Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстандыктардын чөнтөгү жукарды


Бишкектеги «эмгек биржасы». Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясынын айынан кыргызстандыктар кыйла кирешесинен ажырады. Расмий маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын Биринчи жарым жылдыгында калктын реалдуу кирешеси 7,7% азайды. Буга товарлардын кымбатташы да, элдин номиналдык кирешеси кемигени да себеп болду.

Баарынан көп оорчулук Бишкек менен Чүй облусунун тургундарына түштү, Талас облусунда болсо кирешелер тескерисинче көбөйдү.

Номиналдык кирешенин реалдуу кирешеден айырмасы

Ушул эки көрсөткүч жарандардын кирешеси көбөйүп же азайып жатканын көрсөтөт.

Номиналдык кирешелер – калктын иштеп тапкан кирешесинин жалпы суммасы. Экономикада жагдай жакшы болбосо деле адатта ал көбөйө берет. Жарандар жыл сайын мурдагысынан көп табышат. Анткен менен номиналдык кирешелер калк турмушунун оңолуп баратышынын реалдуу картинасын көрсөтө албайт, анткени айлык-акы менен бирге товарлардын баасы да көтөрүлүп кетет.

Калктын жашоо-турмушунун деңгээли канчалык өсүп жатканын реалдуу кирешелер аныктай алат. Бул инфляцияны эске алган көрсөткүч. Маселен, мурда 20 миң сом айлык акы алып келген адамдын маянасы 22 сомго көтөрүлсө, анын номиналдык кирешеси 10% көтөрүлөт. Ошол эле кезде инфляция 15% чыкса, 22 миң сом айлык алган адамдын реалдуу кирешеси азайып калат. Муну атайын формула менен эсептеп чыгышат.

Быйылкы жагдай кандай?

Реалдуу эле эмес, номиналдуу кирешелер да азаюуда. Өткөн жылдын жарым жылдыгында кыргызстандыктардын номиналдык кирешелери 215,4 млрд. сомду түзгөн, быйыл 210,4 млрд. сом болуп, 2,3% төмөндөдү.

Соңку 20 жылда кыргызстандыктардын номиналдык кирешеси бир да жолу минтип төмөн түшкөн эмес.

Быйылкы жарым жылдыкта товарлар менен кызматтар 3% кымбаттады. Баарынан да азык-түлүктүн баасы тез жогорулап жатат.

Негизги ишкердиктин активдүү бөлүгү жайгашкан Чүй облусу менен Бишкек шаарында жашагандардын кирешелери кескин азайып кеттти. Баш калаа тургундарынын номиналдык кирешеси 8,9% азайды, инфляцияны эсепке алганда (реалдуу кирешелер) азаюу 15% түздү.

Номиналдык жана реалдуу кирешелердин ортосундагы оңурайган айырманы мына бул графиктен көрсө болот. Маселен, Баткен облусунун жашоочулары иштеп тапкан каражаты мурдагысынан 5,4% көп, анткен менен бул акчага өткөн жылга салыштырмалуу кыйла аз товарларды сатып алышат, тейлөө акысы да жогорулап кетти. Ушундай эле жагдайды Жалал-Абад облусу менен Ош шаарынан байкоого болот. Анткен менен Талас облусункн жашоочуларынын кирешеси көбөйгөнү байкалган.

Бул эмнени билдирет?

Кыргызстандын өкмөтү калктын кирешеси кантип өсүп жатканына көңүл деле бурбайт, анткен менен эл аралык тажрыйбада бул калктын жашоо-турмушун изилдеп туруунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири.

Орус президенти Владимир Путин калктын кирешесинин азайышын Орусиянын негизги социалдык көйгөйлөрүнүн бири деп атаган.

Өлкөдөгү экономикалык жагдайдын оорлошун кирешелердин азайышы айгинелейт. Товарлар менен кызмат көрсөтүүнүн баасы көтөрүлгөнү менен ал жерде иштеп аткандардын кирешеси азаюуда.

Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова азыркы абалды минтип түшүндүрдү:

«Мунун баары болуп аткан экономикалык окуялардын жыйынтыгы: апаат менен карантин чаралары көптөгөн ишканалардын мурдагыдай иштешине мүмкүндүк бербей жатат. Жумуш орундары азайып, товарлар менен кызмат көрсөтүүнүн көлөмү кемип, баштагыдай пайда түшпөй калды, анын залакасы маянага тийип, ал да азайды», - деди Акимова.

Кирешелердин азайышы жакырчылыкты күчөтөт. Азыр кыргызстандыктардын 20% жокчулукта жашайт.

Статистика боюнча, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында бул көрсөткүч 35% жетет.

Макаланын түп нускасы орус тилинде.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG