Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Ирактыктардын арыз-муңун британ соту угат


Британияда британ аскерлеринин Ирак согушундагы зөөкүр иштери боюнча угуу Лондондо өлкөнүн Жогорку Сотунда башталды. Мындан 5-10 жылдагы окуялар боюнча запкы көргөн эки жүздөй ирактык жарандын арыздары үч күн ичинде каралмакчы.

2003-2008-жылдары британ аскерлеринин колунан запкы көрдүк деген 190 чакты ирактык жарандын адвокаттары коомдук угууну талап кылышууда.

Уруп-сабоо, уйкудан калтыруу, сексуалдык жана диний зөөкүрлүк боюнча арыздар шейшембиде Британиянын Жогорку Сотуна тапшырылды. Бул арыздарды зөөкүрлүккө кабылган ирактыктар же алардын тууган-уруктары жазган.

Мындай зөөкүрлүк кээде гана орун алган кокустук беле, же британ бийлиги тарабынан колдоого алынган системдүү саясат болчубу? Британиянын Жогорку Соту мына ушул суроого жооп бермекчи. Угуулар бейшембиде аяктайт.

Британиялык укук коргоочу адвокат Фил Шайнер ирактыктардын көрсөтмөлөрүн негизинен Ливанда кармалган курмандыктардан же алардын урук-туугандарынан чогултуп, топтогон. Ал бул кыйноолор системдүү мүнөзгө ээ болгон деп ишенет:

Сөз "бир карын майды чириткен бир кумалак" жөнүндө болуп жаткан жок. Британияда суракка алуунун техникасы үйрөтүлгөн машыгуулар атайын саясаттын бир бөлүгү болгон.

Зөөкүрлүк делген иштердин көбү айыпкерлер түрмөдө отурганда орун алган. Адвокаттардын ырастоосунда, кээ бир айыпкерлер ал кыйноолордон каза тапкан учурлар болгон.

Шайнер ошондой эле айрым зөөкүрлүктөр британ аскерлери үйлөргө кол салган "сокку операцияларында" орун алгандыгы тууралуу көрсөтмөлөр бар дейт:

Үйлөрдө орун алган, атайын буйрук менен ашкере күч колдонулган бул «сокку операцияларында» ирактык жарандар АКШ жана Ирак бийликтерине берилип турган. Алар кыйноого туш болуп, же өлүм жазасына тартылган. Бул британ армиясынын жогорку жетекчилиги аралашкан мамлекеттик практика жана системдүү маселе болгондугу кыжаалат кылат.

Британиянын Коргоо министрлиги "биз өз алдынча, ички тергөө баштадык, ошондуктан мындай коомдук угуунун зарылчылыгы жок" деп жатат.

2011-жылы аяктаган бир жылдык иликтөөдө Баха Муса деген жарандын ишинде британ аскерлери «тартипти айрыкча одоно бузган» деп табылган.

Ирактык мейманканада иштеген Муса 2003-жылы Иракта британ армиясынын камагында зөөкүрлүккө кабылгандан кийин көз жумган.

XS
SM
MD
LG