Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Украина НАТО жана Евробиримдикке мүчө болуу стратегиясын Конституцияга киргизди


Добуш берүүнүн алдында президент Петро Порошенко сунушту колдоп берүүнү өтүнүп, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.
Добуш берүүнүн алдында президент Петро Порошенко сунушту колдоп берүүнү өтүнүп, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.

Украина Конституциясына "Мамлекеттин стратегиялык багыты НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу" деген жобо киргизилди.

7-февралда украин парламентинин депутаттары Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү көпчүлүк добуш менен колдошту. Бир күн мурда Жогорку Радага тиешелүү өзгөртүүлөрдү колдогон бир жарым миллиондой адамдын колу коюлган документтер тапшырылган. Добуш берүүнүн алдында президент Петро Порошенко өз сунушун колдоп берүүнү өтүнүп, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.

30-мартта өтө турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан Порошенко 2024-жылы Киев Евробиримдикке жана НАТО мүчө болууга арыз менен кайрыларын убада кылган. Соңку сурамжылоолорго караганда украиналыктардын көбү өлкөнүн Евробиримдик менен НАТОго кошулушун колдошот. Буга Орусияга ыктаган Донбасс облусундагылар гана каршы чыгып келишет.

XS
SM
MD
LG