардын алдын алыш үчүн документке тактык киргизүүгө үндөйбүз».

Ооган бийлиги менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартып жаткан «Талибан» Кабул өкмөтүн «Батыштын кол баласы»​ деп мүнөздөп, чет элдик жоокерлерди толугу менен чыгарууну талап кылып келатат.

АКШ жоокерлери ооган күчтөрүн машыктырууга катышып жатышат. Герат, 2-май, 2019-жыл.
АКШ жоокерлери ооган күчтөрүн машыктырууга катышып жатышат. Герат, 2-май, 2019-жыл.

Көпчүлүгүн АКШ аскерлери түзгөн эл аралык контингент 20 миңдей кишиден куралган. НАТОнун миссиясынын алкагында алар жергиликтүү күчтөрдү машыктыруу, жардам жана кеңеш берүү менен алектенишет. Америкалык бөлүктөр андан тышкары терроризмге каршы операцияларды да ишке ашырат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG