Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Кытай Кыргызстандын карызын кечеби?


Кыргызстан менен Кытайдын желектери.
Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Кыргызстанда сунушталган "Ханституциянын" таржымалы. Кытай Кыргызстандын карызын кечеби? Европа Биримдиги Борбор Азиядагы адам укугуна көңүл бурбай калды.

Январда өтө турган президенттик шайлоодо Кыргызстандын башына ким келбесин бюджеттин өзүнөн жана сырткы каражаттардан Кытайга болгон тышкы карызды төлөө үчүн каражат издөөгө мажбур болот. Бул тууралуу талдоочу журналист Крис Риклтон "Eurasinet" басылмасына жазды.

"Кыргызстандын тышкы карызы 4,8 миллиард доллар болсо, анын 1,8 миллиарды Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет. Азырынча төлөө мөөнөтүн узартып берген боорукер кредиторлор тизмесине кире элек.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри менен карыз маселесин сүйлөшкөнү менен натыйжа чыга элек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги да карызды төлөө мөөнөтүн узартууну бир нече ирет суранган.

Бирок Бээжин азырынча үн ката элек. 14-ноябрда алдыдагы шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматты тапшырып, премьер-министрлик милдетти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров элден акча чогултуп, Кытайга карыздан кутулууну сунуштаган алгачкы же акыркы саясатчы эмес.

Октябрда мындай сунуш менен Жээнбековдун тарапташтары да чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева "Аялдар кеңеши" уюму акча чогултууну баштаганын, карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачыла турганын айтып чыккан.

Эки сунушту тең мамлекеттеги тамырлашып кеткен коррупциядан чарчаган коомчулук суз кабыл алды. 2020-жылга чейин Кыргызстан тышкы карызды төлөө маселесин сүйлөшүү жолу менен чечип келген. Бирок коронавирус пандемиясы Кытай менен чекене соодага терс таасир этип, өлкө экономикасын ылдыйлатты. Ал тургай Садыр Жапаров да айлыкты көтөрүүнү убада кылбай, сомдун куну барган сайын төмөндөп бара жатат. Садыр Жапаров Нарында милицияга батир тапшыруу аземинде айлыкка байланыштуу "дагы бир жыл чыдагыла", - деген гана билдирүү айтты.

Июнь айында кыргыз өкмөтү жалпы суммасы 11 миллион доллар болгон Кыргызстандын карызын тейлөөнү токтото туруу боюнча Париж клубу менен келишимге кол койгон. Мындай келишимге буга чейин Кыргызстанга 300 миллион доллар өлчөмүндө карыз берген Дания, Франция, Германия жана Түштүк Корея өкмөтү макул болду. Ал эми Кытай карызды төлөөнү жеңилдетүү жагынан анчалык ийкемдүү саясат жүргүзбөгөнүнө башка өлкөлөр мисал боло алат", - деп баяндайт басылма.

Кыргызстанда сунушталган "Ханституциянын" таржымалы

"The Diplomat" журналына талдоочу Кэтрин Пуздун "Кыргызстанда сунушталган "Ханституциянын" ичинде эмне бар?" деген аталыштагы макаласы жарыяланды.

Автор алгач өлкөдөгү акыркы саясий өзгөрүүлөргө, Садыр Жапаровдун шайлоого катышуу үчүн кызматтарын тапшырып бергени, анын артынан удаа эле Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы долбоору сунушталганын, бирок коомчулукта жаңы долбоорго карата кайчы пикирлер келип чыкканын баяндайт.

"Социалдык медиада Конституциянын жаңы долбоорун бийликтин эки чылбыр, бир тизгинин президентке өткөрүп берчү "Ханституция" деп атап чыгышты. Кайчы пикирлер долбоордун мазмуну жана аны сунуштоо жараянына байланыштуу андан ары өөрчүдү. Маселен, долбоорду демилгелеген топтун тизмесинде турган депутат Эмил Токтошев "Азаттык" радиосуна "Мен алгач долбоор коомчулукта, эксперттер арасында талкууланат деп ойлогом, анын текстин көргөн эмесмин", - деп айтып чыкты.

Жаңы долбоордогу Элдик Курултай, аткаруу бийлигинин толугу менен президентке берилиши, Парламенттеги депутаттардын саны 120дан 90го азайтуу каралган", - деген Кэтрин Пуз мурдагы депутат Садык Шер-Нияздын реакциясын да мисал келтирген. Баш мыйзамдын долбоорундагы "Кыргызстан элинин баалуулуктары, салт-санаасына каршы келген оюн-зоок, иш-чараларга тыюу салынат" деген беренесин талдаган.

"5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Жогорку Кеңештеги көпчүлүк орундарды бийликчил партия алып койду деп жапырт демонстрацияга чыккан. Бийликке болгон нааразылык пандемияда таш-талканы чыккан саламаттык сактоо системасы, жумушсуздук, коррупциянын айынан күчөп, бийлик кулаган. Бирок азыр Кыргызстанда бийликти бир колго топтоого багытталган катаал чечимдер чыгып жатат. Парламент Баш мыйзамдын долбоорун мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун каалоосу менен сунуштап, эгер ал кабыл алынса, өлкөдө хандыкка окшош президенттик режим орногону турат. Жапаров январдагы шайлоодо жеңип чыгарына үмүт артат. Президенттик бул өлкөдө колдогу граната сыяктуу буга чейинки жетекчилер президенттик мөөнөттү аягына чыгарбай качканы менен бул кызматка отурууну каалагандар арбын. Кызыгы "Кыргыз президенттеринин бийлиги кантип бүткөнүн билбейби?" - деген суроо туулат. Алар эгемендик тарыхында улам бири куулуп, камалып, кызматтан чегинип келишкенин талапкерлер унутуп калгандай", - деген оюн жазган.

Еврошаркет Борбор Азиядагы адам укугун унутту

Адам укугун коргогон уюмдар Европа Биримдиги Борбор Азиядагы адам укугуна байланыштуу көйгөйлөргө көз жуумп жатканын эскертүүдө.

Бул тууралуу "Emerging Europe" басылмасы жазып чыкты.

"Еврошаркет Борбор Азиянын бийлигине адам укуктарына байланыштуу кырдаалды эскертип турушу керек, айрыкча Кыргызстандагы саясий башаламандык, пандемиядан келип чыккан кыйынчылыктар аймактагы мыйзамдуулук менен адам укуктарына доо кетирип жатат", - деген билдирүүнү Human Rights Watch уюму Евршаркеттин башкы дипломаты Жозеф Боррелл Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен 16-ноябрда сүйлөшкөндөн кийин жасады.

Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон "Орто Азия өлкөлөрү быйылкы кризисте адам укуктарын урматтоо аркылуу өлкөнү натыйжалуу башкаруу жолдорун табыш керек эле. Еврошаркет аймактагы адам укугуна байланыштуу реформаларды ишке ашырууну ар тараптан колдошу зарыл", - деп билдирди.

2019-жылы Еврошаркет кабыл алган Борбор Азия боюнча жаңы стратегияга ылайык аткарыла турган иштер чөлкөмдөгү адам укугу стандарттарын жакшыртууга багытталмак. Демократия жана мыйзамдуулукту сактоо менен коомдук институттар жана атуулдар ортосунда ишенимдүү мамилени түзүүчү стратегия эле.

"Пандемия башталгандан бери Европа биримдиги Борбор Азияга 134 миллион евролук жардам көрсөттү" деген басылма Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан саясий кризис адам укугун кооптуу абалга кептегенин баса белгилеген. Июль айында абакта көз жумган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырын да мисал келтирген.

"Казакстанда президент Касым Жомарт Токаев реформаларды убада кылганы менен олуттуу өзгөрүү байкалбайт. Тынчтык митингине чыккандарга күч колдонуу уланууда. Журналисттерге кол салуулар болуп жатат. Коомдук активист Макс Бокаев адилетсиз соттолду.

Казак мыйзамдары үй-бүлөдөгү зомбулукту кылмышка кошпой, зордукчуну коргоп жатат.

Өзбекстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу аз да болсо алдыга жылуу байкалды, анткен менен идеалдуу абалга жетүү үчүн бир топ тоскоолдуктар бар", - деп жазган басылма коронавирустун бар экенин четке кагып келаткан Түркмөнстан менен Тажикстандагы абалга да кайрылган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG