Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Украинанын Евробиримдикке жана НАТОго багыт алганы мыйзамда бекиди


Украинанын бийлик башчылары жаңы кол коюлган мыйзамды көрсөтүп жатышат, 19-февраль, 2019-жыл.
Украинанын бийлик башчылары жаңы кол коюлган мыйзамды көрсөтүп жатышат, 19-февраль, 2019-жыл.

Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөнүн Европа Биримдиги менен НАТОнун мүчөлүгүнө өтүүгө багыт алганын Баш мыйзамда бекитүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Президет Порошенко Украинаны "НАТОго мүчөлүккө кабыл албайт" деп айткандарга жооп берип, “Достор, [Украинаны] кабыл алышат” деди.

Порошенко “Евробиримдикке жана Түндүк-Атлантикалык альянска кирүү эч бир өлкө үчүн Украинадагыдай кымбат болгон эмес”, – деп белгиледи.

Украин лидери Еврошаркетке кирүүгө арыз берүүнү жана 2023-жылдан кечикпей НАТОго мүчөлүккө өтүүнүн иш-планын алууну “өзүнүн стратегиялык миссиясы” деп жарыялады.

Украин Конституциясына "Мамлекеттин стратегиялык багыты НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу" деген жобо киргизилди. Аны 7-февралда украин парламентинин депутаттары көпчүлүк добуш менен колдошту.

30-мартта өтө турган президенттик шайлоого талапкер Порошенко 2024-жылы Киев Евробиримдикке жана НАТО мүчө болууга арыз менен кайрыларын убада кылган.

XS
SM
MD
LG