Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Петро Порошенко: Мен саясаттан кетпейм


Порошенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча атаандашы Владимир Зеленскийди куттуктай турганын да айтты. 21-апрель, 2019-жыл.
Порошенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча атаандашы Владимир Зеленскийди куттуктай турганын да айтты. 21-апрель, 2019-жыл.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо утулганы маалым болгон Украинанын азыркы мамлекет башчысы Петро Порошенко саясатта кала турганын билдирди.

Ал добушканалар жабылгандан кийинки басма сөз жыйынын Уинстон Черчиллдин «Эч качан багынба!» деген сөзү менен баштады.

Порошенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча атаандашы Владимир Зеленскийди куттуктай турганын да айтты.

«Мен саясатта калам жана Украина үчүн күрөшөм», - деген президент өлкөнүн «тилекке каршы, азыр коркунучка кептелген» евроатлантикалык багытын коргоо үчүн күрөшө турганын да белгиледи.

«Жаңы президентте өтө күчтүү оппозиция болот. Бирок биз жаңы президентке Украинанын улуттук кызыкчылыгын коргогон бардык маселеде жөлөк болууга даярбыз», - деп кошумчалаган Порошенко шайлоо таза өткөнүн да айта кетти.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага азыркы президент Петро Порошенко менен актер жана куудул Владимир Зеленский катышты.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды.

Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын-ала жыйынтыгы.

Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады.

Ал эми шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыктары жакынкы сааттарда маалым боло баштайт.

XS
SM
MD
LG