Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Бишкек Крым маселесинде Орусияны колдоду


БУУнун баш кеңсесинин алдындагы Кыргызстандын туусу.
БУУнун баш кеңсесинин алдындагы Кыргызстандын туусу.

Кыргызстан Крымдагы адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун резолюциясына каршы добуш берди.

Кыргызстандын Крым маселесинде Орусияны колдогону Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) кабыл алынган резолюция боюнча Украина добуш берүү жыйынтыгын жарыялаган соң ачыкка чыкты.

Анда БУУнун Башкы ассамблясынын Үчүнчү комитетинде 14-ноябрда Крым жарым аралындагы адам укуктарынын сакталышы боюнча резолюцияны талкуулаган.

Бул резолюция Крымдагы активисттер менен укук коргоочулардын массалык кармалышын айыптап, адам укуктарын сактоого чакырган.
Ошондой эле Крымда кармалган украин жарандарын бошотууга үндөп, крымдыктардын орус армиясына кызмат өтөөгө чакырылышын сындаган.

Дал ушул маселе Кыргызстан Орусия, Кытай, Иран, Беларус, Казакстан баштаган 23 мамлекеттин катарынан орун алды.

Ал эми документти кабыл алууга 67 өлкө макул деп добуш берген.
Дал ушундай талылуу маселе боюнча Кыргызстандын бийлиги комментарий бере элек.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча кат жүзүндө кайрылган соң жооп берерин билдирди. Ал эми коомчулукта кыргыз бийлигинин позициясын Орусияга жан тартуу катары баалагандар жок эмес.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кыргызстан адам укуктары жана демократиялык баалуулуктарга карата мамилесин көрсөттү.

- Бул добуш берүү менен адам укуктарын колдойбуз, дүйнөлүк аренада көп векторлуу саясат жүргүзөбүз деген чакырыктар ушул сыяктуу чечимдерде көрүнөт. Ал эми Кыргызстан ушул сыяктуу маселелерде авторитардык мамлекеттерди колдоп, адам укугу, демократияны басуу боюнча аракеттерин түздөн-түз кыймылыбыз менен легалдаштырып берип жатабыз. Буга чейин деле абдан көп ушундай маселелер болчу. Бирок ал учурда өзүбүздүн демократиялык мамлекет деген имиджибизди сактоого аракет кылып, ошого добуш берген учурлар көп болгон.

Жээнбеков дал ушундай добуш берүүлөрдөн улам тышкы саясатта Кыргызстан Орусиянын жандоочуна айланды деген билдирүүлөр күчөп жатканын кошумчалады.

Ошол эл кезде эл аралык чөйрөдө Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөрүн колдогону тышкы саясаттын багытына каршы келбейт деген пикирлер айтылууда.

Крым жарым аралынын картасы

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, учурда парламентте эл аралык иштер комитетинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков ​ Кыргызстан мындай чечимге прагматикалык кызыкчылыктардан улам барды деген ойдо:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Таяктын эки учу бар. Биздин бир канча эл аралык жана аймактык уюмдарда өнөктөш болгон өлкөлөр жөнүндө кеп болуп жатат. Алар менен иштешүү керек. Кандай гана нерсе болбосун Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бериши зарыл. Таразанын ташы дал ушул багытта болсо, биздин тиешелүү органдар ойлонуп чечимге барса керек деген ойдомун.

Кыргызстан расмий түрдө Крымды Орусиянын аймагы катары тааныганын жарыялай элек. Бирок бул аймактагы адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык документке 2017-жылы каршы чыккан. Ал эми 2014-2016-жылдары Орусияны оккупант катары тааныган резолюцияны колдобой да, каршы чыкпай да, "калыс" деген добуш берген.

Саясат таануучу Эмил Жураев Кыргызстанга эл аралык чөйрөдө өз алдынча стратегия зарыл экенин айтууда. Эксперттин баамында, мындай маселелерде ойлонулбаган кадамдар өлкөнүн аброю үчүн чоң сокку болушу мүмкүн.

- Кыргызстан үчүн эл аралык чөйрөдө талылуу маселелерде атайын стратегия керек болуп турат. Мисалы, Кытайдын Шиңжаң аймагындагы окуялар боюнча талаш болуп келе жатат. Буга чейин Крым маселеси боюнча добуш бербей койгон же нейтралдуу позицияны карманган учурлары болгон. Бирок кайра-кайра эле мындай позицияда болуу Орусияга ыктап, жакын мамиледе болобуз деген Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге кыйын болот.

Чынында эле Крым боюнча добуш берүү Кыргызстан үчүн эл аралык майданда адам укуктары боюнча талаш жараткан алгачкы чечими эмес. Өткөн айдын соңунда БУУнун Башкы ассамблеясында Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоп чыккан. Анда Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду. Ошол эле кезде башка 23 мамлекет Кытайдын аракетин сынга алышкан.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Москва Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына туш болгон. Андан бери Крым маселеси Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG