Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз


Крым жарым аралынын картасы.
Крым жарым аралынын картасы.

Баскынга дуушарланып, өзүнүн аймактык бүтүндүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзүп жаткан өлкөлөр үчүн терминологиялык согуш да өтө маанилүү. Украина – буга мисал. Расмий Киев Крым жарым аралы убактылуу баскын алдында гана турат деп санайт.

Украинада коңшу кубаттуу өлкө – Орусия тарабынан убактылуу каратылып алынган аймактарды кайра ширелтүү маселелери боюнча атайын министрлик бар.

2020-жылы 20-ноябрда бул министрликтин министринин орун басары Игорь Яременко «Кайра кайтарып алуунун жаңы саясаты: Көрсөткүчтөр жана алдын ала эскертүүлөр» деп аталган серептик баяндаманын калайыкка шардана кылынышы маалында чыгып сүйлөп, украиналык аймак болуп саналган Крымга карата «[биротоло] каратылып алынган» (орусча «аннексирован») деген терминди колдонууга таптакыр болбойт, деген пикирин айтты.

Игорь Яременко (оңдо) сүйлөп жатат. 2020-жылдын 8-сентябры.
Игорь Яременко (оңдо) сүйлөп жатат. 2020-жылдын 8-сентябры.

Сөз мааниси

Мындагы «каратып алынган» сөзүнүн орусча жана украинче маанилеши катары колдонулган “аннексияланган” (латынча annexio; түбү ал annexus — «бириктирип алынган» сөзүнө барып такалат) сөзү – бир мамлекет башка мамлекетти же башка мамлекеттин бир бөлүгүн өзүнө күч колдонуу менен бир тараптуу каратып алгандыгын туюнтат.

Эл аралык укук боюнча мындай каратып алуу – баскынчылыктын бир көрүнүшү катары жектелет жана азыркы тапта ал көрүнүш тийешелүү баскынчы мамлекетти эл аралык укуктук жоопкерчиликке тартуу үчүн олуттуу себеп катары каралат.

Биротоло каратып алуучулукту убактылуу баскындан айырмалашат, анткени убактылуу баскында калган жерлердин ээлик маселеси укуктук жактан өзгөрбөйт. Мисалы, Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгүндө 1992–94-жылдардагы уруштан кийин Армениянын аскерлери жайгаштырылып келди. Бул аймак өзүн “көз карандысыз” деп жарыялаганына карабастан, анын көз карандысыз мамлекет макамы БУУнун эч бир өлкөсү тарабынан таанылган жок (баса белгилесек, Армениянын өзү да аны тааныбады).

Демек, армян аскерлери бул аймакты убактылуу гана баскынга кириптер кылып келди. Эл аралык укуктан алганда, ошентип, Армения Тоолуу Карабакты биротоло каратып алган жок. Бул аймак эл аралык коомчулукта Азербайжандын ажырагыс бөлүгү катары карала берүүдө.

Балкандагы Босния жана Герцеговина аймагын 1878-жылдан тартып Австро-Венгрия империясы убактылуу баскын алдында туткан (сөз жүзүндө бул аймак 1878-жылдан кийин деле Осмон султандыгынын аймагы катары саналып келген). 1908-жылы гана бул аймак Австро-Венгрия тарабынан расмий түрдө каратылган (“аннексияланган”).

Расмий Киевдин Крым жаатындагы пикири

Украинанын убактылуу баскын алдындагы аймактарды кайра ширелтүү маселелери боюнча министринин орун басары Яременко “Украин призмасы” тышкы саясат кеңеши тарабынан даярдалган «Кайра кайтарып алуунун жаңы саясаты: Көрсөткүчтөр жана алдын ала эскертүүлөр» деп аталган серептик баяндаманын бет ачарында бир өңүттү баса белгиледи: украиналык мыйзамдарга ылайык, Крым жарым аралы жана андагы Севастопол шаары Орусия Федерациясы тарабынан убактылуу баскында калган украиналык аймак болуп саналат.

“Крым менен Севастополду каратып алынды деп эсептеген жападан-жалгыз өлкө – Орусия Федерациясы. Бардык эл аралык коомчулук Крым жарым аралы боюнча да, Донбасс аймагы боюнча да “убактылуу баскында калган аймактар” деген сөз айкаштарын колдонуп келет. Крым боюнча “каратып алуу далаалаты” деген сөз айкашын колдонууга уруксат, бирок эч качан “[биротоло] каратылып алынган” деген сөз колдонулбашы керек. Бул – биз үчүн да өзгөчө олуттуу мааниге ээ. Бул – Орусия Федерациясынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы тийешелүү милдеттенмелерин да баса белгилеп турат”, – деди Яременко.

Украинанын убактылуу баскын алдындагы аймактарды кайра ширелтүү маселелери боюнча министринин орун басарынын оюнча, “[биротоло] каратылып алынган” аныктамасы Крымды кайра Украинага кайтаруу маселеси жабылды деп санаган орусиялык бийликтердин чүргөмөсүнө үндөшүп калышы ыктымал.

“Биз – мындай мамилеге таптакыр каршыбыз. Ошондуктан Крымга карата “убактылуу баскында калган” терминин колдонууга өзгөчө суранаар элек, анткени Крым, менин ишенимимде, Украинанын көзөмөлүнө кайра кайтарылат”, – деди Яременко.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнүн видео тасмасы БУУнун Башкы жыйынынын отурумунда көрсөтүлдү. 2020-жылдын 23-сентябры.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнүн видео тасмасы БУУнун Башкы жыйынынын отурумунда көрсөтүлдү. 2020-жылдын 23-сентябры.

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын Үчүнчү комитети Крымда орусиялыктар түзгөн бийлик органдарын мыйзамсыз деп тапкандыгын Украинанын аталган министрлигинин өкүлү эскертип өттү.

Чынында да, 2020-жылы 18-ноябрда БУУнун Башкы жыйынынын Социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча Үчүнчү комитети жактырган резолюция долбоорунда Орусиянын бийлиги крымдыктарга орусиялык жарандык алууну таңуулоо, “мыйзамсыз шайлоолор өткөрүү”, улуттук өздүктү тебелеп-тепселөө ж.б. мыйзамсыз аракеттерди жасап жатат деп терең айыпталган.

Украина даярдаган бул резолюция долбоорун АКШ, Британия, Германия, Грузия, Франция, Балтика боюндагы үч жумурият жана башка өлкөлөр колдоого алды. (Жалпысынан 63 мамлекет колдоп, 85 өлкө арсар калып, 22 өлкө гана каршы добуш берди).

Эми резолюция долбоорун БУУнун Башкы жыйыны 2020-жылдын декабрында бекитүүсү керек.

БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин бул резолюция долбоорундагы айыптоолорду Украинанын “ойлоп тапкан жомогу” катары баалаган кескин билдирүүсүн ортого салды. Ал Крымдын калайыгы референдум аркылуу өз оюн билдирип, Орусияга кошулган, деген орусиялык расмий турумду кайра кайталады.

Крымдын Орусия тарабынан убактылуу каратылышы боюнча кыска маалымат

2014-жылы февралда Крымга жоокердик даражасы аныктала турган эч белгиси жок аскер кийимчен куралчан топтор басып киришип, Крымдын Жогорку Кеңешинин имаратын, Симферопол аба майданын, Керчтеги паромдук өтмө унааны, жана башка стратегиялык жайларды басып алышты. Андан тышкары алар жарым аралдагы украин куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн тороп алышты.

Оболу Орусиянын бийлиги бул жашыл кийимчен «белгисиз жоокерлерге» («зеленые человечки» – «жашыл кийимчен кызыктай кишилер») өздөрүнүн эч тийешеси жоктугун айтып чыгышты. Кийинчерээк, 2014-жылдын 17-апрелинде, Орусиянын президенти Владимир Путин бул куралчан топтор Орусиянын жоокерлери болгонун өзү ыракаттануу менен мойнуна алды.

Ошентип, жашыл аскер кийимчен чет элдик баскынчы куралдуу күчтөрдүн катаал кайтаруусу астында 2014-жылы 16-мартта Крымда жана Севастопол шаарында жарым аралдын макамы тууралуу референдум өткөрүлдү. Ал референдумга «ыктыярдуу түрдө Орусияга кошулуу» жобосу таңууланды. Бул референдумдун жыйынтыктарын шылтоолоп, Орусия жарым аралды өзүнө бир тараптуу кошуп алды.

Бул «референдум» деп аталган баскынчы иш-чаранын жүрүшүн да, жыйынтыгын да Украина, Европа Биримдиги, АКШ сыяктуу жана башка өлкөлөр тааныбай тургандыктарын жарыялашты. Айрымдар бул окуяны Гитлердин Австрияны басып алгандыгы менен да окшоштуруп чыгышты.

2014-жылы 18-мартта Орусиянын президенти В.Путин Крымдын Орусияга «бириктирилгендигин» жарыя кылды.

Эл аралык коомчулук СССР кулаган соң аймактык бүтүндүгү Орусия тарабынан да расмий таанылган, БУУга, КМШга мүчө болгон эгемен Украинанын бир бөлүгүнүн Орусия тарабынан убактылуу баскынга алынышын терең айыптап чыкты. Батыш өлкөлөрү бул окуяга байланыштуу Орусияга каршы экономикалык чектөөлөр жарыялады.

Украинанын Жогорку Радасы 2014-жылдын 20-февралын «Крым жарым аралына жана Севастопол шаарына Орусиянын убактылуу баскынчылыгы башталган дата» деп расмий түрдө жарыялады.

Орусия Федерациясы болсо өзүнүн Крымды убактылуу басып алуусун «тарыхый адилеттиктин калыбына келтирилиши» катары жогору баалап келет.

Крым татарлар жамаатынын жетекчилиги бул аймакты Украинанын курамындагы автономия катары калыбына келтирүүнү гана жактоодо.

Маалыматтарга караганда, Крым жарым аралын кайра Украинага кошуу талабын билдирген крым татар улутундагы жигердүү жарандарды бул жарым аралды көзөмөлдөп жаткан орусиялык бийликтер тарабынан камоо, кысмакка алуу чаралары быйыл да улантылды.

Крымдын өтмүшү (XVXX кк.).

Алтын Ордо ыдыраган соң пайда болгон Крым хандыгы 1441–1783-жылдары өкүм сүргөн.

Айтмакчы, бул хандыктагы көчмөн ногойлордун арасында кыргыздардын айрым уруулары да болгон. Крымда "Кыргыз" деген жер-суу аталыштары да болгонун этнографтар менен топонимисттер өз эмгектеринде чагылдырышкан.

"Манас" эпосунда бул аймак "Кырым" деп белгиленет.

1783-жылы каныша Екатерина Экинчинин тушунда Крым Орусияга каратылган.

Крымдагы Терек-эли жамы мечити. 2020-жылдын 19-ноябры.
Крымдагы Терек-эли жамы мечити. 2020-жылдын 19-ноябры.

Орусиянын курамындагы кезинде, XIX к. соңунда Крымда мусулман түрктөрдүн «усул-и жадид» – «жаңы ыкмада окутуу» кыймылы калыптанган.

1917-жылдын ноябрынан 1918-жылдын 26-январына чейин Крым Элдик Жумурияты өкүм сүрүп турган.

1919-жылы 28-апрелден 26-июнга чейин Крым Советтик Социалисттик Республикасы өкүм сүргөн.

1921-жылдын 18-октябрынан РСФСРдин курамында Крым АССРи негизделген.

Сталинизм доорунда, 1945-жылдын 30-июнунда бул автономия жоюлуп, Крым облусу болуп калган. 1954-жылы ал аймак Украинанын карамагына өткөн.

Украинанын алкагында 1991-жылдын 12-февралынан 1992-жылдын 26-февралына чейин Крым АССРи убактылуу калыбына келтирилген.

1992-жылы 26-февралда ал Украинанын курамындагы Крым Республикасы аталып калган, ал эми 1994-жылдын 21-сентябрынан тартып 2014-жылдын башына чейин Украинанын курамындагы Крым Автономиялык Республикасы болуп келген.

XS
SM
MD
LG