Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Эл аралык трибунал Орусияны украин кемелерин бошотууга милдеттендирди


Керч кысыгы.
Керч кысыгы.

Деңиз укугу боюнча эл аралык трибунал Орусияны украиналык эки аскердик кеме менен көмөкчү кемени жана 24 морякты тез арада бошотуп, кое берүүгө милдеттендирди.

Германиянын Гамбург шаарында 25-майда өткөн жыйында эл аралык трибунал өз чечимин жарыялап, Украинанын талаптарын канааттандырды.

Орусия бул жыйынга катышуудан баш тартып койгон.

2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан кемелерди жана деңиз аскерлерин камакка алган.

Бириккен Улуттар Уюму бул украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Евробиримдик Керч жаңжалына аралашкан орусиялык сегиз аскер кызматкерине санкция салган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «украиндер убактылуу жабык аймакка кирип, Орусиянын чек арасын бузушкан» деп билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG