Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

АКШ - Ооганстан коопсуздук келишимин түздү


АКШ жана Ооганстан ортосундагы эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюу учуру. Кабыл, 30-сентябрь, 2014.
АКШ жана Ооганстан ортосундагы эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюу учуру. Кабыл, 30-сентябрь, 2014.

Кошмо Штаттар жана Ооганстан узактан бери күтүлүп жаткан Эки жактуу коопсуздук келишимине кол койду. Келишим 31-декабрда Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн согуштук миссиясы аяктагандан кийин 10 миңдей америкалык аскердин Ооган жеринде калуусуна жол ачат.

Бул келишимге абал былтыр сентябрда кол коюлат деп мерчемделип жаткан. Бирок ал кездеги президент Хамид Карзай түрдүү талаптарды айтып, ага кол коюну создуктуруп жүрдү.

АКШ президенти Барак Обаманын кеңешчиси Жон Подестанын маалымдашынча, Эки жактуу коопсуздук келишими АКШ - Ооганстан арасындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө маанилүү кадам саналат:

- Эки жактуу келишим АКШга Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүн машыктырууга, кеңеш бергенге жана көмөктөшкөнгө мыйзамый негиз болот, ошентип террорчулар Ооганстанды эч качан АКШнын же анын союздаштарына кол салуу үчүн пайдалана албай калат.

Ал мындай билдирүүнү 29-сентябрда Кабылда Ооганстандын жаңы президенти Ашраф Ганинин инагурациясынан соң жасаган.

30-сентябрда Кабулда Эки жактуу коопсуздук келишимине Вашингтондун атынан элчи Жеймс Каннингэм жана Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мухаммад Ханиф Атмар кол койду.

Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки дүйшөмбү күнү Вашингтондо кабарчылар менен болгон жолугушууда Ооганстан менен кол коюлчу коопсуздук келишими соңку жылдары ооган өкмөтү жетишкен ийгиликтерди дагы тереңдетүү үчүн зарыл экендигин билдирген.

Ак үй эгер Эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюлбаса, Ооганстандан бардык аскерлерин чыгарып кетерин эскертип жаткан.

2011-жылы Ирак - АКШ ортосунда береги сыяктуу келишимге кол коюлбай калганда, Пентагон өлкөдөн бардык аскерин алып чыгып кеткен.

Ооган талиптери 30-сентябрда маалымат булактарына жиберген билдирүүсүндө Эки жактуу коопсуздук келишимин АКШнын Ооганстанды өз чеңгелинен чыгарбай кармап туруусун көздөгөн кутум деп мүнөздөдү. ”Алар толгон токой куулук жана амалдары менен элди алдоону каалайт. Алар ооган эли алардын кутумдарын жана жаман максаттарын билбейт деп ойлойт,” деп айтылат Рейтер агенттиги шилтеме жасаган талиптердин кайрылуусунда.

Ушул жумада Ооганстандын улуттук биримдик өкмөтү НАТО менен да ушул сыяктуу келишим түзөт деп болжолдонууда. Ал келишимге жараша 2014-жылдан кийин өлкөдө негизин Британия, Германия, Италия жана Түркиянын аскерлери түзгөн 4 - 5 миң чамалуу колу калат.

Азыр Ооганстанда НАТОнун 41 миңдей колу бар. Бул 2012-жылдагыдан үч эседен көбүрөөк аз.

Талдоочулар мурда Дүйнөлүк банкта иштеген технократ Ашраф Гани учурунда Кабул-Вашингтон мамилеси жакшырат деп боолгошот. 65 жаштагы Гани ант берүү салтанатында өлкөдө тынчтык орнотууну өз саясатынын асыл максаты деп билерин жана эл аралык колдоого муктаж экенин баса айткан болчу:

- Бул жерде саясат мындан ары бейстабилдүүлүктүн инструменти болбойт, тескерисинче, бекем стабилдүүлүктү камсыздоонун инструменти болот. Бул биздин улуттук биримдик өкмөтүбүздүн негизги максаты.

Ашраф Гани салтанаттагы сөзүндө “өкмөттүн оппоненттерин, айрыкча талиптер менен Хезб-е-Ислами козголоңчу группасын саясий сүйлөшүүгө” чакырып, “алар айткан проблемаларды чечкенге” аракет кыларын да билдирген.

XS
SM
MD
LG