Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Украинадагы шайлоо июлда өтөт


Жогорку Рада
Жогорку Рада

Украинада президент Владимир Зеленский парламентти таркатуу жана эрте шайлоону 21-июлда өткөрүү тууралуу буйрукка кол койду.

21-майда кызматына жаңы киришкен президент Жогорку Раданы таркатуу планын парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен талкуулаган.

Владимир Зеленский мыйзам чыгаруучу органды таркатуу чечимин 2016-жылдан бери Жогорку Радада башкаруучу коалициянын жоктугу менен түшүндүрдү.

«Бул институтка элдин ишеними өтө төмөн – 4 процент гана болгондуктан парламентти таратып жиберүүнү чечтим. Бул – парламенттин ишине берилген баа жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуунун эң негизги жүйөсү».

Зеленский «Конституциянын гаранты» катары Украина жарандарынын укуктарын коргоого тийиш деди.

Башкаруудагы Европалык Украина коалициясы 2014-жылдын ноябрында түзүлгөн. Ага ошол кездеги президент Петро Порошенконун Блогу, "Элдик фронт", "Самопомощь", "Батьковщина" жана Радикалдык партия киришкен. Акыркы үч партия 2015-2016-жылдары коалициядан чыгып кетишкен. Өткөн аптада "Элдик фронт" чыккандан кийин төрага Андрей Парубий коалиция ыдыраганын жарыялаган.

Конституция боюнча шайлоо президент парламентти таркатуу тууралуу буйрукка кол койгондон кийин эки айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

Жогорку Раданы таркатуу чечими тууралуу Украинанын 6-президенти 20-майда ант берүүдөн кийинки сөзүндө жарыялаган.

Жогорку Раданы ыйгарым мөөнөтүнүн акыркы жарым жылында таркатууга мыйзам жол бербейт. Андыктан жаңы президенттин командасы үчүн ант берүүнү 27-майга чейин өткөрүүнү үлгүрүп калуу маанилүү болчу. Парламенттик шайлоо 27-октябрда өтүшү керек эле.

Эксперттердин пикиринде, Зеленский Жогорку Раданы таркатуу менен эл арасындагы азыркы популярдуулугунан пайдаланып партиялаштарынын ири парламенттик фракция түзүүсүнө жол ачууну көздөйт.

Президенттин «Эл кызматчысы» деген партиясы Киевдеги эл аралык социология институту апрелде жүргүзгөн сурамжылоого караганда, кезексиз шайлоодо биринчи орунду алышы толук ыктымал. Жогорку Радада мындай абалда жаңы президенттин мыйзам чыгаруу органын таркатуу укугу жок деп эсептешет.

Володимир Гройсман
Володимир Гройсман

Зеленскийдин инаугурациясы болгон күнү эле премьер-министр Володимир Гройсман кызматынан кетерин, парламенттик шайлоого катышарын билдирди.

«Мен президентке жана парламентке жаңы күн тартибин аныктоону, тезирээк Украинанын кызыкчылыгында чечимдерди кабыл алууга киришели деп сунуш кылгам. Бирок президент башка жолду тандап алды».

Мамлекет башчы катары сүйлөгөн биринчи сөзүндө Зеленский ошондой эле Донбасс менен Крымды Украинанын аймактары деп атап, өлкө чыгышындагы ок атышууга чекит коюуга артыкчылык берилерин айткан.

Президент өз сүрөттөрүн иш кеңселерине илүүгө каршы экенин да белгилей кетти.

«Президент – бул икона, сыйынуучу ыйык бир бут, портрет эмес. Андан көрө балдарыңардын сүрөттөрүн илип коюп, маанилүү чечим кабыл алардын алдында ошолордун көздөрүн карагыла», - деди Зеленский.

Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Петро Порошенкону ишенимдүү жеңген.

Эл аралык байкоочулар добуш берүү демократиялык стандарттарга ылайык жүргөнүн белгилешкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG