Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Крым татарларын жактагандар кармалды


Активисттер Жогорку соттун алдына "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп соттолгондорду колдоп чыгышты. Москва, 11-июль, 2019-жыл.
Активисттер Жогорку соттун алдына "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп соттолгондорду колдоп чыгышты. Москва, 11-июль, 2019-жыл.

Бейшемби күнү Москвада Жогорку сот "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп соттолгон төрт крым татарынын апелляциялык арызын карап жаткан маалда имараттын сыртына чогулган 50дөн көп кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо уюмунун активисттери маалымдашты.

11-июлда Орусиянын Жогорку соту Зеври Абсеитов, Ремзи Меметов, Рустем Абильтаров жана Энвер Мамутовдун буга чейин чыккан өкүмдөрүнө каршы доо арызды карады.

Крымдагы Бахчисарай шаарында жашаган крым татарлары Орусияда террорчулар катары таанылып, тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө болгон деп кесилишкен.

Жогорку соттун чечими менен Мамутовдун жаза мөөнөтү 17 жылдан 16 жыл, тогуз айга, калганы тогуз жылдан сегиз жыл, тогуз айга кыскартылды.

Процесс өтүп жаткан маалда сот имаратынын алдына чогулган активисттер «Биздин балдар террорчу эмес», «Крымдагы репрессияларды токтоткула» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, полиция чогулгандардын арасынан 50дөн ашуун кишини кармап кетти.

Жогоруда сөз болгон төрт крым татары 2016-жылдын май айында Бахчисарай шаарында кармалып, былтыр декабрда Түндүк-Кавказ аскердик аймактык соту тарабынан соттолгон.

Крым татарларынын Кызыл Аянттагы акциясы. Москва, 10-июль 2019
Крым татарларынын Кызыл Аянттагы акциясы. Москва, 10-июль 2019

Шаршемби, 10-июлда Москвадагы Кызыл Аянтта крым татарларын куугунтуктоого каршы акция уюштурулган.

Анда да жети активистти кармап кетишкен. Калгандары аянттан кетүүгө үлгүргөн. 20 чакты киши жарым аралда террорчулукка катышы бар деген шылтоо менен крым татарлары кармалып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан. Катышуучулардын бири алар Крымдан атайын Москвага келишкенин айтып берди.

2014-жылкы Крым аннексиясынан кийин "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шек саналган кишилер, негизинен крым татарлары куугунтукка туш болуп келатышат.

Орусияда ал уюм террордук деп таанылып, ишмердигине тыюу салынган. Укук коргоочулар "хизбутчу" деген айып менен жарым аралда 60тан ашуун киши эркинен ажыратылганын айтышууда.

«Мемориал» укук коргоо уюмунун борбору куугунтук артында саясат жатканын айтып келет. 2014-жылы Орусия жарым аралды ээлеп алганда крым татарлары каршы чыгышкан.

Батыш өкмөттөрү крым татарларына каршы репрессиялык кампанияны айыпташууда.

29-апрелде БУУнун Дин эркиндиктери боюнча комиссиясы “Орусия оккупациялап алган Крымда орус бийликтери мусулман крым татарларын уурдап, кыйнап, түрмөгө салууну улантышууда" деп жазган.

Украинада "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердигине тыюу салынган эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG