Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Малики АКШдан чукул аскерий жардам сурап келди


Нури ал-Малики Вашингтондо. 30-октябрь, 2013-жыл.
Нури ал-Малики Вашингтондо. 30-октябрь, 2013-жыл.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин АКШдагы сапары уланууда. Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүлөрү 1-ноябрда өтөт.

Ак үйдөгү жолугушуу алдында америкалык сенаторлор тобу ал-Маликинин саясатын жана Ирактагы кырдаалды сындап чыгышты.

Президент Барак Обамага чейин Ирак өкмөт башчысы Нури ал-Малики Вашингтондо америкалык сенаторлордун тобу менен кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн кийин республикачыл сенатор Жон МакКейн Ирактагы кырдаалды “начарлоо үстүндө” деп мүнөздөп, аны өзгөртүү Малики өкмөтүнүн колунда экенин белгиледи.

Таасирлүү сенаторлордун бири деп саналган МакКейн ошондой эле Маликинин өкмөтү алар АКШдан сурап жаткан аскерий жардамды өлкөдө азчылыкты түзгөн сунниттердин бийликке көбүрөөк тартылуусун камсыздаган чараларды көрмөйүнчө ала албай турганын эскертти.

Мындан эки күн мурда Республикалык жана Демократиялык партиялардын алты сенатору президент Барак Обамага жолдогон катында Иракта кыянатчылык менен зордук-зомбулук актыларынын көбөйүп кеткени үчүн ал-Малики өкмөтүнүн аракеттерин айыпташкан эле.

Ирак. Премьер-министр Нури ал-Малики
Ирак. Премьер-министр Нури ал-Малики
Президентке жолдогон катында сенаторлор шииттердин өкүлү болгон Малики өлкөнү башкарууда авторитардык ыкмага басып жасап, диний багытка да көп кайрыларын эске салышат.

Мунун натыйжасында, америкалык сенаторлордун пикиринде, Иракта “ал-Каиданын” жана сунниттердин согушчан тобунун туруму чыңдалып, суннит жана шиит мусулмандардын бири-бирине каршы кыянатчылыктары күчөдү, көптөгөн сунниттер “ал-Каиданын” арасына киришине түрткү берилди.

Америкалык мыйзамгерлер буга катар Ирак өз аба мейкиндигин Иранга бергенине кыжырлануу билдиришкен. Иран бул аба жолдору аркылуу Сирия президенти Башар Асаддын режимине курал жеткирген эле.

Премьер-министр Нури ал-Малики болсо “Нью-Йорк Таймс” гезитинде жарыяланган макаласында, Вашингтондогу саясатчыларды сабырдуулукка чакырып, өзү атагандай “коопсуздуктун, демократиянын, гүлдөп-өнүгүүнүн” жолунда бара жаткан өлкөсү “ал-Каиданын” террордук өнөктүгүнө тушукканын, АКШ аларга террорчулар менен күрөшүүсү үчүн заманбап куралдарды берүүсүн көздөп келгенин айткан.

Малики өзү Ирак АКШдан эмнелерди алгысы келерин кабарчылар менен маегинде мындайча чечмеледи:

Ирак, теракттан кийин. 13-октябрь, 2013-жыл
Ирак, теракттан кийин. 13-октябрь, 2013-жыл
- Биз иш жүзүндө Ирактын аймагын, суверенитетин коргоо үчүн коргонуу куралдарына муктажбыз. Муну суроону биз эч тайсалдабастан туруп улантабыз. Бизде бул жаатта келишим бар, бирок коопсуздук боюнча биргелешкен комитеттин жогорку жыйынында чукулунан талкуулоону талап кылган маселе - АКШ Иракка террорчулук менен күрөшүү, террордук топтор менен уюмдардын артынан түшүү үчүн чабуул коюу багытындагы куралдарды тезинен берүүсү. Булар Ф-16 же башка аскерий учактар болбосо да, тик учактар жана терроризм менен күрөшүүчү башка куралдар.

Ирактын Вашингтондогу элчиси Лукман Фейлинин “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги менен маегинде алар Иракка АКШдан атайын аскерий топту же Борбордук Чалгын кызматынын кеңешчилерин жөнөтүүнү сурана турганын да жокко чыгарбады.

Ирактык элчи эгер АКШ аскерий жана башка жардамды тезинен берүүгө дилгирленбесе, алар башкаларга кайрыла турганын айткан. Сегиз жылга созулган согуштан кийин АКШнын акыркы жоокери Ирактан 2011-жылдын соңунда чыгып кеткен эле.

Улуттар уюмунун эсебинде, быйыл Иракта түрдүү кол салуулардан 7000ден ашуун жөн-жай тургундун өмүрү кыйылды. Жанкечтилер ушул ай ичи эле 38 жардыруу жасашкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG