Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Зеленский: Орусияга басымды уланткыла


Владимир Зеленский Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен жолугаар алдында, 18-июнь 2019-жыл.
Владимир Зеленский Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен жолугаар алдында, 18-июнь 2019-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский Париж менен Берлиндеги сапарында Орусияга каршы экономикалык басымды улантууга чакырды. Жакында президент Владимир Путин Орусия Зеленскийдин бийлиги менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Владимир Зеленский июнь айынын башындагы Брюсселдеги сапарынан көп өтпөй Франция менен Германияга барып кайтты.

Ал 17-июнда француз президенти Эммануэл Макрон менен Парижде сүйлөшсө, 18-июнда немис канцлери Ангела Меркел менен Берлинде кездешти.

Бир ай мурда президенттик кызматка киришкен Зеленский Макрон менен жолугушуусунда "Москва мыйзам үстөмдүгүн таанымайынча, Европа өзүн коопсуз сезбей турганын" айтып, Орусияга каршы санкцияларды улантуу керек экенин белгиледи.

"Аскердик жол менен Украинада тынчтык орнобой турганын түшүнүп турам. Анын кесепети оор болот. Миңдеген адамдын өмүрү кыйылат. Дипломатиялык жана санкциялык кысым - жападан жалгыз жол. Мен бул жолду улантууга чакырам", - деди украин президенти.

Француз президенти Эммануэл Макрон (солдо) менен украин президенти Владимир Зеленский, Париж, 17-июнь 2019-жыл.
Француз президенти Эммануэл Макрон (солдо) менен украин президенти Владимир Зеленский, Париж, 17-июнь 2019-жыл.

Ошондой эле Зеленский Москвадан былтыр ноябрь айында Керч кысыгында болгон жаңжал маалында кармалган украиналык аскерлерди бошотууну, эл аралык трибуналдын бул багыттагы чечимин аткарууну талап кылды.

Былтыр 25-ноябрда Керч кысыгында орус-украин деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус күчтөрү Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Москва аларды "чек арадан мыйзамсыз өттү" деп айыптап жатат.

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Киев менен Москванын мамилеси чыңалып турат. Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда куралдуу кармаштардан соңку беш жыл ичинде 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Евробиримдик Крым маселеси жана Украинадагы жаңжалга байланыштуу Орусияга санкция салган.

Шейшембиде украин президенти менен жолуккан немис канцлери Ангела Меркел бул экономикалык чаралар улана берерин айтты:

"Биз Крымга байланыштуу жылыш болмоюнча, санкциялар алынбай турганына макул болдук. Алар Крым Украинага кайтарылганда гана алынат", - деди Меркел.

Владимир Зеленский менен Ангела Меркел, Берлин, 18-июнь 2019-жыл.
Владимир Зеленский менен Ангела Меркел, Берлин, 18-июнь 2019-жыл.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун бийликтеги беш жылы Орусияга каршы курч риторика менен коштолгону белгилүү. Анын президенттиги тушунда Киев Батыш менен жакындашып, Евробиримдик менен визасыз каттам тууралуу келишимге жетишти; Украинанын православ чиркөөсү толугу менен Москвадан бөлүндү; расмий Киев Европа Биримдиги менен НАТОго алган багытын атайын мыйзам менен бекитти.

Апрель айындагы президенттик шайлоонун экинчи турун 73 пайыздык көрсөткүч менен жеңип чыккан Зеленский кызматка киришкенден кийин да Киевдин Орусияны сындаган билдирүүлөрү улантууда.

Орус президенти Владимир Путин 7-июнда Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда Зеленскийдин позициясы тууралуу пикирин айткан.

"Алигиче тиешелүү риториканы улантып, бизди душман жана агрессор деп атап жатат. Ал эмнени көздөп жатканын, кайсы ишти кылгысы келерин так аныкташы керек. Биз байланыштан баш тартпайбыз, аны менен иштешебиз", - деп билдирген Путин.

Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Кантсе да, Москвадагы "Левада-борборунун" соңку сурамжылоосу Орусияда Украинаны "душман мамлекет" деп эсептеген жарандардын саны азайганын көрсөттү.

Май айында жүргүзүлүп, жыйынтыгы 14-июнда жарыяланган сурамжылоого ылайык, Украинага карата терс көз караштагы орусиялыктардын саны былтыркыдан 9 пайызга азайып, быйыл 40 пайызды түздү.

"Левада-борборунун" директору Лев Гудков айрым орусиялыктар Украинанын жаңы лидери Владимир Зеленскийдин президенттик мөөнөтүндө Киев менен Москванын мамилеси жакшырат деп үмүт артып турганын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG