Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

«Зеленский кызматта кыйналат»


Украин президенттигине талапкер Владимир Зеленский. 21-апрель, 2019-жыл.
Украин президенттигине талапкер Владимир Зеленский. 21-апрель, 2019-жыл.

Калктын жарымынан көбүнүн колдоосуна татыган Зеленский кандай президент болот?

Буга чейин саясатка такыр аралашпаган, чыгармачыл чөйрөдөн келген актер жана куудул Владимир Зеленский Украинанын президенттик шайлоосунун экинчи айлампасында алдыга чыкты.

41 жаштагы Зеленскийдин эл арасындагы атактуулугу «Слуга народа» же «Эл кызматчысы» сериалында ойногон ролунан кийин акыркы жылдары кыйла жогорулаган. Сериалда анын каарманы орто мектептин мугалиминен президенттикке чейин көтөрүлүп, эл сүймөнчүгүнө айланган мамлекет башчы болот.

Былтыр жыл аягында Зеленский кинодо эмес, чыныгы жашоодо президенттикке ат салышарын жарыялаган. Бирок анда элдин көбү бул жарыяны олуттуу кабыл албаганы менен үч ай өтпөй эле сурамжылоолор ал алдыда экенин көрсөтө башташкан. Журналист Константин Скоркин шайлоо кампаниясында ал өзүн күчтүү оюнчу катары көрсөтө алганын айтты:

«Менимче ал утууга даяр болчу. Ал абдан күчтүү оюнчу болду. Жалпы эле шайлоо өнөктүгү анын сценарийи менен өттү. Анын атаандашы негизинен жооп катары эле бир аракеттерди жасап жатты. Бирок эми азыр эйфория бүтөт. Эми президенттин иш күндөрү башталат. Эми ал украиналыктарга берген убадаларын аткарууга киришиши керек. Эми ал элдин ага болгон сүйүүсүн жоготуп албоо менен бирге кандайдыр бир реформаларды жүргүзүүгө туура келет. Анткени бардык эле реформалары элге жага бербеши мүмкүн жана рейтинги түшө башташы мүмкүн. Мына ушундайда баарын тең алып кетүү оор. Анткени «жоопкерчиликсиз, популист президент» деген атка конуу жаман нерсе».

​Саясий талдоочулардын дээрлик баары Украинадагы шайлоо таза жана калыс өткөнүн, жыйынтыктарды бурмалоого жол берилбегенин айтып жатышат. Алар билдиргендей, муну шайлоо алдында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары менен экзит-поллдун жыйынтыктарынын дээрлик бирдей чыгышы айгинелейт. Саясат талдоочу Дмитрий Орешкин шайлоонун экинчи айлампасында алдыга чыккан Зеленскийге кыйла оор болот деп эсептей турганын айтты:

«Жаңы президентке абдан оор болот, анткени бир жылдан кийин эле аны колдогон калктын төрттөн үч бөлүгүнүн көңүлү кала башташы мүмкүн. Анткени эл андан дароо эле баарын күтөт. Ал буга чейин саясатчы болбогонуна, башка чөйрөдөн келгенине байланыштуу андан баарын дароо оңдоп жиберишин күтүшөт. Бирок андай болбойт. Абдан кооптуу жана олуттуу тышкы саясат, күч түзүмдөрү, акчалуулар жана башка көптөгөн жагдайлар Зеленскийге өзү убада бергендей «жакшынакай» президент болууга мүмкүнчүлүк беришпейт. Ал эч кимдин көңүлүн калтырбай тургандыгын айтпадыбы, андай мүмкүн эмес. Кимдир-бирөөнүн көңүлүн калтырмайын эч нерсе кыла албайсың».

Орешкиндин пикирине Львов шаарынын мэри Андрей Садовой да кошулат. Анын айтымында, миллиондогон адамдардын тагдырына жоопкерчилик алуу оңой эмес.

«Шайлоого чейин жана шайлоодон кийин адам башка болушу мүмкүн. Баарынан да кесипкөй эместигинен корком. Анткени мамлекетти башкаруу абдан жоопкерчиликтүү процесс. Миллиондогон адамдын, мамлекеттин тагдырына жооптуу болуш керек. Мен ага ийгилик каалайм жана Петро Порошенко да ага жардам беришин каалайм. Анткени азыр бизге элибиздин жеңиши керек. Куру дымакты азыр кое туруш керек деп эсептейм», - деди ал.

Петро Порошенко экзит-поллдордун алгачкы жыйынтыктары чыккан соң бул чечимди кабыл алганын билдирип, Зеленскийге жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Экзит-поллдордун жыйынтыгына ылайык шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 72% жыйнаган Владимир Зеленский мектептин жогорку класстарында окуп жүргөндө эле маданий иш-чаралардын баарына катышып, жергиликтүү КВН командаларында ойноп келген.

Украин президенти Петро Порошенко. 21-апрель, 2019-жыл.
Украин президенти Петро Порошенко. 21-апрель, 2019-жыл.

Чыгармачылыгын университетте да уланткан. Ал Киевдеги Улуттук экономика университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-жылы достору менен бирге «95-квартал» деген студия жана ушундай эле аталыштагы КВН команда түзүшкөн. Аталган команданын курамында алар КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына чейин жетишкен. Зеленский Орусияда бир катар телешоуларды да алып барган.

Атасы Александр Зеленский техника илимдеринин доктору, профессор. Бир топ жыл Киевдеги Улуттук экономика университетинде информатика кафедрасын жетектеген. Апасы Римма Зеленская 40 жылдай инженер болуп эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда.

Атасынын ишине байланыштуу Владимирдин балалыгы Монголиянын Эрденет шаарында өткөн. Ал мектептин биринчи классын аяктаганда гана үй-бүлөсү менен Украинага көчүп барышкан. Зеленский үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Жубайы Елена менен бир мектепте окуган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG