Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:08

Крымдагы орус көпүрөсү, Киевдин ызасы


Крымдагы көпүрө аркылуу автоунаа каттамынын ачылышы. 16-май, 2018-жыл.
Крымдагы көпүрө аркылуу автоунаа каттамынын ачылышы. 16-май, 2018-жыл.

15-майда Орусиянын президенти Владимир Путин КамАЗды айдап, Керч кысыгындагы жаңы көпүрөдөн өттү. Жоон топ оор жүк ташыган машинелер бир убакта көпүрө аркылуу өтүп, анын көтөрүмдүүлүгү текшерилди. Жаңы көпүрө Крым менен Орусиянын Краснодар крайын бириктирет жана саясий жактан Крым менен Орусиянын толук биригишине өбөлгө түзөт. Владимир Путин ачылыш аземинде сүйлөп жатып "элдин көптөн күткөн тилеги эми аткарылганын" айтты:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Ар кыл тарыхый кырдаалда, тээ падыша заманынан бери, эл "ушундай көпүрө курулса экен" деп кыялданган. Кийин да, 30-40-50-жылдары да үмүт арткан. Мына эми, силердин эмгегиңер менен, силердин талантыңар менен бул долбоор, бул керемет ишке ашты. Рахмат сиздерге!

Бул курулушка жалпы өлкө кол кабыш кылды. Бул эң чоң жыйынтык. Ал Крымды, легендарлуу Севастополду мындан да күчтүү кылып, ал эми бизди бири-бирибизге жакындатат.

Көпүрөнүн ачылышына расмий Киев нааразы экенин дагы бир сыйра белгиледи. Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман эгемендүү өлкөнүн жеринде бөтөн бир мамлекет уруксаты жок курулуш жүргүзгөнүн эске салды:

Володимир Гройсман.
Володимир Гройсман.

- Крым жарым аралын басып алган Орусиянын оккупациялык бийлиги эл аралык мыйзамдарды жана башка нормаларды дагы эле бузуп жатат. Көпүрөнүн курулушу мыйзамды жана бардык макулдашууларды бузуу менен ишке ашты. Мындан тышкары, бул көпүрө Украинанын портторуна жолду жаап, деңиз акваториясына коркунуч туудурат.

Украинанын нааразылыгын АКШ жана Европа Биримдиги да колдоорун билдирди. Крым көпүрөсүнүн узундугу 18 чакырым. Анын курулушу 2015-жылы башталган. Москва менен Киевдин мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогондон баштап бузулган. Бул жаңжалдарда 10 миңден ашуун адам курман болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG