Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Карзай АКШнын өтүнүчүн аткарган жок


Президент Хамид Карзай
Президент Хамид Карзай

Расмий Кабулдун Вашингтон “коркунучтуу кылмышкерлер” деп эсептеген туткундарды абактан чыгаруу планына байланыштуу Кошмо Штаттар терең тынчсыздануу билдирди.

Ооган өкмөтү 9-январда билдиргенге караганда, эркиндикке чыгарылчу 72 туткундун күнөөсүн ырастаган ишенимдүү далилдер жок, же өтө эле аз.
АКШ тараптын ырасташынча, Баграм абак жайында отурган 88 туткун НАТО башындагы күчтөрдүн 60тан ашуун аскеринин жана 57 оогандын өлүмү үчүн жооптуу.

Ооган өкмөтү, 9-январда жарыялангандай, 72 туткунду абактан чыгарса, коопсуздукка болгон коркунуч дагы өсөт. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки бейшемби күнү Вашингтондо кабарчыларга мындай деп билдирди:

- Бул туткундар иши Ооганстандын кылмыш сотунда каралбай туруп, абактан чыгарылышы мүмкүн экенине биз тынчсыздануубузду билдирдик. Биз президент Карзай иши кароодогу 88 туткундун 72син бошотуу жөнүндө жарлыкты бекиткени тууралуу билдирүүнү көрдүк. Сиздер да билишиңиздер мүмкүн, бул 72 туткун коркунучтуу кылмышкерлер: алар террорчулук менен байланыштуу кылмыштарды, анын ичинде колдо жасалган жардыргыч заттарды пайдаланып, ооган жарандарын өтө көп өлтүргөнүн тастыктаган ишенимдүү далилдер бар.

Бир жума илгери АКШ сенаторлорунун тобу Кабулга келип, президент Хамид Карзай менен кездешип, 88 туткунга эркиндик берилсе, эки ортодогу алакага чоң зыян келтирилерин эскертип кетишкен.

Бул туткундар азыр Кабулдун ныптасындагы Баграм түрмөсүндө отурат. 3 миңдей туткун кармалган абак жай былтыр мартка чейин АКШ аскерлеринин кармагында болгон. “Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, түрмө оогандардын башкаруусуна өткөндөн кийин 560тай туткун иши сотто каралбай туруп коё берилген.

9-январда президент Карзайдын атынан жасалган билдирүүдө абактан чыгарылчу 72 туткундун кандайдыр бир террорчулукка же башка жаманчылыктарга тиешеси бар экенин ырастаган эч кандай далил жок экени маалымдалды. Мындай билдирүү президент Карзайдын төрагалыгы астында өткөн жыйындан кийин жасалды. Ал эми Карзайдын өкүлү Аймак Файзи “Эркин Ооганстан” радиосуна ошо күнү берген интервьюда Вашингтон коопсуздук үчүн коркунучтуу деп эсептеген 88 туткундун 72си түрмөдөн бошотуларын айтты:

- Баграм түрмөсүндө отургандардын ишин териштирген комиссияга эч кандай күнөөсү мойнуна коюлбастан айлап жана жылдап абакта отурган туткундарды токтоосуз коё берүү жөнүндө тапшырма берилди.

Бирок Ооган өкмөтүнүн билдирүүсүндө, 88 туткундун 45нин күнөөсүн тастыктаган далилдер жок экени, ал эми 27 туткунду соттогонго далилдер жетишсиз экени, 16 туткун абакта калып, иши сотто каралары айтылат.

Бул туткундарга эркиндик берүү Ооганстан-АКШ арасындагы мамилени ого бетер осолдото турганын Батыш маалымат булактары кабарлашты. Ансыз да Карзайдын эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюудан баш тартканы мамилени бир кыйла чыңалтып койгон. Бул келишимге кол коюлса, 2014-жылы НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр Ооганстандан чыгып кеткен соң өлкөдө бир нече миң америкалык аскер калмак.

XS
SM
MD
LG