Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Ооганстанда бийлик биринчи жолу тынч алмашты


Ооганстан -- Жаңы президент Ашраф Гани (оңдо) менен жаңы өкмөт башчы Абдулла Абдулла ант берүүдө. Кабыл, 29-сентябрь, 2014.
Ооганстан -- Жаңы президент Ашраф Гани (оңдо) менен жаңы өкмөт башчы Абдулла Абдулла ант берүүдө. Кабыл, 29-сентябрь, 2014.

29-сентябрда Кабылда Ашраф Гани Ооганстандын жаңы президенти жана Абдулла Абдулла премьер-министр катары ант берди. Бул Ооганстандын тарыхындагы биринчи демократиялуу бийлик алмашуу.

Өлкө Жогорку Сотунун жетеги астында өткөн ант берүү салтанатында президент Гани конституцияны жана башка мыйзамдарды сактайм, аларды коргойм деп убада кылды.

Ашраф Гани Ахмадзай 21-сентябрда үч ай илгери болгон талаштуу президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жеңүүчүсү деп жарыяланган. Ал мурда Дүйнөлүк банкта иштеген, Ооганстандын финансы министри жана Кабул университетинин ректору болгон.

“Боорукер жана мээримдүү Кудай үчүн,- деп улантты Ашраф Гани ант сөзүн. - Ыйык дин Исламды тутунуп колдойм, Конституцияны жана бардык мыйзамдарды сактайм, күнкорсуздукту, улуттун төбөлсүздүгүн жана Ооганстандын территориясынын бүтүндүгүн жана Ооганстан элинин укуктары менен кызыкчылыктарын коргойм деп Кудай алдына ант берем.”

Гани жана Абдулла Кошмо Штаттар менен эки жактуу коопсуздук келишимине кол коём деп мурда убуда кылышкан. Ал келишимге ылайык, быйыл эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы вазийпасы бүткөндөн кийин 10 миң чамалуу америкалык аскер өлкөдө калат. Карзай болсо түрдүү талаптарды коюп, береги келишимге кол коюуну создуктуруп жатты.

Өлкөнүн мурдакы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла өкмөттү жетектейт. Ал шайлоодо экинчи көп добуш алган. Мурда өкмөттү президент Хамид Карзай өзү жеке башкарган.

Батышчыл жана байистүү эсептелген Гани жана Абдулла АКШ жана БУУнун кысымы астында гана “бирдиктүү улуттук өкмөттү” түзүүгө ынанышкан.

Бүгүнкү салтанатта Ооганстандын эки вице-президенти: Абдул Рашид Дустум жана Мохаммад Сарвар Данеш, ошондой эле президенттин жардамчылары: Мохаммад Хан и Мохаммад Мохакик да ант беришти.

2001-жылдан бери президенттик кылган Хамид Карзай өз сөзүндө анын бийликтеги негизги вазийпасы Ата Журтун сактоо болгонун баса белгиледи:

- Он үч жыл мурда мен ардактуу элим менен өз сапарымды баштагам. Бул жеңил сапар болгон жок. Жолдо көп аң-дөңдөр жана катуу бороондор болду. Менин миссиям өлкөнүн назик жана жука чөйчөгүн коопсуз сактоо болду.

Кабылдагы бийлик алмашуу аземине президент Барак Обаманын кеңешчиси Жон Подеста баш болгон АКШ делегациясы, Пакистандын президенти Мамнун Хусейн, Индиянын вице-президенти Хамид Ансари, Кытайдын адам ресурстары боюнча министри Ин Веймин, Британия, Франция жана баша мамлекеттердин элчилери катышты.

Инаугурация күнү тынч өтпөдү. Президенттин сарайын Кабыл аэропорту менен туташтырган жолдо эки бомба чабуулу болду. Биринчи бомбадан эч ким жабыркабады. Бирок аэропорттон 1 чакырымдай жерде жанкечти жадырган бомба кеминде төрт адамдын өмүрүн алып кетти.

Таң эртең президент сарайынын сыртында автомобилге жашырылган чакан бомба жарылып, айдоочу жарадар болгон. Бул окуялар Гани менен Абдулла үчүн талиптерди тынчытуу өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу эң чоң милдет экенин эскертти.

Талдоочулардын айтымында, Карзайдын мурасы бир өңчөй эмес. Сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, саясый толеранттуулугу, ар түркүн адамдар менен иштеше алганы - анын улуу мурасы. Жергиликтүү серепчилер Карзайдын эң чоң ийгилиги анын бийликти конституциянын чегинде өткөрүп бергени болду, ал ошентип өз ысмын ооган тарыхына демократиянын атасы катары жазып кетти дешет.

Таанымал коомдук ишмер, Ооганстандагы адилет жана эркин шайлоо фондунун төрагасы Надер Надери ошол эле мезгилде Карзай колу булганыч адамдарды бийликтен четтетпей, алардын байышына көмөктөшкөнүн айтат:

- Экинчи жактан анын жарандык согушка катышкан, өткөн жашоосу шектүү кээ бирөөлөрдүн укугун кеңейткенин эл эстеп жүрөт. Ал коррупцияга жана кылмыштуу иштерге аралашкан, ошондой эле жөндөмсүз жана ишинде натыйжасы жок адамдарга ашыкча толеранттуу мамиле жасады. Бу сыяктуу адамдарга сабырдуу мамиле жасап, алардын кээ бирлерине бийлик жана байлыгын көбөйтүп, тартип орнотууга жолтоо болушуна жардам берди.

Ооганстандын чалгындоо кызматынын мурдакы башчысы Амрулла Салехтин айтымында, Карзайды 2001-2004-жылдары жалпы эл баатыр катары көргөн. Кийнки беш жылда Карзай чебер саясатчы ирети “бөлүп жарып бийле” деген тактиканы карманып, тегерегине кошоматчыларды топтоп, адамдарды жана этностук топторду бири-бирине чабаштырып жатты. Ал эми акыркы жылдары Карзай бийликти өз колуна топтоп, шайлоону калыс өткөрүүнүн ордуна уруулук кызыкчылыкты камсыздоого көп көңүл бөлдү. Сын пикирге чыдабай калды, дейт Амрулла Салех. Анын кесепетинен президенттик шайлоо эки айлампада өтүп, эл жарылып кетпеси үчүн АКШ жана БУУ кийлигишип жатып, 8 миллионго жакын бюллетень кайра саналды. Жеңүүчү үч ай бою аныкталбай, сүр-сүр менен араң токтотулду.

26 жаштагы ишкер Роя Махбубтун айтымында, Карзай пуштун, тажик, хазар, өзбектер ортосундагы мамилени жакшыртып, бийликти тынч өткөрүп берген биринчи лидер болду. Бирок өлкөдө тынчтык орното албады, сарттан канча көп инвестиция келгени менен анын үзүрүн эл сезбеди, дейт ал:

- Бирок анын кемчилиги - коррупция жана коопсуз жашоону камсыздай албады. Акыркы жылдары коопсуздуктун абалы чындап эле начарлап кетти жана көпчүлүк инвесторлор Ооганстанды таштап кетишти. Анын жакшы экономикалык планы жана жумуш орундарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү болбоду. Ооганстанда миллдиондогон долларлар сарпталганы менен күчтүү инфраструктура жок.

Рой Махбуб “Азаттык” радиосуна берген интервьюда 12 жыл илгери талиптер башкарган кезде кыздар менен аялдар мектепке жана университетке барышпаганын, азыр алардын 30 проценттен көбү окуп, билим алып жатышканын, Ооган парламентинде аялдар коңшу өлкөлөрдүн парламентине салыштырганда көп экенин да сыймыктана белгиледи.

XS
SM
MD
LG