Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Зеленский парламентти таркатмай болду


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинада жаңы президент ант берип, ишке расмий киришти. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский инаугурациялык сөзүндө Донбасста орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан урушту токтотууга артыкчылык берилерин айтты.

Жогорку Раданын залында өткөн салтанатка Латвиянын, Литванын, Эстониянын, Грузиянын жана Венгриянын президенттери, бир катар башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү, АКШнын энергетика министри катышты.

Салт боюнча инаугурацияга Украинанын мурдагы мамлекет башчылары чакырылган. Мамлекеттик чыккынчылык үчүн 13 жылга сыртынан соттолгон Виктор Януковичтен тышкары экс-президенттердин бардыгы аземге келишти.

Мурдагы президент Петр Порошенко
Мурдагы президент Петр Порошенко

Ант бергенден кийин Владимир Зеленскийге президенттин символдору тапшырылды.

Мамлекет башчы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө Зеленский ар бир адам өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошо аларын айтып, украин элин биримдикке чакырды:

«​Дүйнө чемпионатындагы Исландиянын командасын эстесеңер. Курамында тиш догдур, тазалагыч бар болчу. Биз футболдогу исландиялыктардай, коргонуу жагынан израилдиктердей болушубуз керек. Донбасстагы согушту токтотуу биринчи максатыбыз болууга тийиш».

Зеленский Донбасс менен Крымды Украинанын аймактары деп атап, өлкө чыгышындагы ок атышууга чекит коюу үчүн өз кызматын садага чабууга даяр экенин айтты.

«Тарых адилетсиз. Бул согушту биз баштаган эмеспиз, бирок биз токтотушубуз керек. Биз диалогго даярбыз. Сүйлөшүү баштоо үчүн адегенде бардык украиналык туткундар кайтарылууга тийиш».

"Президент – бул икона эмес" деген Зеленский өз сүрөттөрүн иш кеңселерине илүүгө каршы экенин да кошумчалады.

«Андан көрө балдарыңардын сүрөттөрүн илип коюп, маанилүү чечим кабыл алаардын алдында ошолордун көздөрүн карагыла», -деди украин лидери.

Жаңы президент шайланганда өкмөт отставкага кетет деген мыйзам жок болгону менен Зеленский министрлерди кызматтарын бошотууга чакырды. Зеленский депутаттар Украинанын башкы прокурору, коргоо министри жана коопсуздук кызматынын башчысы сыяктуу бир катар жогорку кызматтагы адамдарды иштен кетирип, эки айдын ичинде шайлоого байланыштуу бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алышы керек экенин белгиледи.

«Колубуздан келбейт деп отурган биздин өкмөттү түшүнбөйм. Бул калп – жасай аласыңар. Кагаз, калем алып, ордуңарды келечек шайлоону эмес, келечек муундарды ойлогон адамдарга бошотуп бере аласыңар».

Инаугурациядагы сөзүнүн аягында Зеленский парламентти таркатып жатканын жарыялады. Анын бул билдирүүсүн парламент имараты жанына чогулган эл кубаттап кабыл алды.

Президент тиешелүү буйрукка 20-майда кол койсо, анда мыйзам боюнча эрте шайлоо 14-июлда өтүүгө тийиш. Кезектеги добуш берүү октябрга белгиленген.

Жогорку Раданы ыйгарым мөөнөтүнүн акыркы жарым жылында таркатууга мыйзам жол бербейт. Андыктан жаңы президенттин командасы үчүн ант берүүнү 27-майга чейин өткөрүүгө үлгүрүп калуу маанилүү болчу.

Эксперттердин пикиринде, Зеленский Жогорку Раданы таркатуу менен эл арасындагы азыркы популярдуулугунан пайдаланып партиялаштарынын ири парламенттик фракция түзүүсүнө жол ачууну көздөйт.

Экзит-полл: Зеленский Порошенкону утту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Президенттин «Эл кызматчысы» деген партиясы Киевдеги эл аралык социология институту апрелде жүргүзгөн сурамжылоого караганда, кезексиз шайлоодо биринчи орунду алышы толук ыктымал.

Өткөн жума күнү “Улуттук фронт” партиясы парламентти коалициядан чыкканын жарыялаган. Жаңы коалиция түзүү үчүн парламентте 30 күн бар. Жогорку Радада мындай абалда жаңы президенттин мыйзам чыгаруу органын таркатуу укугу жок деп эсептешет.

Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Петро Порошенкону ишенимдүү жеңген. Эл аралык байкоочулар добуш берүү демократиялык стандарттарга ылайык жүргөнүн белгилешкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG