Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Орусия: «Хизб ут-Тахрир» уюмуна байланыштуу Крым татарлары соттолду


Симферополдогу «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча өтүп жаткан Теймур Абдуллаев, Узеир Абдуллаев, Рустем Исмаилов, Айдер Салединов, Эмил Джемаденов.
Симферополдогу «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча өтүп жаткан Теймур Абдуллаев, Узеир Абдуллаев, Рустем Исмаилов, Айдер Салединов, Эмил Джемаденов.

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын аскердик соту «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун белдүү мүчөсү деп саналган беш Крым татарын эркинен ажыратты.

Алардын бири Теймур Абдуллаевге Симферополдо аталган уюмдун бөлүмүн түзгөн деген айып коюлуп, 17 жылга кесилди. Калгандары 12ден 13 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Крым татарлары өздөрүнө коюлган айыпты четке кагышты. Алардын адвокаттары доо арыз менен соттун жогорку инстанциясына кайрылууну көздөп жатышат.

Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Орусияда тыюу салынган уюмга мүчө болгон деген негизде 70тей киши кармалган. «Мемориал» укук коргоо уюму 2014-жылы крым татарлары Орусияга кошулууга каршы чыкканы үчүн Москва аларды куугунтуктап жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG