Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Курал көзөмөлдөө боюнча Орусия менен АКШнын сүйлөшүүсү башталды


 Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. 22-июнь, 2020-жыл. Вена.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. 22-июнь, 2020-жыл. Вена.

Орусия менен АКШнын расмий өкүлдөрү Австриянын баш калаасында куралды көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын башташты.

Эки күндүк жыйынга АКШ делегациясын куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарман Маршалл Биллингсли, ал эми Орусияныкын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жетектеп барышты.

Биллингсли «Твиттерге» «АКШ олуттуу диалогго даяр» деп жазды.

Эки өлкөнүн ортосундагы куралдануу жараянын тескеген «New START» аттуу акыркы ири келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февраль айында аяктайт.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы эки айлампасы июнь, июль айларында өтүп, келишимди узартуу боюнча эч кандай макулдашуу жетишилбей аяктаган.

Вашингтон бул сүйлөшүүлөргө кошулууга Бээжинди да чакырып келет, бирок Кытай бийлиги баш тартууда.

XS
SM
MD
LG